Загрузка документа…
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 385 токтомуна ылайык) |
Бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджетти аткаруу процессинде алынган кошумча кирешелерди жана чыгымдарды үнөмдөө суммаларын пайдалануу тартиби боюнча методикалык көрсөтмөлөр
1. Жалпы жоболор
Бул методикалык көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексине ылайык иштелип чыкты.
Жергиликтүү бюджеттерде белгилүү бир бюджеттик мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттин бекитилген кирешелери менен чыгымдарынан тышкары, бюджеттик жыл ичинде колдонула турган бюджеттик каражаттар бар.
Мындай каражаттардын булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилген Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча бөлүштүрүлүүчү жергиликтүү бюджеттерди аткарууда кошумча алынган кирешелер;
- жыл аягында түзүлгөн кирешелердин чыгымдардан ашкан суммалары;
- бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгили үчүн киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун эсебинен түшкөн суммалар (пландан ашыкча түшүүлөр);
- жылдык отчеттор боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттардын калдыктарын эсепке алуудан эсептөөлөрдөн алынган суммалар;
- жылдык отчеттор боюнча дебитордук карыздарды эсепке алуудан алынган суммалар;
- тиешелүү жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөөдөн түшкөн суммалар;
- белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын тиешелүү органдар тарабынан текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын бекитилген сметасы боюнча ашыкча жана мыйзамсыз ассигнованиелердин суммалары.
Ушул методикалык көрсөтмөлөрдүн негизги максаттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттерде бюджеттик каражаттарды пайдаланууну тартипке келтирүү;
2) Кыргыз Республикасынын бюджеттик мекемелеринде бухгалтердик жана финансылык отчеттуулук системасын өркүндөтүү.
Методикалык көрсөтмөлөр бюджеттик жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттердин бюджеттик каражаттарын пайдаланууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн сунуштама мүнөзүнө ээ.
2. Жергиликтүү бюджеттерди аткарууда жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери боюнча бөлүштүрүлүүчү кошумча алынган кирешелерди пайдалануу тартиби
Жыл сайын тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы менен тиешелүү бюджеттерге жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерүүлөрдүн ченемдери бекитилет жана кирешенин ар бир түрү боюнча чегерүүлөрдүн бекитилген ченемдерине ылайык тиешелүү бюджеттерге жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашыкча түшүүлөрүнүн суммасынан ченемдер белгиленет.
Эгерде бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгили үчүн план төмөнкүлөрдүн эсебинен ашыра аткарылса, пландан ашыкча түшүүлөр деп эсептелбейт:
- мурдагы жылдардын жыйынтыгы боюнча түшүүлөрдөн, ошондой эле киреше салыгы жана пайда салыгы боюнча өткөн жыл үчүн берилген декларациялар боюнча кошумча эсептөө жагына кайра эсептөөлөрдөн түшүүлөрдөн;
- белгилүү бир себептерден улам бюджетти түзүүдө пландалбаган ишканалар боюнча түшүүлөрдөн.
Бюджеттик жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары бекитилген ченемдер боюнча келип түшкөн жалпы мамлекеттик салыктардын контингентинен (келип түшкөн жалпы мамлекеттик кирешелердин жалпы көлөмү) каражаттарды жергиликтүү бюджеттерге чегеришет.
Тиешелүү бюджеттик жылдын биринчи жана экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыктары боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын финансы-экономикалык бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыктары жана салык органдары менен бирдикте (республикалык бюджет жөнүндө ар жылдык мыйзамда көрсөтүлгөн жалпы мамлекеттик салыктардын ар бир түрү боюнча түшүүлөрдүн контингенти ашыра аткарылган шартта 1-жарым жылдык үчүн жана жылдык отчеттор тапшырылгандан кийин) жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгүнүн аткарылышына, ошондой эле жалпы мамлекеттик кирешелерден пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу суммаларына талдоо жүргүзүлөт.
Жалпы мамлекеттик кирешелерден пландык көрсөткүчтөрдүн ашыкча аткарылган суммалары ырасталганда (мурдагы жылдардан бери салык карызын тындыруу боюнча планды эске алуу менен, ошондой эле пландан ашыкча түшүүлөрдөн ашыкча төлөнгөн суммаларды алып салуу менен) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул методикалык көрсөтмөлөрдүн 1-тиркемесине ылайык бардык эсептөөлөрдү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.
Жалпы мамлекеттик кирешелерден республикалык бюджетке чегерүүлөрдүн белгиленген ченемдери бузулган учурда жергиликтүү бюджеттерге пландан ашыкча чегерүүлөр жүргүзүлбөйт.
Жалпы мамлекеттик кирешелерден чегерилген пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу суммалары тиешелүү жергиликтүү кеңештердин кароосу боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого багытталат (каражаттарды пайдалануунун багыты тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан каралат жана бекитилет), мында биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу тартипте бул каражаттар чыгымдардын корголгон беренелери боюнча карыздарды жоюуга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөгө, ошондой эле регионду социалдык-экономикалык өнүктүрүүгө багытталууга тийиш.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары жергиликтүү кеңештердин сессияларында кабыл алынган чечимдердин негизинде чыгымдардын кошумча сметасын бекитишет, ага ылайык чыгымдар жүргүзүлөт.
Тиешелүү жергиликтүү кеңештер тарабынан бекитилгенге чейин республикалык бюджеттен келип түшкөн жалпы мамлекеттик кирешелерден пландык көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу суммаларын чыгымдоого тыюу салынат.
3. Жыл аягына карата кирешелердин чыгымдардан ашкан суммаларын пайдалануу тартиби
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 44-беренесине ылайык бюджеттик жыл аяктагандан кийин жергиликтүү бюджеттерде кирешелерди ашыра аткаруунун же чыгымдарды үнөмдөөнүн натыйжасында кирешелердин чыгымдардан ашык суммалары же жылдын аягында эркин калдыктар түзүлүшү мүмкүн, алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескөөсүндө калат жана жергиликтүү кеңештердин кароосу боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого пайдаланылат.
Кирешелердин чыгымдардан ашкан суммалары (жылдын аягындагы эркин калдыктар) тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттердин төмөнкү чыгымдарын каржылоого багытталат:
- чыгымдардын корголгон беренелерине;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө;
- катуу отун сатып алууга;
- региондорду өнүктүрүү фонддору менен биргелешкен долбоорлорду кошо каржылоого;
- дем берүүчү үлүштүк гранттарды кошо каржылоого;
- жергиликтүү бюджеттен башка жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерге;
- социалдык, инфраструктуралык жана экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга;
- тиешелүү региондун социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасына ылайык башка артыкчылыктуу багыттарга.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары тарабынан кирешелердин чыгымдардан ашкан суммаларын (жыл аягындагы эркин калдыктарды) тиешелүү жергиликтүү кеңештердин чечимисиз чыгымдоого тыюу салынат.
Белгилүү бир мезгил ичинде жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттордо кирешелердин чыгымдардан ашкан суммалары (жылдын аягындагы эркин калдыктар) жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечимдеринин негизинде чыгымдар бөлүгүндө гана пландык жана кассалык көрсөткүчтөрдө чагылдырылат.
Кирешелердин чыгымдардан ашкан суммалары (жылдын аягындагы эркин калдыктар) жергиликтүү бюджеттердин тартыштыгын жабуу булагы болуп саналат.
Белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетко кирешелердин чыгымдардан ашкан суммаларын пайдалануу жөнүндө чечмелөө ушул методикалык көрсөтмөлөрдүн 2-тиркемесине ылайык тиркелүүгө тийиш.
4. Бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгили үчүн киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун эсебинен келип түшкөн суммаларды (мындан ары - пландан ашыкча түшүүлөр) пайдалануу тартиби
Бюджеттик жыл ичинде жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөр белгилүү бир мезгил үчүн ашыра аткарылышы мүмкүн (атайын каражаттарды жана жогору турган бюджеттен бөлүнүүчү трансферттерди эсепке албаганда) жана пландан ашыкча түшүүлөр катары кошумча каржылоо булактары болуп саналат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат, алып коюуга жатпайт жана жергиликтүү кеңештердин чечими боюнча жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого пайдаланылат.
Пландан ашыкча түшүүлөрдүн суммалары жергиликтүү кеңештердин тиешелүү чечимине ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескемеси менен, эгерде жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруу күтүлгөн учурда, жергиликтүү бюджеттердин биринчи кезектеги жана артыкчылыктуу чыгымдарын каржылоого пайдаланылышы мүмкүн.
Андай болбогон учурда, жылдын жыйынтыгы боюнча пландан ашыкча түшүүлөрдүн киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун эсебинен пландан ашыкча түшүүлөрдүн жыл ичинде пайдаланылган суммалары мыйзамсыз болуп эсептелет, анткени бюджетте бекитилген чыгымдар милдеттенмелери аткарылбай калат.
Бюджеттик жылдын ичинде бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгымдоо тобокелдиктерин жоюу максатында пландан ашыкча түшүүлөрдүн суммаларын жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бюджеттердин киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү күтүлгөн ашыра аткаруу жөнүндө тиешелүү кызматтар тарабынан ырасталганда бюджеттик жылдын 9 айынын жыйынтыктары боюнча гана пайдалануу сунушталат. Жылдын жыйынтыгы боюнча пландан ашыкча түшүүлөр жылдын аягына карата түзүлгөн кирешелердин чыгымдардан ашып кетиши катары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында калат.
Пландан ашыкча түшүүлөр жергиликтүү кеңештердин чечимдерине ылайык жергиликтүү бюджеттердин чыгымдарын каржылоого багытталат, мында биринчи кезекте жана артыкчылыктуу тартипте бул каражаттар чыгымдардын корголгон беренелери боюнча карыздарын жабууга жана коммуналдык чыгымдарга багытталууга тийиш.
Пландан ашыкча түшүүлөрдүн суммаларын жергиликтүү кеңештердин тиешелүү чечимисиз чыгымдоого тыюу салынат.
Жергиликтүү бюджеттерди белгилүү бир мезгил үчүн аткарылышы жөнүндө отчеттордо пландан ашыкча түшүүлөрдүн суммалары тиешелүү жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын чечимдеринин негизинде чыгымдар бөлүгүндө пландык жана кассалык көрсөткүчтөрдө чагылдырылат.
Белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетко ушул методикалык көрсөтмөлөрдүн 3-тиркемесине ылайык бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгили үчүн киреше бөлүгү боюнча болжолдуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун эсебинен пайдаланылган суммалар жөнүндө чечмелөө тиркелүүгө тийиш.
5. Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана жылдык отчеттор боюнча эсептердеги каражаттардын калдыктарын эсепке алуунун, жылдык отчеттор боюнча дебитордук карызды эсепке алуунун, тиешелүү жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөөнүн, тиешелүү органдар тарабынан белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жана аудиттин жыйынтыгы боюнча аныкталган бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын бекитилген сметасы боюнча ашыкча жана мыйзамсыз ассигнованиелердин суммаларын пайдалануу тартиби
Ар бир бюджеттик мекеме өзүнө белгиленген функциялык милдеттерди аткаруу үчүн каражаттар менен камсыз кылынат. Мында мекемеде ашыкча акчалай каражаттар, материалдык запастар, пайдаланылбаган инвентарлар жана жабдуулар ж.б. түзүлбөшүн катуу көзөмөлдөп туруу зарыл.
Каражаттарды үнөмдүү чыгымдоо жана мекемени туура каржылоо көбүнчө чыгымдардын сметасын өз убагында бекитүү жана үнөмдөө режимин катуу сактоо менен аныкталат.
Чыгымдардын сметасы боюнча бекитилген ассигнованиелерди квартал боюнча бөлүштүрүү жана чыгымдардын сметаларына киргизилүүчү өзгөртүүлөрдү эсепке алуу өзгөчө кылдаттык менен түзүлүүгө тийиш.
Чыгымдардын сметасы өзгөргөн ар бир учурда бюджеттик каражаттардын (жергиликтүү бюджеттин) башкы тескөөчүсү ведомстволук мекемеге чыгымдардын ар бир беренеси боюнча көбөйүү же азаюу суммаларын көрсөтүү менен маалымкат-кабарлама жазып берет.
Бюджеттик мекемелер тарабынан каражаттарды чыгымдоо чыгымдардын сметасында каралган максаттарга гана жүргүзүлөт. Тиешелүү финансылык органдар тарабынан чыгымдардын сметасын бекитүү жана жеткирүү үчүн белгиленген мөөнөттөрдүн сакталышы, сметаларды тариздөөнүн тууралыгы, аларга чыгымдарды кошуунун негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугу текшерилет.
Чыгымдардын сметасын текшерүү жыл ичинде белгилүү бир мезгил үчүн чыгымдардын сметасын пайдалануу жөнүндө отчетторду талдоонун жүрүшүндө жүргүзүлөт. Тажрыйба көрсөткөндөй, каражаттарды сарптоодо чыгымдардын сметасы боюнча ашыкча ассигнованиелер көбүнчө финансылык тартиптин бузулушуна алып келет. Эгерде чыгымдардын сметасы боюнча сарптоолор үнөмдөөнүн катуу режимин сактоо менен эсептелсе жана бекитилсе, мындай эреже бузуулар азыраак болот.
Бекитилген чыгымдардын сметасы боюнча бюджеттик мекемелерди жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылоо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
Бюджеттен каржылоодо төмөнкүлөр эсепке алынат:
- товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана жылдык отчеттор боюнча эсептердеги каражаттардын калдыктарын эсепке алуу суммалары;
- жылдык отчеттор боюнча дебитордук карыздарды эсепке алуу суммалары;
- тиешелүү жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жыйынтыгы боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө суммалары;
- тиешелүү органдар тарабынан белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча аныкталган бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын бекитилген сметалары боюнча ашыкча жана мыйзамсыз ассигнованиелердин суммалары.
Ошентип, бюджеттик мекемени каржылоо суммасы чыгымдардын сметасы боюнча бекитилген ассигнованиелерден аз болушу мүмкүн.
Мында айрым учурларда каржылоо суммаларын азайтуу чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизбестен жүргүзүлөт, ал эми кээ бир учурларда чыгымдардын сметасы боюнча багыттар бир эле учурда кыскартылат.
Тиешелүү органдардын чечими боюнча эсепке алуу суммасына каржылоону азайтуу эреже катары чыгымдардын сметасы боюнча тиешелүү багыттарды кыскартуу менен жүргүзүлөт, башкача айтканда сметалар боюнча чыгымдар эсепке алуулардын суммасына азайтылат жана тиешелүү түрдө жергиликтүү бюджеттин чыгымдар бөлүгү такталат.
Зарыл болгон учурда эсепке алуу суммасына жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү такталышы же кирешелердин бекитилген түрлөрү боюнча пландар азайтылышы мүмкүн.
Эсепке алынган суммалар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тескемеси боюнча бюджет боюнча кошумча иш-чараларды каржылоого багытталышы мүмкүн (чыгымдардын корголгон беренелери жана коммуналдык чыгымдар боюнча карыздарды жабууга ж.б.). Мындай учурларда өзгөртүүлөр эсепке алуу жүргүзүлгөн иш-чаралар жана мекемелер боюнча бюджеттик багыттарга жүргүзүлөт жана кошумча иш-чаралар боюнча сметалык дайындоолор ошого жараша көбөйтүлөт.
Эсепке алуунун суммасына бюджеттик багыттардагы бардык тактоолор (өзгөртүүлөр) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине ылайык жүргүзүлүүгө тийиш.
Товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын эсепке алуу жана жылдык отчеттор боюнча эсептердеги каражаттардын калдыктарынын суммалары жана жылдык отчеттор боюнча дебеттик карыздарды эсепке алуу суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 3-ноябрындагы № 694 "Бюджеттик мекемелерди каржылоодо жылдык отчеттор боюнча эсептөөлөрдө товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарын жана каражаттар калдыктарын эсепке алууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык аныкталат.
Тиешелүү жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө суммалары тиешелүү жылдын 9 айында бюджеттик мекемелердин чыгымдар сметасын аткарууга талдоо жүргүзүү жолу менен тиешелүү финансылык органдар тарабынан аныкталат. Талдоонун жыйынтыгы боюнча үнөмдөөнү аныктоо максатында чыгымдардын ар бир беренеси боюнча күтүлгөн жылдык аткаруунун эсептөөлөрү жүргүзүлөт. Эгерде чыгымдардын белгилүү бир беренеси боюнча күтүлгөн жылдык аткаруу чыгымдардын ушул беренеси боюнча такталган жылдык пландан аз болсо, анда алардын ортосундагы айырма үнөмдөө катары эсептелиши мүмкүн.
Белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышын тиешелүү органдар тарабынан текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча белгиленген бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын бекитилген сметасы боюнча ашыкча жана мыйзамсыз ассигнованиелердин суммалары текшерүү актыларынын негизинде аныкталат.
Белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчеттордо суммалар тиешелүү жергиликтүү кеңештер менен макулдашылган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын чечимдеринин негизинде киреше (эгер бекитилген кирешелер боюнча тактоолор жүргүзүлсө) жана чыгымдар бөлүгүндө пландык жана кассалык көрсөткүчтөрдө чагылдырылат.
Белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы жөнүндө отчетко ушул методикалык көрсөтмөлөрдүн 4-тиркемесине ылайык жогоруда аталган суммалар пайдаланылгандыгы жөнүндө чечмелөө тиркелүүгө тийиш.
| 1-тиркеме |
____________ райондун _______________ (шаары, айыл өкмөтү) боюнча _____- жылдын I (II) жарым жылдыгы үчүн жалпы мамлекеттик кирешелердин пландан ашыкча түшүүлөрүнөн жергиликтүү бюджеттерге чегерүүлөрдү эсептөө
№ |
Кирешелердин аталышы |
План |
Факт |
Четтөө (4-3) |
Пландан жергиликтүү бюджетке чегерилүүгө тийиш |
Пландан ашыкча суммадан иш жүзүндө чегерилген |
Пландан ашыкча суммадан чегерилүүгө тийиш |
Пландык жана пландан ашыкча чегерүүлөрдүн бардыгы (6+8) | I (II) жарым жылдык үчүн жергиликтүү бюджетке которулган чегерүүлөрдү эсепке алуу менен пландан ашыкча сумма чегерилүүгө тийиш (9-7) |
1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы | ________________ (колу) |
| |||
| |||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | ________________ (колу) | ||||
| |||||
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин аймактык башкармалыгынын начальниги | ________________ (колу) | ||||
| |||||
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын райондук начальниги | _______________ (колу) | ||||
| 2-тиркеме |
______________ райондун _______________ (шаары, айыл өкмөтү) боюнча ________________ кирешелердин чыгымдардан ашкан суммаларын пайдаланууну чечмелөө
№ | Финансылык каражаттарды бөлүп берүүнүн негизи (токтом, тескеме) | Дата | Токтомдун, тескеменин № | Сумма | Бөлүм | Финансылык каражаттарды пайдалануунун багыты | |
план | факт | ||||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы | ___________________ (колу) | |
|
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | ___________________ (колу) | |
| 3-тиркеме |
____________ райондун _______________ (шаары, айыл өкмөтү) боюнча бюджеттик жылдын белгилүү бир мезгили үчүн киреше бөлүгү боюнча көрсөткүчтөрдү ашыра аткаруунун эсебинен пайдаланылган суммалар (пландан ашыкча түшүүлөр) жөнүндө чечмелөө
№ | Эмненин негизинде бөлүнгөн (токтом, тескеме ж.б.) | Дата | Токтомдун, тескеменин № | Сумма (факт) | Бөлүм | Финансылык каражаттар эмнеге багытталган |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы | ___________________ (колу) |
|
|
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | ___________________ (колу) | |
| 4-тиркеме |
_______________ райондун ______________ (шаары, айыл өкмөтү) боюнча товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча запастарынын жана каражаттардын калдыктарынын эсебинен пайдаланылган суммалар жана жылдык отчеттор боюнча эсептешүүлөр, жылдык отчеттор боюнча дебитордук карыз, тиешелүү жылдын 9 айында жергиликтүү бюджеттерди аткаруунун жыйынтыктары боюнча бюджеттик каражаттарды үнөмдөө, тиешелүү органдар тарабынан белгилүү бир мезгил үчүн жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча белгиленген бюджеттик мекемелердин чыгымдарынын бекитилген сметалары боюнча ашыкча жана мыйзамсыз ассигнованиелер жөнүндө чечмелөө
№ | Эмненин негизинде бөлүнгөн (токтом, тескеме ж.б.) | Дата | Токтомдун, тескеменин № | Сумма | Кайсы бөлүмдөн эсепке алынган | Кайсы бөлүмгө багытталган | Финансылык каражаттар эмнеге багытталган | |
план | факт | |||||||
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башчысы | ___________________ (колу) |
|
|
| |
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы | ___________________ (колу) | |