Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-сентябры № 445
Уставдык капиталында акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкаруу маселелери жөнүндө
Уставдык капиталында мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Акциялардын мамлекеттик пакети (катышуу үлүшү) бар чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо жана көрсөтүү тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 341 "Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомун түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 7-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 109 "Уставдык капиталында мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 3-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 7-сентябрындагы № 486 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |