Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 440
Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 92, 174-беренелерин ишке ашыруу, бажы иши чөйрөсүндөгү аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын (мындан ары - мамлекеттик органдар) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштурууну жакшыртуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартиби (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Түндүк" ачык акционердик коому менен биргеликте төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) тышкы экономикалык иш чөйрөсүндөгү уруксат берүү документтерин (маалымдарды) берүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдардын (уюмдардын) (мындан ары - мамлекеттик органдар (уюмдар)) Тартипке ылайык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү маалыматтык-техникалык ишке ашыруу боюнча ишин координациялоону;
2) автоматташтырылган маалыматтык өз ара аракеттенүү технологиясын ишке ашырууда колдонулуучу программалык каражаттарды коштоо жана модернизациялоо, ошондой эле ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында электрондук сервистердин иштөөсүнө мониторинг жүргүзүү боюнча иштерди уюштурууну;
3) "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасында электрондук түрдө маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарынын иштөөсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 22-октябрындагы № 691 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 08-сентябрындагы № 72 (3521) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |