Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 434
Кыргыз Республикасында ачык маалыматтарды ишке ашырууга байланышкан айрым маселелер жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасындагы ачык маалыматтар порталы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана административдик ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды
Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |