Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 409
Уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалыматтарды ачуу маселелери тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемеси менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Акционердин укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги жана башка бийлик органдары жүзөгө ашыруучу, уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалымат ачуу форматы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар, анын ичинде башка бийлик органдары акционердин укуктарын жүзөгө ашырган чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын мезгилдүү жыйынды отчетторун чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
3. Катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордо мамлекеттин атынан акционердин функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, ошондой эле мамлекеттик ишкананын мамлекеттик башкаруучу органынын функцияларын жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-майына чейин тейлеген мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдор тарабынан отчеттуулукту (тиркемеге ылайык) мезгилдүү жыйынды отчетторду чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүсүн камсыз кылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик отчет чогултуунун жыйынтыгы боюнча (тиркемеге ылайык) жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 10-июлуна чейин уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматты расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 22-августундагы № 67 (3516) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
Акционердин укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча агенттиги жана башка бийлик органдары жүзөгө ашыруучу, уставдык капиталында катышуунун мамлекеттик үлүшү бар чарбалык коомдордун, мамлекеттик ишканалардын финансылык-чарбалык ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчеттуулугу жана маалымат ачуу форматы
Финансылык-чарбалык иштин жыйынтыктары жөнүндө МААЛЫМАТ
___________________________________________________________ (юридикалык жактын фирмалык аталышы)
№ | Юридикалык жак жөнүндө маалыматтар | Маалымат |
1 | Түзүлгөн датасы (түзүү жөнүндө чечим) |
|
2 | Юридикалык дареги |
|
3 | Иштин негизги түрү |
|
4 | Уставдын реквизиттери (Устав бекитилген документтин номери жана датасы) |
|
5 | Уставдык капитал (чарбакер коомдор үчүн), миң сом |
|
6 | Мамлекеттик башкаруучу органдын (мамлекеттик ишканалар үчүн) же мамлекеттин атынан акционердин (чарбалык коомдор үчүн) аталышы |
|
7 | Акционердин үлүшү (чарбалык коомдор үчүн) |
|
8 | Аткаруу органынын жетекчиси: кызмат орду, аты-жөнү, дайындоо жөнүндө чечим, байланыш маалыматтары |
|
9 | Директорлор кеңешинин төрагасы (чарбакер коомдор үчүн, бар болсо): аты-жөнү, дайындоо жөнүндө чечими, байланыш маалыматтары |
|
10 | Веб-сайттын болушу |
|
Негизги финансылык-чарбалык көрсөткүчтөр:
(акыркы үч жыл үчүн)
миң сом
№ | Көрсөткүчтөр | Өткөн жылга чейинки жыл | Отчеттук жылга чейинки өткөн жыл | Отчеттук жыл | |||
Сумма | Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи, % | Сумма | Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи, % | Сумма | Өткөн жылга салыштырмалуу өсүү темпи, % | ||
1 | Кирешелер |
|
|
|
|
|
|
1.1 | Түшкөн акча, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
1.1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
1.1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
1.2 | Операциялык иштен алынган башка кирешелер, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
1.2.1 |
|
|
|
|
|
|
|
1.2.2 |
|
|
|
|
|
|
|
1.3 | Өздүк нарк |
|
|
|
|
|
|
1.4 | Дүң пайда |
|
|
|
|
|
|
1.5 | Операциялык эмес иштен түшкөн кирешелер |
|
|
|
|
|
|
2 | Чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
2.1 | Операциялык чыгымдар, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
2.1.1 |
|
|
|
|
|
|
|
2.1.2 |
|
|
|
|
|
|
|
2.2 | Операциялык эмес иштен чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
2.3 | ЕВIТА (Earnings before interest, taxes and amortization) - эсептелген пайыздардын, салыктардын жана чегерилген амортизацияны төлөө боюнча чыгымдарды эсептен чыгарганга чейинки пайданын аналитикалык көрсөткүчү |
|
|
|
|
|
|
3 | Киреше салыгын төлөөгө чейинки пайда |
|
|
|
|
|
|
4 | Пайдага салык |
|
|
|
|
|
|
5 | Таза киреше (+)/чыгаша (-) |
|
|
|
|
|
|
6 | Салыктар, пайда салыгын эсепке албастан |
|
|
|
|
|
|
7 | Төлөнгөн салыктар (анын ичинде киреше салыгы) |
|
|
|
|
|
|
8 | Социалдык фондго чегерүүлөр |
|
|
|
|
|
|
9 | Активдер |
|
|
|
|
|
|
10 | Негизги каражаттар |
|
|
|
|
|
|
11 | Дебитордук карыз |
|
|
|
|
|
|
12 | Кредитордук карыз |
|
|
|
|
|
|
13 | Өздүк капитал |
|
|
|
|
|
|
14 | Капиталдык салымдар, анын ичинде: |
|
|
|
|
|
|
14.1 | имараттарды, курулмаларды сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
14.2 | капиталдык оңдоо |
|
|
|
|
|
|
14.3 | жер сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
14.4 | транспорт каражаттарын сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
14.5 | компьютер жабдууларын жана башка уюштуруу техникаларын сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
14.6 | эмеректерди жана жабдууларды сатып алуу |
|
|
|
|
|
|
14.7 | башка капиталдык чыгымдар |
|
|
|
|
|
|
15 | Кызматкерлердин, иш жүзүндөгү саны, адам |
|
|
|
|
|
|
16 | Эмгек акы төлөө фонду |
|
|
|
|
|
|
17 | Персоналдын орточо айлык эмгек акысы |
|
|
|
|
|
|
18 | Отчеттук мезгилге карата негизги өндүрүштүк көрсөткүчтөр |
|
|
|
|
|
|
19 | Таза пайданын которулган бөлүгү (мамлекеттик ишканалар үчүн) дивиденддер суммасы (чарбалык коомдор үчүн) |
|
|
|
|
|
|
Жетекчи | _____________________________________ |
| (аты-жөнү, колу, мөөрү) |
|
|
Башкы бухгалтер | _____________________________________ |
| (аты-жөнү, колу, мөөрү) |
Датасы __________ 202_____-ж.
Мезгилдүү жыйынды отчеттуулукту чогултуу жана түзүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүү үчүн ар жылдык отчет
___________________________________________________________ (юридикалык жактын фирмалык аталышы)
№ | Көрсөткүч/мүнөздөмө | Сыпаттоо |
1 | Уставдык функциялар | Уставда каралган функцияларды көрсөтүү |
2 | Иш жүзүндө аткарылуучу функциялар | Жүргүзүлүп жаткан иштин конкреттүү түрлөрүн көрсөтүү |
3 | Өндүрүлгөн товарлардын (берилүүчү жумуштардын/көрсөтүлгөн кызматтардын) жана акыркы керектөөчүлөрдүн кыскача сыпаттамасы | Өндүрүлгөн товарлардын, берилүүчү жумуштардын/көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жана сатуу рынотунун түзүмү |
4 | Рынокто мамлекеттик ишкана/чарбалык коом өндүргөн товарларды (жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү) алмаштырууга жөндөмдүү товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) болушу | Атаандаштык чөйрөнү талдоо |
5 | Өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмүндө мамлекеттик заказдардын үлүшү | Мамлекеттик органдар, мамлекеттик мекемелер өткөргөн тендерлерге катышуу практикасы. Өндүрүлгөн товарлардын (жумуштардын/кызмат көрсөтүүлөрдүн) жалпы көлөмүндөгү мамлекеттик заказдардын үлүшү (% менен жана акчалай түрдө). Мамлекеттик башкаруу органы тарабынан товарларды өндүрүүгө, жумуштарды/кызматтарды аткарууга түз заказдар жүзөгө ашырылабы |
6 | Каржылоо булактары жана киреше алып келүүчү иштин кыскача сыпаттамасы | Республикалык бюджеттен толук/жарым-жартылай түз каржылоо, бюджеттен трансферттердин мүнөзү жана максаттары. Республикалык бюджеттен субсидиялардын, бюджеттик кредиттердин, кредиттердин болушу Донордук/гранттык жардам. Коммерциялык ишти жүзөгө ашыруу (продукцияны өндүрүү, сатып өткөрүү жана сатуу, акы төлөнүүчү кызматтарды/жумуштарды көрсөтүү) |
7 | Мамлекеттик преференциялардын/жеңилдиктердин болушу | Министрлер Кабинети/мамлекеттик башкаруу органы тарабынан ченемдик түрдө бекитилген же кабыл алынган преференциялар/жеңилдиктер (өзгөчө, өзгөчө ыйгарым укуктарды, кепилдиктерди берүү, мамлекеттик колдоо) бар-жогун көрсөтүү |
8 | Мамлекеттик, эл аралык программаларды жана долбоорлорду ишке ашырууга катышуу | Ишке ашырылып жаткан мамлекеттик, эл аралык программанын/долбоордун аталышын, программаны/ долбоорду ишке ашырууга катышуунун ролун жана даражасын, каржылоо мөөнөттөрүн жана булактарын көрсөтүү |
9 | Ишке ашырылуучу/пландалуучу инвестициялык долбоорлор (МЖӨ долбоорлору | Ишке ашырылып жаткан/пландалып жаткан инвестициялык долбоорлордун, МЖӨ жана башка коммерциялык долбоорлордун кыскача сыпаттамасы |
10 | Жүзөгө ашырылган сатып алуулар боюнча ири бүтүмдөр жөнүндө маалымат |
|
11 | Корпоративдик башкаруу: |
|
11.1 | Башкаруу органдарынын түзүмү |
|
11.2 | Аткаруу органынын жана Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн аты-жөнү (бар болсо), дайындоо жөнүндө чечим |
|
11.3 | Директорлор кеңешинин өткөрүлгөн жыйналыштары жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат |
|
11.4 | Башкаруу органдарындагы сунушталгандарды талдоо: - гендердик баланс боюнча; - көз карандысыз директорлордун саны боюнча; - билими жана иш тажрыйбасы боюнча (тармакка жараша) |
|
11.5 | Башкаруу органдарынын мүчөлөрүн сыйлоону аныктоонун тартиби жөнүндө маалымат жана сый акынын иш жүзүндөгү өлчөмү |
|
11.6 | Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарын, отчеттуулуктун улуттук стандарттарынын талаптарын сактоо жөнүндө маалымат |
|
12 | Кызматкерлер жөнүндө маалымат: |
|
12.1 | Кызматкерлердин жалпы саны |
|
12.2 | Штаттагы сунушталгандарды талдоо: - гендердик баланс боюнча; - билими жана иш тажрыйбасы боюнча (тармакка жараша); - башка критерийлер боюнча |
|
13 | Кыргыз фондулук биржасындагы листинг жөнүндө маалымат |
|
14 | Акционерлердин өткөрүлгөн жалпы чогулуштары жана кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалымат |
|
Тиркеме:
1. Бекитилген бизнес-план/программа/ишкананы өнүктүрүү стратегиясы
2. Түзүмү жана штаттык расписание
3. Баалардын бекитилген прейскуранты/тарификация/баа түзүү саясаты
4. 2022-жылга карата аткарылган иштер жөнүндө отчет.
Жетекчи | _____________________________________ |
| (аты-жөнү, колу, мөөрү) |
Датасы__________202_____-ж.