Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 14-августу № 415
Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундардын жетишсиздик көйгөйүн чечүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 115-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун тизмеси 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте:
1) Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетинде "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" пилоттук долбоорун ишке ашырууга 10000000 (он миллион) сом өлчөмүндө каражат карасын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдору (мындан ары - банктар) менен тиешелүү макулдашууларды түзсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:
1) педагогикалык даярдоо программаларын ишке ашыруучу жогорку окуу жайларына жана кесиптик орто окуу жайларына атайын каражаттардын эсебинен мектепке чейинки билим берүү уюмдары түрүндө практикалык лабораторияларды түзүүнү тапшырсын;
2) "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорун ишке ашырууга катышкан банктар менен биргеликте (макулдашуу боюнча) бул долбоорду ишке ашыруунун жүрүшүнө мониторинг жүргүзсүн, анын натыйжалуулугуна баа берсин жана жыл сайын 1-декабрга чейинки мөөнөттө жыйынтыгын Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берип турсун.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин алдындагы Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору мектепке чейинки билим берүү уюмдары үчүн атайын иштелип чыккан дидактикалык материалдарды, оюнчуктарды жана эмеректерди өндүрүү үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун демилгелөөдө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине белгиленген тартипте көмөк көрсөтсүн.
6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына менчиктин кандай гана болбосун формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курууда донорлордун, меценаттардын каражаттарынын эсебинен тышкы жана ички инженердик тармактарды туташтырууну белгиленген тартипте камсыз кылуу сунушталсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-майындагы № 244 "Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссия жөнүндө жободо:
- 15-пункт төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- мамлекеттик жана муниципалдык менчик формасындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымдарын ыйгаруу.".
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жободо:
- 55-13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"55-13. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети өзүнүн чечими менен мамлекеттик жер пайдалануучунун колдонуусунда турган жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүгө укуктуу:
- бир миллиард сомдон ашык салымы менен социалдык-маданий багыттагы объекттерди куруу үчүн;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн 0,75 га чейин.".
9. Кыргыз Республикасынын министрликтери, административдик ведомстволору, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары:
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 29-августундагы № 69 (3518) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
"Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоору
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 176 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. "Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жеңилдетилген кредит берүү" долбоорунун (мындан ары - Долбоор) максаты Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттерине жана жеке жактарына мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
2. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү - 60 ай.
3. Каржылоо булактары: Кыргыз Республикасынын 2024-2025-жылдарга жана кийинки жылдарга республикалык бюджети, "РСК Банк", "Айыл Банк", "Керемет Банк" ачык акционердик коомдорунун (мындан ары - банктар) каражаттары.
4. Долбоорду ишке ашыруунун башталышы - 2024-жылдын январы.
5. Жооптуу аткаруучулар: Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (макулдашуу боюнча), Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар (макулдашуу боюнча).
6. Долбоордун сыпаттамасы. Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тармагын кеңейтүү жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен кеңири камтууну камсыз кылуу максатында Долбоордун алкагында 2024-жылдын ичинде банктардын финансылык каражаттары ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын жаңы имараттарын куруу, учурдагы имараттарды капиталдык оңдоо/реконструкциялоо, ошондой эле негизги каражаттарды сатып алуу үчүн жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча берилет.
7. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети банктардын 2024-2028-жылдарга республикалык бюджеттин каражаттарынан жеңилдетилген пайыздык ставкалар боюнча кредиттерди жайгаштыруу боюнча чыгымдарын субсидиялайт.
8. Кредиттерди берүүнүн тартиби банктардын ички ченемдик документтерине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат.
9. Берилген кредиттерди кайтаруу боюнча бардык тобокелдиктерди банктар тартат, карыз алуучуларды тандоо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жактырган катышуучулардын тизмесинен алардын ички жол-жоболоруна ылайык жүргүзүлөт.
10. Банктар ушул Долбоордун алкагында "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомунун кепилдигинин катышуусунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууну, капиталдык оңдоонуу/реконструкциялоону, ошондой эле негизги каражаттарын сатып алуу менен жаңылоону жүзөгө ашырууга укуктуу.
11. Долбоорго катышкан банктар карыз алуучуларга төмөнкүдөй негизги жалпы шарттарда кредиттерди бере алат:
№ | Жеңилдетилген кредиттин параметрлери | Эскертүү |
1 | Максаттуу багыты | Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууда, капиталдык оңдоодо/реконструкциялоодо, негизги каражаттарды сатып алууда жана жаңылоодо ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик финансылык колдоо көрсөтүү |
2 | Сом менен кредит берүүнүн, субсидиялоонун суммасы жана мөөнөтү | Төмөнкүлөргө кредиттин суммасы жана мөөнөтү: 1) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 2) капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн. сомго чейинки суммада, 60 айлык мөөнөткө; 3) негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн. сомго чейинки суммада, 36 айлык мөөнөткө |
3 | Күрөөлүк камсыздоо | Күрөөлүк камсыздоонун предмети төмөнкүлөр болушу мүмкүн: - карыз алуучунун менчигинде турган жер участогу; - кыймылсыз мүлк; - күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда банк менен "Кепилдик фонду" ААКтын ортосунда түзүлгөн макулдашуулардын шарттарында "Кепилдик фонду" ААКтын кепилдиги кабыл алынышы мүмкүн |
4 | Берүү формасы | Курулушка же капиталдык оңдоого/реконструкциялоого берилген смета иштерди жүргүзүү этаптарына бөлүнүүгө тийиш: - пайдубал; - дубал тургузуу жана чатырын жабуу иштери; - коммуникацияларды киргизүү; - жасалгалоо иштери ж.б., ага ылайык карыз алуучу зайымдык каражаттарды өздөштүрүү жана максаттуу пайдалануу жөнүндө отчет берүүгө милдеттүү. Карыз алуучу бул милдеттенмелерди аткарбаган учурда, банк кредит берүүнү токтотууга жана кредиттин мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга укуктуу |
5 | Курулушка карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - өзүнүн жер участогунун же 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилген жер участогунун; - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, кызматкерлерин, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин (ыйгарым укуктуу органдын экспертизасынын оң корутундусунун болушу). Курулуш иштеринин сметасынын долбоору жергиликтүү мамлекеттик администрациянын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы менен макулдашылууга тийиш, мында сметаны түзүүчүнүн квалификациялык сертификаты болууга тийиш. Жумуштарды жана сарпталган курулуш материалдарын эске алуу менен 1 кв. метр үчүн имараттын курулушунун максималдуу наркы 63 миң сомдон ашпоого тийиш. Курулуштун максималдуу мөөнөтү - курулушка биринчи транш берилген учурдан тартып 18 айдан ашпайт |
6 | Капиталдык оңдоого/реконструкциялоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда төмөнкүлөрдүн болушу: - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан жактырылган мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын, форматын, долбоордук кубаттуулугун, негизги каражаттарын, персоналын, балдардын болуу шарттарын чагылдырган бизнес-пландын; - мектепке чейинки билим берүү уюмдарында иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле имаратты капиталдык оңдоо/реконструкциялоо боюнча курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүүгө ченемдик-техникалык документтердин талаптарына шайкеш келген имараттын долбоордук-сметалык документтеринин |
7 | Негизги каражаттарды сатып алууга жана жаңылоого карата жалпы талаптар | Карыз алуучуда эсеп-фактуралардын, коштомо кагаздардын жана сатып алуу же жаңылоо фактысын ырастоочу башка документтердин болушу зарыл |
8 | Жеңилдетилген кредит берүүнүн субъекттери | 1. Финансы-кредиттик уюмдардын инсайдери же аффилирленген жагы болуп саналбаган Кыргыз Республикасынын резиденти. 2. Кыргыз Республикасынын бардык мамлекеттик органдарында, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунда талаптагыдай түрдө каттоодон өткөн, ошондой эле Долбоорго катышууга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугун алган ишкердик субъекти/жеке жак. 3. Объекттин курулушунун сметалык наркынын 30%ына чейинки өлчөмдөгү өздүк каражаттардын болушу. 4. Карыз алуучу төлөөгө жөндөмдүү болууга, кирешелери банктын ички ченемдик документтерине шайкеш келүүгө тийиш |
9 | Акыркы пайыздык ставка | 10% өлчөмүндө ставка белгиленген. Кредитти пайдалануунун белгиленген мөөнөтүнөн ашык мөөнөтүн узартууда же реструктуризациялоодо кредит боюнча пайыздык ставка банктар тарабынан ушул сыяктуу максаттарга берилүүчү кредиттер боюнча реструктуризациялоо күнүнө карата колдонулган ставкалардын өлчөмүндө белгиленет |
10 | Айып санкциялары | Кредиттик каражаттар максатсыз пайдаланылгандыгы аныкталган учурда карыз алуучуга карата кредит боюнча пайыздык ставкаларды кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайызга өзгөртүү же аныкталган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөө жолу менен финансылык санкциялар колдонулат |
Ошол эле учурда банктар карыз алуучуларга кошумча талаптарды белгилөөгө укуктуу.
12. Күрөө мүлкү мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулуп жаткан имараты, курулуш мезгилинде жана андан кийин карыз алуучунун менчигинде турган жер участогу да болушу мүмкүн.
13. Потенциалдуу карыз алуучулардын күрөөлүк камсыздоосу жетишсиз болгон учурда, алар банк менен Кепилдик фондунун ортосунда түзүлгөн шарттарда кепилдик алуу жөнүндө арыз менен "Кепилдик фонду" ачык акционердик коомуна кайрылууга укуктуу.
2-глава. Долбоорду ишке ашырууну сыпаттоо
14. Долбоорго катышуу ниетин билдирген банктар ушул токтом күчүнө киргенден кийин 15 күндүк мөөнөттө субсидиялоонун сунушталган ставкаларын жана кредит берүүнүн көлөмүн милдеттүү түрдө көрсөтүү менен республиканын облустары боюнча бөлүү менен Долбоорду ишке ашырууга катышууга өтүнмөнү Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берүүгө тийиш, ошол эле учурда субсидиялоонун ставкасы жылдык 11,41 пайыздан ашпашы керек.
15. Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө калкка талаптагыдай маалымдоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Долбоорду ишке ашырууга катышкан банктар кредит берүүнүн шарттары, ошондой эле бул Долбоор боюнча кредит алууга өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталган мезгил/убакыт жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарына, маалымат такталарына жана расмий сайттарына жарыялоого тийиш.
16. Долбоордун алкагында субсидияларды алуу үчүн банктар квартал сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине өткөн кварталдагы кредит берүүнүн иш жүзүндөгү суммасын көрсөтүү менен субсидиялоого өтүнмө берет.
17. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги эсептик коэффициенттерине ылайык субсидиялардын суммасын эсептейт жана субсидиялардын траншын банктарга которуу үчүн тиешелүү кварталга финансылык планды даярдайт.
18. Субсидиялардын транштары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан республикалык бюджеттин каражаттарынан банктардын алыш-бериш эсептерине Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин ички актыларына ылайык тиешелүү ай аяктаганга чейин которулат.
19. Банктардын ишин көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан жүзөгө ашырылат.
20. Банктар жума сайын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине берилген кредиттер жөнүндө маалыматты берип турат.
3-глава. Субсидияларды эсептөө
21. Субсидияларды берүүдө пайыздык ставкалар боюнча банктардын чыгымдарын жабуу үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2022-жылга карата маалыматтарына ылайык банктардын ай сайын берген кредиттеринин көлөмүнөн субсидиялоонун төмөнкүдөй эсептик коэффициенттери колдонулат:
1) пайыздык ставканын өлчөмүнө карабастан субсидиялоонун ставкасы жылдык 11,41 пайызды түзөт;
2) 60 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 31,84 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,28 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 9,84 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 6,44 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2027-жылы 3,91 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2028-жылы 1,37 эсептик коэффициенти боюнча которулат;
3) 36 айлык мөөнөткө берилүүчү кредиттер үчүн субсидиялоонун эсептик коэффициенти 20,44 түзөт. Алардын ичинен субсидиялардын бир бөлүгү 2024-жылы 10,14 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2025-жылы 7,83 эсептик коэффициенти боюнча; бир бөлүгү - 2026-жылы 2,47 эсептик коэффициенти боюнча которулат.
22. Долбоор боюнча берилген кредиттер боюнча субсидияларды эсептөөнү колдонуу үчүн жана кредиттерди мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда субсидияларды кайра эсептөө (кайтаруу) үчүн мөөнөт жана ай боюнча бөлүштүрүү менен субсидиялардын коэффициенттерин эсептөө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилет.
23. Субсидиялардын ар жылдык суммасы Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан эсептелет. Субсидиялоонун коэффициенти кредит берүүнүн мөөнөтүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн. Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги субсидиялоо ставкасын өзгөртө алат.
4-глава. Субсидияларды которуу
24. Эсептик формулага ылайык аныкталган субсидиялардын суммалары Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан банктарга беш транш менен которулат, анын ичинде:
1) биринчи транш - ар бир жылдын аягында банктар тарабынан өткөн жыл үчүн иш жүзүндө берилген кредиттик каражаттардын суммасына;
2) экинчи транш - биринчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
3) үчүнчү транш - экинчи транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
4) төртүнчү транш - үчүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин;
5) бешинчи транш - төртүнчү транш берилген учурдан тартып 365 күн өткөндөн кийин.
25. Банктар биринчи траншты алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин, ошондой эле калган транштарды алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине суммасын, датасын жана мөөнөтүнөн мурда төлөгөн карыз алуучулардын санын көрсөтүү менен мөөнөтүнөн мурда төлөөлөр боюнча кеңири маалыматты берүүгө милдеттүү. Субсидиялардын экинчи жана андан кийинки транштарын алуу үчүн банктар мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди чыгарып салуу менен өтүнмөлөрдү берүүгө милдеттүү. Эгерде кезектеги траншты алгандан кийин алар боюнча субсидиялар алынган мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер болсо, банк мындай кредиттер боюнча субсидияларды Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып бериши зарыл.
5-глава. Тобокелдиктер жана коркунучтар
26. Долбоорду ишке ашырууда жеңилдетилген кредиттерди алуучулар тарабынан каражаттарды максатсыз пайдалануу тобокелдиги бар.
27. Аталган тобокелдикти азайтуу банктар тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
28. Кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда банктар тиешелүү акт түзүүгө жана карыз алуучудан кредиттик каражаттардын калдыгын 30 календардык күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөөнү талап кылууга же кредит алган күндөн тартып жылдык 25 пайыз өлчөмүндө пайыздык ставкаларды белгилөөгө тийиш. Мындай учурда банктар мөөнөтүнөн мурда төлөө учурларын кошпогондо, алынган субсидиялардын каражаттарын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине кайтарып берүүгө милдеттенет.
29. Карыз алуучулар тарабынан ижарага алынган жер участогунда кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда жер участогу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы № 535 "Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык ижарага берүүчүгө кайтарылып берилет.
30. Банктардын субсидияларды негизсиз алуу тобокелдигин азайтуу максатында:
1) банктар жума сайын берилген кредиттер боюнча маалыматты Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берип турат;
2) банктар тарабынан субсидиялануучу кредиттик каражаттарды максатсыз пайдалануу фактысы аныкталган учурда Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мындай кредиттер боюнча субсидиялардын мурда саналып өткөн транштарын калыбына келтирүү менен андан аркы субсидиялоону бир тараптуу тартипте токтотууга укуктуу.
31. Карыз алуучулар кредитти мөөнөтүнөн мурда төлөгөн учурда республикалык бюджеттен мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди субсидиялоо боюнча тобокелдиктерди азайтуу максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги банктар менен кызматташуу жөнүндө макулдашууларда мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттер боюнча республикалык бюджеттен алынган субсидиялардын бөлүгүн эсептөө, оңдоо жана кайтаруу механизмин карайт.
32. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан милдеттенмелерди толук аткарбоо тобокелдиги:
1) Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тиешелүү жыл аяктаганга чейин республикалык бюджеттен субсидиялардын биринчи траншынын суммасын банктардын алыш-бериш эсептерине субсидияларды которуу тартибине ылайык которот;
2) субсидиялардын экинчи жана кийинки транштарын төлөө үчүн каражаттар Кыргыз Республикасынын тийиштүү жылдарга республикалык бюджети жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорунда каралган.
33. Кредиттик каражаттарды толук эмес тандоо тобокелдиги. Долбоорго банктарды максималдуу тартуу үчүн Долбоордун катышуучуларынын саны чектелбейт. Долбоорго ылайык Долбоорду ишке ашыруу үчүн каралган республикалык бюджеттин каражаттарынын чегинде кредит берүүнүн жыйынды көлөмү гана чектелет.
6-глава. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү
34. Кредиттик каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг банктар тарабынан төмөнкүдөй түрдө жүргүзүлөт:
- кредитти алган учурдан тартып 18 айдын ичинде карыз алуучулар кредит боюнча жүргүзүлгөн чыгымдарды документтер менен ырастоолорду (контракттар/келишимдер, эсеп-фактуралар же коштомо кагаздар, төлөгөндүгү тууралуу төлөм документтери ж.б.) тиркөө менен кредиттик каражаттарды максаттуу пайдалануу жөнүндө отчетторду берүүгө тийиш.
Кредиттин максаттуу пайдаланылгандыгын ырастоочу документтер болуп төмөнкүлөр саналат:
1) курулуш (курулуш-монтаждоо иштери) үчүн зарыл болгон материалдарга акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү;
2) сатып алынган материалдар, ошондой эле кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө фактысын ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү (каражаттарды пайдалануу жөнүндө отчет менен бирге берилүүгө тийиш);
3) жана кредиттерди максаттуу пайдаланууну ырастоочу башка документтер.
35. Кредиттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүү максатында (кредит берилгенге чейин жана берилгенден кийин) банктар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте комиссиялык түрдө жерине баруу менен карыз алуучулардын кредитти максаттуу пайдалануусуна төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзөт:
- курулушту/реконструкциялоону же капиталдык оңдоону аяктоо пайызы (курулушта, реконструкциялоодо/капиталдык оңдоодо);
- негизги каражаттар жаңыланды же сатылып алынды (негизги каражаттарды сатып алууда же жаңылоодо).
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан эки жуманын ичинде отчет таризделет.
36. Зарыл болгон учурда карыз алуучу алынган кредиттик каражаттардын эсебинен курулуштун же реконструкциялоонун жүрүшүнө автордук жана техникалык көзөмөл жүргүзөт.
7-глава. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо
37. Карыз алуучулар төмөнкүлөргө милдеттүү:
- мектепке чейинки билим берүү уюмунун имараты пайдаланууга берилгенден кийин кредит төлөнгөн күнгө чейин жыл сайын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине отчет берип турууга (имаратты максаттуу пайдалануу, өзүн-өзү актоо ж.б.);
- курулган оңдолгон/реконструкцияланга) имарат пайдаланууга берилгенден кийин 20 жылдан кем эмес мөөнөткө максаттуу багыты боюнча пайдаланууга (Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен макулдашуу түзүлөт).
38. Долбоордун натыйжалуулугун баалоо максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан ар жылдык негизде комиссиялык түрдө жерине баруу менен төмөнкү негизги көрсөткүчтөр боюнча мониторинг жүргүзүлөт:
1) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында курулган мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
2) мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын оңдолгон имараттарынын саны жана алардын долбоордук кубаттуулугу;
3) Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында түзүлгөн жумуш орундарынын саны;
4) сатып алынган окуу-дидактикалык материалдардын саны жана сапаты;
5) сатып алынган, жаңыртылган негизги каражаттардын саны жана түрү.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги отчет тариздейт жана 1-декабрдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына берет.".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын региондорунда мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн бөлүнгөн участоктордун ТИЗМЕСИ
№ | Дареги | Жердин аянты | Курулуш үчүн объект | Кубаттуулугу | Эскертүү |
Бишкек шаары | |||||
1 | Көк-Жар конушу, Чар көчөсү | 0,1547 га | Атайын бала бакча | 45-50 орун |
|
2 | Түштүк пландоо зонасы, Түштүк Чоң Чүй каналынын түндүк тарабы | 1,1167 га | Бала бакча | 280 орун |
|
3 | Арча-Бешик конушу, Эр-Тайлак менен Айылчиев көчөлөрүнүн кесилиши | 0,299 га | Бала бакча | 75 орун |
|
4 | Кара-Жыгач конушу, Кара-Жыгач менен Исакеев көчөлөрүнүн кесилиши | 0,34 га | Бала бакча | 85-95 орун | Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
5 | Арча-Бешик конушу, Садыбакасов менен Кызыл-Адыр көчөлөрүнүн кесилиши | 0,28 га | Бала бакча | 70-75 орун | Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
6 | Ак-Өргө конушу, Ашар көчөсү | 1,71 га | Бала бакча | 480 орун | Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 16-майындагы № 91-т токтомуна ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунун алкагында иш пландалууда |
7 | Арча-Бешик конушу, Ак-Таң менен Ак-Марал көчөлөрүнүн кесилиши | 0,268 га | Бала бакча | 67-70 орун |
|
8 | Ала-Тоо конушу, Айбийке көчөсү | 0,536 га | Бала бакча | 140 орун |
|
9 | Ак-Ордо конушу, Ак-Болпон менен Каркыра көчөлөрүнүн кесилиши | 0,41 га | Бала бакча | 115 орун |
|
10 | Ак-Өргө конушу, Ак-Шоокум менен Жолон көчөлөрүнүн кесилиши | 0,39 га | Бала бакча | 95-105 орун |
|
11 | Ак-Өргө конушу, Кыбыла менен Найман көчөлөрүнүн кесилиши | 0,34 | Бала бакча | 85-95 орун |
|
12 | Мурас-Ордо конушу | 1,6 га | Бала бакча | 460 орун | Долбоор мамлекеттик экспертизадан өтүүдө |
13 | Бугу-Эне-Багыш конушу | 0,92 га | Бала бакча | 260 орун |
|
14 | Бугу-Эне-Багыш конушу | 0,67 га | Бала бакча | 185 орун |
|
15 | Ак-Тилек конушу, Ак-Шоокум көчөсү | 0,2179 га | Бала бакча | 50 орун | Долбоорлоо үчүн техникалык тапшырма даярдалууда |
16 | Учкун конушу, Чүй проспекти менен Аксы көчөсүнүн кесилиши | 0,392 га | Бала бакча | 95 орун | Долбоорлоо боюнча иштер башталууда |
Жалал-Абад облусу | |||||
17 | Ала-Бука айыл өкмөтү, Ала-Бука айылы, Көлмө, Алма-Бак, Акурча участоктору | 2,4 га | 4 бала бакча | 480 орундуу | Жер трансформацияланган |
18 | Ак-Коргон айыл өкмөтү, Ак-Коргон Сафед-Булан айылдары | 1,2 га | 2 бала бакча | 240 орундуу | Жер трансформацияланган |
19 | Базар-Коргон району, Акман айыл өкмөтү, Жараке айылы | 0,4 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
20 | Базар-Коргон району, Акман айыл өкмөтү, Таш-Булак айылы | 0,40 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
21 | Тогуз-Торо району, Атай айыл өкмөтү, Атай айылы | 0,4 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
22 | Токтогул шаары, Шамшыкал көчөсү | 0,75 га | Бала бакча | 75 орундуу | Жер трансформацияланган |
23 | Кара-Көл шаары | 0,21 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган, муниципалдык менчикте турат |
Ысык-Көл облусу | |||||
24 | Балыкчы шаары, Кулакунов көчөсү | 0,50 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
25 | Ак-Суу району, Теплоключенка айылы (жаңы конуш) | 0,84 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
26 | Ак-Суу району, Теплоключенка айылы (пост МАИ) | 1,09 га | Бала бакча | 60 орундуу | Жер трансформацияланган |
27 | Жети-Өгүз району, Кызыл-Суу айылы, "Арча" МЧБУ аймагы, Чикаев көчөсү | 0,08 га | Бала бакчага кошумча имарат | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
28 | Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, "Ливада" кичи району | 0,82 га | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
29 | Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, 2-кичи район | 1,0 га | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
30 | Тоң району, Бөкөнбаев айылы, Кара-Ой конушу | 2,0 га | Бала бакча Мектеп | 150 орундуу 700 орундуу | Жер трансформацияланган |
31 | Түп району, Түп айылы, Элебесов көчөсү | 1,50 га | Бала бакча | 250 орундуу | Жер трансформацияланган |
32 | Түп району, Түп айылы, Кирпичный көчөсү | 1,20 га | Бала бакча | 275 орундуу | Жер трансформацияланган |
Чүй облусу | |||||
33 | Чүй району, Чүй айылы, "Жаңы-Конуш" жаңы конушу | 0,20 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
34 | Кант шаары | 0,62 га | Бала бакча | 250 орундуу | Жер трансформацияланган |
35 | Сокулук району, Романовка айылы | 1845 м2 | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
36 | Сокулук району, Арал айылы | 5956,0 м2 | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
37 | Сокулук району, Сокулук айылы | 0,48 га | Бала бакча | 120 орундуу | Жер айыл өкмөтүнүн балансында, трансформацияланган, мамлекеттик акт бар |
38 | Сокулук району, Кашка-Баш айылы | 1 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер айыл өкмөтүнүн балансында, трансформацияланган |
39 | Сокулук району, Шопоков шаары | 0,5 га | Бала бакча | 140 орундуу | Жер трансформацияланган |
40 | Панфилов району, Курама айыл өкмөтү, И.В.Панфилов атындагы айыл, Центральная көчөсү | 0,2 га | Бала бакча | 50 орундуу | Жер трансформацияланган |
41 | Токмок шаары, Дружба көчөсү, 50 | 0,85 га | Бала бакча | 200 орундуу | Жер трансформацияланган |
42 | Москва району, Александровка айыл өкмөтү, Александровка айылы | 0,5 га | Бала бакча | 250 орундуу | Жер трансформацияланган |
43 | Москва району, Ак-Суу айыл өкмөтү, Төмөн-Суу айылы, Ленин көчөсү, 10 | 0,70 га (0,80 сотых) | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
44 | Москва району, Беловодское айылы, Шевченко көчөсү, 28 | 0,80 сотых | Бала бакча | 250 орундуу кошумча корпус |
|
Ош шаары | |||||
45 | Ош шаары, А.Саралаев көчөсү, Төлөйкан контуру, 100 | 4,272 (анын ичинен 0,785 сервитут) | Мектеп, бала бакча, оорукана |
| Жер трансформацияланган эмес, жер участогу айыл чарба багытында |
46 | Ош шаары, Маматеминов көчөсү, 54 (Жапалак айыл аймагынын башкармалыгы) | 0,165 | Бала бакча, ФАП |
| Жер участогу Ош шаарынын мэриясынын башкы муниципалдык балансында турат |
Нарын облусу | |||||
47 | Ак-Талаа району, Баетов айылы, С.Аркабаев көчөсү, н/ж | 1,05 га | Бала бакча | 240 орундуу | Участок айылдын аймагында жайгашкан |
48 | Ак-Талаа району, Баетов айылы, А.Асаналиев көчөсү, н/ж | 0,45 га | Бала бакча (кошумча корпус) | 54 орундуу | Участок айылдын аймагында жайгашкан |
49 | Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, "Улан" жаңы конушу | 0,50 га | Мектеп, бала бакча | 500 орундуу | Объекттерди куруу курулуштун башкы планында каралган |
50 | Жумгал району, Байзак айылы, К.Акиев көчөсү, 98 | 0,25 га | Бала бакча | 120 орундуу | Жер трансформацияланган, бала бакча куруу үчүн даяр долбоор бар |
51 | Кочкор району, Кочкор айылы, "Стадион" участогу | 0,7 га | Бала бакча | 120 орундуу | Жер трансформацияланган |
52 | Нарын району, Миң-Булак айыл өкмөтү, Миң-Булак айылы | 4 га | Социалдык шаарча куруу (мектеп, бала бакча, ФАП, мечит) | 150 орундуу мектеп, 50 орундуу бала бакча | Жер трансформацияланган |
Баткен облусу | |||||
53 | Лейлек району, Раззаков шаары, 1-кичи району | 0,37 га | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
54 | Лейлек району, Раззаков шаары, Пулон-2 конушу | 0,37 га | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
55 | Лейлек району, Раззаков шаары, 2-кичи району | 0,24 га | Бала бакча | 150 орундуу | Жер трансформацияланган |
56 | Лейлек району, Раззаков шаары, Могол-Тажикент участогу | 0,32 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
57 | Лейлек району, Раззаков шаары, Орто-Дон участогу | 0,24 га | Бала бакча | 100 орундуу | Жер трансформацияланган |
58 | Баткен шаары, Базар-Башы кварталы | 0,40 га | Бала бакча | 140 орундуу | Жер трансформацияланган |
59 | Баткен шаары, Чет-Булак кварталы | 0,50 га | Бала бакча | 140 орундуу | Жер трансформацияланган |
60 | Баткен шаары, Тамаша-Жай участогу | 0,35 га | Бала бакча | 140 орундуу | Жер трансформацияланган |
61 | Кызыл-Кыя шаары, Күңгөй-2 участогу | 2,4 га | Бала бакча | 150 орундуу | Трансформациялоо иштери аяктоо алдында |
62 | Кадамжай району, Айдаркен шаары | 0,60 га | Бала бакча | 140 орундуу | Жер трансформацияланган |
63 | Кадамжай шаары, Кара-Жантак участогу | 2,0 га | 2 бала бакча | 180 орундуу 150 орундуу | Курулуштун башкы планында бар |
64 | Кадамжай шаары Набережная көч. | 0,50 га | ФАП, 1 бала бакча | 90 орундуу | Жер трансформацияланган, мамлекеттик акт даярдалган |