Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 439 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-декабры № 710
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдында Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Китеп басып чыгаруу жана таркатуу тутумун өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 1-июлундагы № 155 “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча “Кыргыз китеп” мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Китеп басып чыгарууну жана таркатуу тутумун өнүктүрүү боюнча "Кыргыз китеп" мамлекеттик ишканасынын уставы бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 218 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 79 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |