Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 439
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу "Кыргыз Маданият Сервис" мамлекеттик ишканасы деп кайра атоо жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456, 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Маданият жана искусство мекемелеринин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 "Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
- эскертүүнүн 19-пунктунда "45" деген цифралар "39" деген цифраларга алмаштырылсын.
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-августундагы № 456 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-декабрындагы № 710 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин ишинин айрым маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту.
6. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги:
- 6 штаттык бирдиктин кыскартылышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Улуттук маданий борбордун эмгек акы төлөө фондунан үнөмдөлгөн акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинде каралган тартипте республикалык бюджетке кайтарсын;
- мамлекеттик ишкананы юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 05-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |