Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-сентябрындагы № 445 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 7-сентябры № 486
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордо корпоративдик башкарууну тартипке салуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 27-майындагы № 274 "Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчө кызмат ордуна талапкерлерди мамлекеттик органдар тарабынан тандоо жана көрсөтүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарындагы мамлекеттик өкүлдөр жөнүндө жободо:
- 2-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү жөндөмөлөрдөгү ", Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартибинде:
- 2-пунктунда:
экинчи, үчүнчү, алтынчы абзацтары "Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги", "Финансы министрлигинин", "Финансы министрлиги" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө ", Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги", ", Санариптик өнүктүрүү министрлигинин", Санариптик өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"Санариптик өнүктүрүү министрлиги - Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;";
- 3-пункту төмөнкүдөй мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:
"Чарбакер коомдун башкаруу органдарына шайлоо үчүн талапкерлерди белгиленген тартипте көрсөтүүгө Санариптик өнүктүрүү министрлигинин түзүмүндө кадрлар резервин түзүү жана даярдоо Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашырылат.";
- 40-пунктунун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"40. Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттеринин тизмесине киргизилген чарбакер коомдордун директорлор кеңешинин мүчөсүнүн кызмат ордуна шайлоо үчүн акционер тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлер, ыйгарым укуктуу орган, Финансы министрлиги же Санариптик өнүктүрүү министрлиги Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тейлөөчү орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен макулдашат.";
- 41-пунктунда "вице-премьер-министр жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 47-пунктунда "вице-премьер-министр жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министри менен" деген сөздөр "Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы менен" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдордун башкаруу органдарына мүчөлөрдү тандоо, көрсөтүү тартибинин 2-тиркемесинде:
18-пунктунда "Бузуулар" деген сөздөр "Укук бузуулар" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |