Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 440 токтомуна) |
Бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - Маалыматтарды алуучу) менен бажы операцияларын жасоодо зарыл болгон уруксат берүү документтерин (маалымдарды) тариздөө жана берүү процессине катышкан мамлекеттик органдардын (уюмдардын) (мындан ары - Маалыматтарды берүүчүлөр) ортосунда электрондук түрдө ведомстволук өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу боюнча бир түрдүү жол-жоболорду белгилейт.
2. Маалыматтарды алуучу менен Маалыматтарды берүүчүлөрдүн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсү ведомстволор ичиндеги жана ведомстволор аралык административдик-башкаруу жана башка процесстерди оптималдаштырууга, ашыкча жол-жоболорду жок кылууга, тиешелүү мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга жана мөөнөттөрүн кыскартууга багытталган маалыматтык өз ара иштешүүнүн сервис-карталарын колдонуу аркылуу жүзөгө ашырылат.
3. Ушул Тартипте колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
1) Маалыматтарды алуучу - ушул Тартипке ылайык маалыматтар өткөрүлүп берилүүчү жана берилүүчү бажы иши чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана ага баш ийген бажы органдары;
2) Маалыматтарды берүүчү - ушул Тартипке ылайык маалыматтар өткөрүлүп берилүүчү жана берилүүчү, уруксат берүү документтерин (маалыматтарды) тариздөө жана берүү процессине катышкан мамлекеттик орган (уюм) жана анын ведомстволук (аймактык) бөлүмдөрү;
3) Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасы - бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтардын курамы, түзүмү жана берүү форматы аныкталган унификацияланган жана стандартташтырылган документ.
Ушул Тартипте колдонулган башка терминдер жана аныктамалар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын тиешелүү тармактарында колдонулган маанилерде колдонулат.
4. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2017-жылдын 5-декабрындагы № 168 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары алууга мүмкүн болгон шайкештикти ырастоо жөнүндө документтер жөнүндө маалыматтардын курамын жана мындай маалыматтарды алуу тартибин бекитүү жөнүндө" чечими, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 15-январындагы № 2 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары алууга мүмкүн болгон продукцияларды мамлекеттик каттоо жөнүндө берилген күбөлүктөр тууралуу маалыматтардын курамын жана мындай маалыматтарды алуу тартибин бекитүү тууралуу" чечими, Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын 2019-жылдын 6-августундагы № 129 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы органдары алууга мүмкүн болгон товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого лицензиялардан, товарлардын айрым түрлөрүн экспорттоого жана (же) импорттоого уруксаттардан жана үчүнчү өлкөлөр менен соодада тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулуучу товарлардын бирдиктүү тизмегине киргизилген айрым товарларды ташып келүүгө, ташып чыгууга жана транзитке корутундулардан (уруксат берүү документтеринен) маалыматтардын курамы жана мындай маалыматтарды алуу тартиби жөнүндө" чечими менен аныкталган курамда маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн алкагында мамлекеттик органдардын (уюмдардын) маалыматтык системаларынан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон уруксат берүү документтери жөнүндө маалыматтарды жана (же) мындай документтерден маалыматтарды бажы органдарынын алуусуна багытталган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинин 80-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында колдонулат.
Бажы операцияларын жасоодо зарыл болгон уруксат берүү документтерин (маалыматтарды) тариздөө жана берүү процессине катышкан Маалыматтарды алуучу менен Маалыматтарды берүүчүлөрдүн ортосунда ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарын (мындан ары - сервис-карталар) колдонуу ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык типтүү формага ылайык өзүнчө макулдашуулардын, ошондой эле мамлекеттик органдардын (уюмдардын) ички административдик регламенттеринин негизинде аныкталат.
Сервис-карта "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын операторунун Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү чечимдеринин каталогунда катталууга тийиш.
5. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Маалыматтарды берүүчүлөрдүн маалыматтык системаларынан Маалыматтарды алуучу алган уруксат берүү документтери жөнүндө маалыматтарды жана алардан маалыматтарды камтыган сервис-карталарды колдонууда бажылык декларациялоо менен байланышкан бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон документтер жана (же) маалыматтар аларды жасоодо берилиши мүмкүн эмес.
6. Сервис-карталарды колдонуу менен бажы операцияларын жасоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды берүү "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы (мындан ары - "Түндүк" ЭВӨС) аркылуу жүзөгө ашырылат.
Сервис-карталарды колдонуу аркылуу Маалыматтарды берүүчүлөр тарабынан берилүүчү маалыматтар "Түндүк" ЭВӨС маалымат алмашуу интерфейстерине (электрондук документтерге), ушул Тартип менен белгиленген реквизиттерге, формаларга (форматтарга) жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн аныктыгын күбөлөндүрүү жол-жоболоруна карата талаптарга шайкеш келүүгө тийиш.
7. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана жүзөгө ашыруу максатында Маалыматтарды алуучу жана берүүчүлөр төмөнкү жооптуу жактарды дайындайт:
1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу жана камсыздоо үчүн жооптуу жетекчинин орун басарын;
2) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо үчүн жооптуу кызмат адамдарын (кызматкерлерди);
3) ведомстволор аралык суроо-талаптарды берүүгө жана аларга жоопторду алууга укуктуу кызмат адамдарды (кызматкерлерди).
Ушул пункттун 2 жана 3-пунктчасында көрсөтүлгөн, электрондук кол тамганы пайдалануу менен ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырган жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында операцияларды аткарууда идентификациялоо мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган адамдарга карата "Түндүк" ЭВӨСтөгү адамдар жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу жөнүндө талап колдонулбайт.
2-глава. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарын колдонуу боюнча иштерди уюштуруу
8. Сервис-карталарды колдонуу аркылуу ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү уюштуруу үчүн Маалыматтарды алуучу төмөнкүлөрдү түзөт:
1) Маалыматтарды берүүчүлөрдүн карамагындагы бажы операцияларын жасоодо зарыл болгон уруксат берүү документтеринин (маалыматтардын) тизмегин;
2) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында Маалыматтарды берүүчүлөрдүн тизмегин;
3) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнү техникалык ишке ашыруунун планын.
Аталган тизмектер Маалыматтарды алуучу тарабынан актуалдуу абалда колдоого алынууга тийиш.
9. Уруксат берүү документтеринин (маалыматтардын) ар бир түрү үчүн Маалыматтарды алуучу тарабынан ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык форма боюнча кагаз жүзүндө даярдалган сервис-карталар коштомо кат менен кол коюу жана гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүү үчүн ар бир Маалыматтарды берүүчүгө жөнөтүлөт.
Маалыматтарды берүүчүлөр сервис-карталарга кол койгондон кийин Маалыматтарды алуучу Microsoft Office программалык каражаттарын колдонуу менен кагаз жүзүндөгү сервис-карта менен бирдей юридикалык күчкө ээ болгон ушул Тартиптин 2-тиркемесине ылайык анын электрондук формасын иштеп чыгат.
10. Сервис-карталардын негизинде Маалыматтарды берүүчүлөр санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан иштелип чыккан методикалык сунуштарга ылайык, ошондой эле маалыматтарды берүүнүн форматтарын эске алуу менен маалыматтарды берүүнүн электрондук сервистерин иштеп чыгат.
Сервис-карталары аркылуу маалыматтарды берүүнүн иштелип чыккан электрондук сервистери "Түндүк" ЭВӨС операторунун катышуусунда Маалыматтарды берүүчү тарабынан Маалымдарды алуучу менен биргеликте тестирленүүгө тийиш.
11. Сервис-карталар аркылуу маалымдарды жана маалыматтарды берүүнүн электрондук сервистерин тестирлөөнүн жыйынтыктары протокол менен таризделет.
Сервис-карталар аркылуу маалыматтарды берүүнүн электрондук сервисин колдонууга санариптик өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тестирлөө протоколун макулдашкандан кийин жол берилет.
12. Маалыматтарды алуучу Маалыматтарды берүүчүлөр менен түзүлгөн макулдашууларды эске алуу менен бажы органдарынын маалыматтык системаларынын программалык каражаттарына Маалыматтарды алуучунун программалык каражаттары менен Маалыматтарды берүүчүлөрдүн программалык каражаттарынын ортосунда маалымат алмашууну жүзөгө ашыруу, ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүгө мониторинг жүргүзүү үчүн зарыл болгон өзгөртүүлөрдү киргизүүнү камсыз кылат.
Мамлекеттик органдар (уюмдар) тиешелүү электрондук сервистер өнөр жайлык эксплуатацияга киргизилгенден кийин 5 жумуш күндүн ичинде бул тууралуу бири-бирине маалымдайт.
3-глава. Мамлекеттик органдардын (уюмдардын) бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарын колдонуу менен маалымдарды берүүсү боюнча иштерди уюштуруу
13. Маалыматтарды алуучудан суроо-талап түшкөн учурда Маалыматтарды берүүчү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген "бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык ишти жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык уруксат берүү документтери таризделген күнү ушул Тартиптин 2-тиркемеси менен бекитилген эрежелер боюнча таризделген жана берилген уруксат берүү документтери тууралуу маалыматтарды камтыган электрондук түрдөгү сервис-картаны тариздөөгө милдеттүү.
Көрсөтүлгөн сервис-карта Маалыматтарды берүүчү уруксат берүү документтерин тариздөө жана берүү тууралуу чечимди кабыл алган күндөн тартып бир жумуш күндөн кечиктирбестен Маалымдарды берүүчү тарабынан таризделүүгө тийиш.
14. Электрондук түрдөгү сервис-картанын аныктыгын жана бүтүндүгүн, ошондой эле аны жөнөтүүчүнүн идентификациясын аныктоо үчүн Маалыматтарды берүүчүнүн ведомстволор аралык суроо-талабына жооп берүүгө укугу бар кызмат адамынын (кызматкердин) күчөтүлгөн квалификациясыз электрондук кол тамгасы коюлууга тийиш.
15. Маалымдарды алуучуга электрондук түрдөгү сервис-картаны берүү Маалымдарды берүүчү тарабынан сервис-карта таризделген күндөн бир жумуш күндүн ичинде жүзөгө ашырылууга тийиш.
Маалыматтарды алуучу бажы органынын иш убактысы ичинде Маалыматтарды берүүчү жиберген сервис-карталарды кабыл алуу камсыздоого тийиш.
Ошол эле учурда ар бир сервис-картанын аныктыгын текшерүү жана бүтүндүгүн контролдоо жол-жобосу жүргүзүлүүгө тийиш, бул сервис-карта Маалыматтарды берүүчүнүн Маалымдарды алуучуга берүүсүнүн жүрүшүндө өзгөртүлбөгөндүгүн аныктоого мүмкүндүк берет (мындан ары - аутентификация жол-жобосу).
Аутентификациялоо жол-жобосунун натыйжалары оң болгон учурда Маалыматтарды алуучу тарабынан электрондук түрдө түзүлүүгө жана ар бир сервис-картанын кабыл алынгандыгы жөнүндө Маалымат берүүчүгө кабарлоо жөнөтүлүүгө тийиш.
Текшерүү терс натыйжа берген электрондук түрдөгү сервис-карта жана аутентификация жол-жобосу андан аркы иштетүүдөн жана жумушта колдонуудан алып салынууга тийиш.
Ошол эле учурда Маалымдарды алуучу тарабынан сервис-картаны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоо электрондук түрдө түзүлүп, сервис-картаны кабыл алуудан баш тартуунун себебин көрсөтүү менен Маалыматтарды берүүчүгө жөнөтүлүүгө тийиш.
Сервис-картаны кабыл алуу (кабыл алуудан баш тартуу) жөнүндө кабарлоо Маалыматтарды алуучу тарабынан Маалыматтарды берүүчүгө сервис-картаны алган күнү 3 сааттан кечиктирилбестен берилүүгө тийиш.
Маалыматтарды берүүчү сервис-картаны кабыл алуу (кабыл алуудан баш тартуу) жөнүндө кабарлоону ал жөнөткөн күндөн кийинки жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө кабыл алууну камсыздоого тийиш.
Маалымдарды берүүчүгө Маалыматтарды алуучудан сервис-картаны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоо келип түшкөн учурда Маалымдарды берүүчү сервис-картаны кабыл алуудан баш тартуунун себебин четтетүүгө жана сервис-картаны кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө кабарлоону алган күндөн кийинки жумуш күндөн кечиктирбестен сервис-картаны ушул Тартипке ылайык кайра жөнөтүүгө тийиш.
16. Маалымдарды берүүчүлөр тарабынан Маалымдарды алуучуга электрондук түрдөгү сервис-карталарды колдонуу менен маалыматтарды берүүдө Маалымдарды берүүчүлөр берилип жаткан бардык маалыматтардын өзгөрүлбөстүгүн, ошондой эле аларды үчүнчү жактардын мыйзамсыз пайдалануусунан коргоону камсыз кылууга тийиш.
4-глава. Ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүгө мониторинг жүргүзүү
17. Мониторинг жүргүзүүнүн максаты - ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында үзгүлтүксүз жана сапаттуу маалыматтык өз ара аракеттенүүнү камсыздоо.
18. Мониторинг жүргүзүүдө төмөнкүлөр жүзөгө ашырылат:
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү процесстери үчүн колдонулуучу инфраструктуранын түзүмдүк элементтери жөнүндө маалыматты чогултуу;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү үчүн шарттарды түзгөн, бул шарттарга таасир эткен же маалымат алмашуунун болушуна тоскоолдук кылган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүдө болуп жаткан процесстерге байкоо жүргүзүү;
- ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн инфраструктурасынын курамына кирген объекттердин окуяларын жана параметрлерин каттоо;
- маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында программалык каражаттарды эксплуатациялоо, маалыматтарды берүү процессинде келип чыккан каталар жана үзгүлтүккө учуроо жагдайлары менен байланышкан бардык окуяларды лог-файл журналына каттоо;
- лог-файл журналына катталган окуяларды талдоо.
19. Мониторингдин жыйынтыгы Маалыматтарды берүүчү, "Түндүк" ЭВӨС жана Маалыматтарды алуучунун ортосунда маалыматтарды берүүдө каталардын жана үзгүлтүккө учуроо жагдайларынын себептерин аныктоо жана санын тактоо болуп саналат.
20. Маалыматтарды алуучу менен Маалыматтарды берүүчүнүн ортосунда маалыматтык алмашуунун абалын баалоо үчүн мониторинг жүргүзүүнүн төмөнкү түрлөрү колдонулат:
1) реалдуу учурга жакын режимде жүргүзүлүүчү техникалык мониторинг;
2) маалыматтык мониторинг - жума сайын;
3) функциялык мониторинг - квартал сайын.
21. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн иштөөсүнө техникалык мониторинг жүргүзүү - төмөнкүлөрдү камтыган ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн абалы жана "Түндүк" ЭВӨСтүн компоненттеринин ишке жөндөмдүүлүгү тууралуу маалыматты алууга багытталган чаралардын жыйындысы:
1) ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү;
2) Маалыматтарды берүүчүлөрдүн электрондук сервистеринин жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү;
3) Маалыматтарды берүүчүлөрдүн электрондук сервистеринин ишке жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү;
4) маалыматтык системалардын компоненттеринин иштөө жөндөмдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү (программалык жана техникалык каражаттарды кошуп);
5) электрондук санарип кол тамгалардын колдонуу мөөнөттөрүнө мониторинг жүргүзүү.
Техникалык мониторинг Маалыматтарды алуучу жана "Түндүк" ЭВӨСтүн оператору менен биргеликте жүргүзүлөт.
22. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн абалына маалыматтык мониторинг жүргүзүү - бул маалыматтык системалардын программалык каражаттарынын иштөөсүнүн тууралыгы жөнүндө, ошондой эле маалыматтык системалардын программалык каражаттарынын жана ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн башка инфраструктуралык элементтеринин туура эмес иштөөсү менен байланышкан көйгөйлөрдүн бар экендиги жөнүндө маалыматтарды алууга багытталган чаралардын жыйындысы.
Маалыматтык мониторинг Маалыматтарды берүүчү, "Түндүк" ЭВӨСтүн оператору жана Маалыматтарды алуучу менен биргеликте жүргүзүлөт.
23. Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүгө функциялык мониторинг жүргүзүү - маалыматтык программалык каражаттарды колдонуу менен маалыматтарды берүүнүн тууралыгын, толуктугун жана өз убагында берилишин баалоого мүмкүндүк берүүчү чаралардын жыйындысы.
Функциялык мониторингди Маалымдарды алуучу Маалыматтарды берүүчү менен биргеликте берилген маалыматтардын аныктыгы, толуктугу жана өз убагында берилиши (маалыматтын сапаты) бөлүгүндө жүзөгө ашырат.
5-глава. Электрондук формадагы уруксат документтеринин, маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасынын юридикалык күчү
24. Электрондук формадагы уруксат берүү документинде камтылган жана электрондук кол тамга менен күбөлөндүрүлгөн маалыматтар өз колу коюлган кагаз жүзүндөгү уруксат берүү документине барабар электрондук формадагы уруксат берүү документи деп таанылат.
25. Электрондук формадагы уруксат берүү документинде камтылган жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасында камтылган электрондук кол тамга коюлган маалыматтар бирдей мааниге жана бирдей юридикалык күчкө ээ деп таанылат.
Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасынын электрондук колтамгасын текшерүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жүзөгө ашырылат.
26. Эгерде ченемдик укуктук актыларга ылайык кагаз жүзүндөгү уруксат берүү документи мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш болсо, электрондук кол тамга коюлган электрондук формадагы уруксат берүү документи өз колу коюлган жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документке барабар деп таанылат.
|
| Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибине 1-тиркеме |
Маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү жөнүндө ТИПТҮҮ МАКУЛДАШУУ
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 302 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жөнүндө жобонун негизинде аракеттенген, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын атынан _____________________________________________________________________________________________________ (кызматы, аты-жөнү) _____________________________________________________________________________________________________ жана ________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын (уюмдун) укуктук статусун регламенттөөчү _____________________________________________________________________________________________________ ченемдик укуктук актынын аталышы негизинде аракеттенген, мындан ары Тараптар деп аталуучу, _____________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын (уюмдун) аталышы) атынан ______________________________________________________________________________________________, (кызматы, аты-жөнү) ушул Макулдашууну (мындан ары - Макулдашуу) төмөнкүлөр жөнүндө түздү:
1. Негизги жоболор
Тараптар төмөнкүлөргө багытталган милдеттерди чечүү кызыкчылыгында өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууга ниеттенди: тышкы экономикалык иш чөйрөсүндө уруксат берүүчү жана башка документтерди (маалыматтарды) тариздөөдө жана берүүдө ички ведомстволук жана ведомстволор аралык административдик-башкаруу жана башка процесстерди оптималдаштырууга; Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында мамлекеттик контролду жүзөгө ашырууда Тараптардын борбордук аппараттарынын жана ведомстволук (аймактык) бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жакшыртууга; ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында суроо-талаптарга жана кайрылууларга жоопторду даярдоодо Тараптардын аракеттеринин оперативдүүлүгүн жана макулдашылгандыгын жогорулатууга; мамлекеттик контролго алынуучу товарларды (продукцияларды) Кыргыз Республикасына ташып кирүү жана Кыргыз Республикасынан ташып чыгуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүгүн жогорулатууга; Тараптардын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүүнү ишке ашырууда заманбап маалыматтык технологияларды жана автоматташтыруу каражаттарын киргизүүгө; тышкы экономикалык операцияларды ишке ашыруу үчүн уруксат берүүчү жана башка документтердин маалыматтык базасын өркүндөтүүгө.
2. Макулдашуунун предмети
Тараптар _____________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик контролдун түрлөрүнүн аталыштары) жаатында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана функцияларды аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтык өз ара аракеттенүүнү бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибине ылайык электрондук түрдөгү маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарын пайдалануу менен жүзөгө ашырат. Электрондук түрдөгү маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасын пайдалануу менен маалыматтык өз ара аракеттенүү __________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын/ведомстволук _____________________________________________________________________________________________________ (аймактык) органдардын аталышы) ______________________________________________________________ деңгээлинде жүзөгө ашырылат. Тараптардын ведомстволук (аймактык) органдары маалымат алмашууну жүзөгө ашырууда ушул Макулдашууну жетекчиликке апат. Тараптар алмашкан маалымат жана бул алмашуунун тартиби Тараптардын ыйгарым укуктарын ишке ашырууга, ошондой эле _____________________________________________________________________________________________________ _____________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик контролдун түрлөрүнүн аталышы) жаатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын аткаруу боюнча алардын ведомстволук (аймактык) органдарынын ишин координациялоону камсыз кылууга көмөктөшүүгө тийиш.
3. Жооптуу мамлекеттик органдар
Ушул Макулдашуунун алкагында борбордук аппараттын деңгээлинде өз ара аракеттенүүнү уюштурууга Тараптардын төмөнкү ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмдөрү жооптуу болуп саналат: 1) ________________________________________________________________________________________________ - (мамлекеттик органдын аталышы) ___________________________________________________________________________________________________; (мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы) 2) _______________________________________________________________________________________________ - (мамлекеттик органдын аталышы) ___________________________________________________________________________________________________; (мамлекеттик органдын түзүмдүк бөлүмүнүн аталышы) Бир Тараптын ыйгарым укуктуу түзүмдүк бөлүмү өзгөргөн учурда экинчи Тарапка бул тууралуу жазуу жүзүндө маалымдалат. Ушул Макулдашуунун алкагында ведомстволук (аймактык) органдардын деңгээлинде өз ара аракеттенүүнү уюштурууга жооптуу болуп Тараптардын ведомстволук (аймактык) органдарынын жетекчилери тарабынан аныкталуучу түзүмдүк бөлүмдөр эсептелет. Тараптар маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасына жана маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн техникалык шарттарына ылайык маалыматтык өз ара аракеттенүүгө даяр экендиги жөнүндө бири-бирине жазуу жүзүндө кабарлайт. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн техникалык шарттары өзгөртүлүшү жана (же) толукталышы мүмкүн. Техникалык шарттардын бардык өзгөртүүлөрү жана толуктоолору, анын ичинде берилүүчү маалыматтын форматтарын жана аны берүүнүн тартибин аныктоого байланыштуу өзгөртүүлөр жана толуктоолор эки тараптуу чечимдер (протоколдор) менен таризделет.
4. Маалымат алмашуу
____________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) ведомстволор аралык маалыматтык өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда _________________________________ ____________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) өз ара аракеттенүүнүн электрондук каналдары боюнча төмөнкүдөй маалымдарды (маалыматтарды) жиберет: - товарлардын номенклатурасын жана арыз ээси жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен уруксат берүүчү документтерди берүүдөн баш тартуу жөнүндө кабыл алынган чечимдер жөнүндө - тиешелүү чечимдер кабыл алынгандан кийин 1-жумуш күндүн ичинде; - аларды жокко чыгаруу же болбосо колдонулушун токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынган уруксат берүүчү документтер жөнүндө - тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийин 1-жумуш күндүн ичинде; - товарларга (продукцияга) карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү колдонуу жөнүндө ____________________________________________________________________________________ жана көз (мамлекеттик органдын аталышы) карандысыз эксперттик уюмдар тарабынан берилген корутундулар тууралуу - Тараптар менен макулдашылган мөөнөттө. ___________________________________________________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы) маалыматтык ведомстволор аралык аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда ______________________________________ ___________________________________________________________________________________________________, (мамлекеттик органдын аталышы) өз ара аракеттенүүнүн электрондук каналдары боюнча төмөнкүдөй маалымдарды (маалыматтарды) жиберет: - уруксат берүүчү документтердин негизинде Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына ташып кирүүдө же Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынан ташып чыгууда мамлекеттик контролго алынуучу товарларды (продукцияларды) бажы жол-жоболоруна жайгаштыруу жөнүндө - ай сайын; - бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын аткаруу үчүн тышкы экономикалык иштин катышуучуларына ___________________________________________________________________________________ (мамлекеттик/ведомстволук (аймактык) органдардын аталышы) Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу товарларды (продукцияларды) өткөрүүгө уруксат берүүчү документтерди алуу сунушталган учурлар жөнүндө жыйынды маалыматтар же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тыюу салууларды жана чектөөлөрдү колдонуу жөнүндө корутунду - ай сайын; - Бажы органдарынын бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын ченемдик-маалымдама маалыматтарынын актуалдаштырылган маалыматтары (Евразия экономикалык бирлигинин тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына, бүтүмдөрдүн мүнөзүнүн классификаторлоруна, төлөм шарттарына жана бажы органдарына тиешелүү бөлүгүндө) - ай сайын. Ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында Тараптар биргелешкен иштин пландарын макулдашып жана беките алат, методикалык көрсөтмөлөрдү иштеп чыгат, өз ара методикалык жардам жана эксперттик колдоо көрсөтө алат. Зарыл болгон учурда Тараптар өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн өздөрүнүн түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана/же ведомстволук (аймактык) органдарынын өкүлдөрүнөн биргелешкен жумушчу топторду түзө алат.
5. Маалыматтык коопсуздук
Тараптар ушул Макулдашуунун алкагында маалыматты берүүнү жана кабыл алууну ишке ашырууда маалыматты коргоо боюнча тиешелүү чараларды көрөт. Тараптар Ушул Макулдашуунун алкагында алынган маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга жана аны кызматтык максаттарда гана пайдаланууга милдеттенет. Тараптардын кызмат адамдары жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
6. Келишимдин күчүнө кириши
Бул Макулдашуу Тараптар ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Бул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт, аны бузуу датасына чейин үч айдан кечиктирбестен экинчи Тарапка жазуу жүзүндө кабарлоо аркылуу Тараптардын биринин демилгеси боюнча бузулушу мүмкүн. Тараптар Макулдашууну бузуу датасына чейин ушул Макулдашууга ылайык кабыл алынган милдеттенмелерди аткарууга тийиш. Тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча бул Макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн, алар Макулдашуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат жана Тараптар аларга кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет. Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада түзүлдү.
Тараптардын реквизиттери |
|
|
| Бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик органдар (уюмдар) менен маалыматтык ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу тартибине 2-тиркеме |
Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасын толтуруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
1. Бул Эрежелер ушул Эрежелердин тиркемесине ылайык форма боюнча маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасын толтуруу тартибин аныктайт.
2. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасынын формасы төмөнкү баракчаларды камтыйт:
1-бөлүм. Жалпы маалыматтар;
2-бөлүм. Суроо-талапты жана суроо-талапка жоопту баяндоо: жалпы баяндоо;
3-бөлүм. Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) баяндоо: маалыматтардын курамы.
3. Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасынын формаларынын талаалары (таблицалары) Маалымат берүүчү, ошондой эле Маалымат алуучу тарабынан толтуруу үчүн милдеттүү болуп саналат жана аларда берилген маалыматтардын толуктугу үчүн жоопкерчилик Маалымат алуучуга да, Маалымат берүүчүгө да бирдей жүктөлөт.
4. 1-бөлүм. "Жалпы маалыматтарды" толтуруу
Бул бөлүм Маалымат алуучу, ошондой эле Маалымат берүүчү тарабынан толтурулат.
"Мамлекеттик органдын (уюмдун) аталышы" графасында документтер (маалыматтар) карамагында турган мамлекеттик органдын, уюмдун же мамлекеттик органдын ведомстволук органынын же уюмдун бөлүмүнүн толук аталышы көрсөтүлөт.
"Жооптуу адамдын аты-жөнү жана кызмат орду" жана "Байланыш маалыматтары" графаларында ведомстволор аралык суроо-талапты берүүгө жана суроо-талапка жоопту жиберүүгө укуктуу кызмат адамдарынын (кызматкерлеринин) фамилиясы, аты, атасынын аты жана кызмат орду, ошондой эле электрондук почтасынын дареги жана байланыш телефону көрсөтүлөт.
5. 2-бөлүм. "Суроо-талапты жана суроо-талапка жоопту баяндоо: жалпы баяндоону" толтуруу
Ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында анын карамагында турган жана алынууга тийиш болгон маалымат берүү жөнүндө талап менен Маалымат алуучунун Маалымат берүүчүгө кайрылуусу суроо-талап деп түшүнүлөт.
Бул бөлүм Маалымат алуучу, ошондой эле Маалымат берүүчү тарабынан толтурулат.
"Суроо-талаптын аталышы" графасында ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында маалымат алуу жөнүндө суроо-талаптын аталышы көрсөтүлөт.
Суроо-талаптын аталышы ведомстволор аралык өз ара аракеттенүүнүн алкагында ушул суроо-талапты башка суроо-талаптардан айырмалоого мүмкүндүк бергендей болууга тийиш.
Ишке ашыруу үчүн маалымат берүү зарыл болгон "Контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча мамлекеттик функциянын толук аталышы" графасында ишке ашыруу үчүн маалымат берүү зарыл болгон Маалымат алуучунун жана Маалымат берүүчүнүн айкын функциясы көрсөтүлөт.
Мисалы, Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларга карата тыюу салуулардын жана чектөөлөрдүн сакталышын камсыз кылуу.
"Маалымат (документти) берүү үчүн укуктук негиздер" графасында функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалымат (документти) берүү жөнүндө талапты белгилеген ченемдик укуктук актынын аталышы жана ушул ченемдик укуктук актынын реквизиттери көрсөтүлөт.
"Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберген жакты жана суроо-талаптын (суроо-талапка жооптун) өзгөрбөстүгүн күбөлөндүрүү ыкмалары" графасы "ЭК" ("Электрондук кол тамга") аббревиатурасы менен толтурулат.
"Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберүү ыкмасы" графасы төмөнкү коддорду киргизүү менен толтурулат:
"1" - "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасынын алкагында;
"2" - башка электрондук байланыш каналдарды боюнча;
"3" - электрондук почта боюнча;
"4" - факс боюнча;
"5" - башка же ыкмалардын айкалышы.
"Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберүү мөөнөтү" графасында Маалымат алуучу тарабынан Маалымат берүүчүгө суроо-талапты жиберген дата жана убакыт көрсөтүлөт, Маалымат берүүчү тарабынан Маалымат алуучуга суроо-талапка жооп жиберилген дата жана убакыт көрсөтүлөт (Маалымат берүүчү маалыматтык өз ара аракеттенүү сервис-картасын тариздеген күндөн тартып 1 жумуш күндөн кечиктирбестен).
6. 3-бөлүм. "Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) баяндоо: маалыматтардын курамын" толтуруу
Бул бөлүм Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү "Бирдиктүү терезе" принциби боюнча тышкы экономикалык иштерди жүзөгө ашыруу үчүн мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын уруксат жана башка документтерди берүү тартиби жөнүндө жобого ылайык таризделген уруксат берүүчү документтердин негизинде Маалымат берүүчү тарабынан толтурулат.
"Маалымат булагы" тилкеси төмөнкү коддорду киргизүү жолу менен толтурулат:
"1" - маалыматтар маалыматтык системадан пайдаланылган жана суроо-талапка жооп жиберүү үчүн жооптуу болгон Маалымат берүүчүнүн көрсөтүлгөн системасында сакталат;
"2" - маалыматтар кагаз түрүндөгү уруксат берүүчү документтерден пайдаланылган жана суроо-талапка жооп жиберүү үчүн жооптуу болгон Маалымат берүүчүдө кагаз түрүндөгү маалыматтар базасынын курамында сакталат.
|
| Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-карталарын толтуруу эрежелерине тиркеме |
___________________________________________ (мамлекеттик органдын (уюмдун) ___________________________________________ аталышы) ___________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) ___________________________________________ ___________________________________________ (колу, мөөр орду) 20___-жылдын "___" ___________________ |
| ___________________________________________ (мамлекеттик органдын (уюмдун) ___________________________________________ аталышы) ___________________________________________ (кызмат орду, аты-жөнү) ___________________________________________ ___________________________________________ (колу, мөөр орду) 20___-жылдын "___" ___________________ |
Маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн сервис-картасы
1-бөлүм. Жалпы маалыматтар
Мамлекеттик органдын (уюмдун) аталышы | Маалымат алуучу же Маалымат берүүчү | Жооптуу адамдын аты-жөнү, кызмат орду | Байланыш маалыматтары |
| Алуучу |
|
|
| Берүүчү |
|
|
2-бөлүм. Суроо-талапты жана суроо-талапка жоопту баяндоо: жалпы баяндоо
№ | Талаанын аталышы | Маалымат алуучу тарабынан толтуруу үчүн тилке | Маалымат берүүчү тарабынан толтуруу үчүн тилке |
1 | Суроо-талаптын аталышы |
|
|
2 | Ишке ашыруу үчүн маалымат берүү зарыл болгон контролдоо (көзөмөлдөө) боюнча мамлекеттик функциянын толук аталышы |
|
|
3 | Маалымат берүү үчүн укуктук негиздер |
|
|
4 | Суралган документтин (маалыматтын) аталышы |
|
|
5 | Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберген жакты жана суроо-талаптын (суроо-талапка жооптун) өзгөрбөстүгүн күбөлөндүрүү ыкмалары |
|
|
6 | Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберүү ыкмасы |
|
|
7 | Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) жиберүү мөөнөтү |
|
|
3-бөлүм. Суроо-талапты (суроо-талапка жоопту) баяндоо: маалыматтардын курамы
Суроо-талаптын курамында берилүүчү маалыматтарды баяндоо | Суроо-талапка жооптун курамында берилүүчү маалыматтарды баяндоо | Маалымат булагы |
Уруксат берүүчү документти берген мамлекеттик органдын (уюмдун) аталышы |
|
|
Уруксат берүүчү документтин номери |
|
|
Уруксат берүүчү документтин колдонуу мөөнөтү |
|
|
Уруксат берүүчү документтин тиби ("экспорт", "импорт") |
|
|
Тышкы экономикалык бүтүмдү жүзөгө ашырууга контракттын (келишимдин) номери жана ага кол коюлган дата |
|
|
Юридикалык жак үчүн - арыз ээсинин аталышы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты мамлекеттик каттоодо ыйгарылуучу номери жана юридикалык дареги же жеке ишкер үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты (бар болсо), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке ишкер катары жеке жакты мамлекеттик каттоодо ыйгарылган номери, инсандыгын ырастоочу документ жөнүндө маалыматтар |
|
|
Сатып алуучунун (экспортко уруксат берүү үчүн) же сатуучунун (импортко уруксат үчүн) аталышы жана дареги |
|
|
Баруучу өлкөнүн (экспортко уруксат берүү үчүн) же жөнөтүүчү өлкөнүн (импортко уруксат берүү үчүн) кыскача аталышы жана коду же "Контракттардын (келишимдердин) шарттарына ылайык" деген жазуу (эгерде контрактта (келишимде) баруучу (жөнөтүүчү) бир нече өлкө каралган болсо) |
|
|
Сатып алуучунун өлкөсүнүн (экспортко уруксат берүү үчүн) же сатуучунун өлкөсүнүн (импортко уруксат берүү үчүн) кыскача аталышы жана коду |
|
|
Контракттын (келишимдин) валютасынын толук аталышы жана анын санариптик коду |
|
|
Контракттын (келишимдин) валютасындагы товардын наркы |
|
|
Товардын АКШ долларындагы статистикалык наркы |
|
|
Товар чыгарылган өлкөнүн кыскача аталышы жана коду же "Контракттардын (келишимдердин) шарттарына ылайык" деген жазуу (эгерде контрактта (келишимде) товар чыгарылган бир нече өлкө каралган болсо) |
|
|
Товардын саны |
|
|
Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасына ылайык товардын өлчөө бирдигинин кыскартылган аталышы (негизги жана кошумча (бар болсо)) |
|
|
Евразия экономикалык бирлигинин Тышкы экономикалык ишинин Товардык номенклатурасына ылайык товардын коду |
|
|
Товарды баяндоо |
|
|
Уруксатка кол койгон мамлекеттик органдын (уюмдун) кызмат адамынын (кызматкеринин) аты-жөнү, фамилиясы жана кызмат орду |
|
|
| Документке электрондук колтамга менен кол коюлду
Сертификат: ХХХХХХХХХХХХХХ Ээси: ________________________________________ (аты-жөнү) Жарактуу: _________________ тартып ________________ чейин Кол коюлган дата: кк.аа.жж сс:мм |
| Документке электрондук колтамга менен кол коюлду
Сертификат: ХХХХХХХХХХХХХХ Ээси: _______________________________________ (аты-жөнү) Жарактуу: _________________ тартып _________________ чейин Кол коюлган дата: кк.аа.жж. сс:мм |