Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-августу № 385
Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөр жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөр тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 11-августундагы № 64 (3513) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |