Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 434 токтомуна) |
Кыргыз Республикасындагы ачык маалыматтар порталы жөнүндө жобо
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Кыргыз Республикасындагы ачык маалыматтар порталы жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) ачык маалыматтарды керектөөчүлөрдүн Кыргыз Республикасындагы Ачык маалыматтар порталына (мындан ары - Портал) жетүүсүн уюштурууну аныктайт, Порталды түзүүнүн жана иштөөсүнүн тартибин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алардын карамагындагы ачык маалыматтар форматындагы маалыматтарды жайгаштыруусунун принциптерин аныктайт.
2. Маалымат, анын ичинде Интернет тармагы аркылуу таркатылуучу, кайталап пайдалануу максатында адам тарабынан алдын ала өзгөртүүлөрсүз автоматташтырылган иштеп чыгууга жол берүүчү форматтагы маалымат ачык маалыматтар болуп саналат.
3. Жобонун укуктук негиздерин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдары, башка эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери түзөт.
4. Ушул Жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр.
Ушул Жобонун максаттары үчүн төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) ачык маалыматтар - бул Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтардын массивдери түрүндөгү маалымат, ал Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкка ачык-айкындуулугуна жана отчеттуулугуна өбөлгө түзүүчү, машинада окулуучу форматта эркин алуу, пайдалануу жана жайылтуу шарттарында Интернет тармагында ачык жеткиликтүүлүктө жайгаштырылат;
2) машинада окулуучу маалыматтар - маалыматтык системаларга ушундай маалыматтарды жана алардын курамындагы бөлүктөрдү (элементтерди) адамдын катышуусуз автоматтык түрдө идентификациялоого, иштеп чыгууга, кайра түзүүгө, ошондой эле аларга жетүүнү камсыз кылууга мүмкүндүк берүүчү форматтарда берилген маалыматтар;
3) мета-маалыматтар - маалыматтардын түзүмүн, аларды берүүнүн ыкмаларын, иштетүү методдорун, аларга жетүү укуктарын жана аларды автоматтык түрдө издөөгө жана башкарууга мүмкүндүк берүүчү маалыматтардын башка мүнөздөмөлөрүн сүрөттөгөн маалымат;
4) ачык маалыматтардын топтому (маалыматтар топтому) - ачык маалыматтар формасында берилген, атрибуттардын топтому менен мүнөздөлгөн жана автоматташтырылган системаларга адамдын катышуусуз мындай элементтерди идентификациялоого, интерпретациялоого жана иштетүүгө мүмкүндүк берген айрым элементтерден турган бир типтеги маалыматтардын системалаштырылган жыйындысы;
5) ачык маалыматтар топтомунун паспорту - Порталдагы белгилүү бир тематикалык бөлүмгө таандыктыгын аныктоого мүмкүндүк берген ачык маалыматтардын топтому, жайгаштыруу дареги, жүктөө жана андан кийинки автоматтык түрдө иштетүү ыкмасы жөнүндө маалыматтардын жыйындысы;
6) ачык маалыматтар топтомдорунун реестри - ачык маалыматтар топтомдорун автоматтык түрдө багыттоого жана ачык маалыматтар топтомдоруна жетүү үчүн зарыл болгон гипершилтемелерди кошуп, ушул топтомдордун негизги параметрлерин алууга мүмкүндүк берген ачык маалыматтар топтомдорунун системалаштырылган тизмеси;
7) Порталдын ээси - Порталды түзүүнү жана эксплуатациялоону уюштурган Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
8) Порталдын оператору - Порталдын ээси тарабынан аныкталган, Порталды техникалык жана технологиялык коштоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу уюм;
9) ачык маалыматтарды жеткирүүчү - Порталда ачык маалыматтар топтомун жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу мамлекеттик бийлик органы;
10) жооптуу адам - ачык маалыматтардын топтомун даярдоону камсыз кылуучу жана ачык маалыматтарды Порталга жайгаштырууну жүзөгө ашыруучу ачык маалыматтарды жеткирүүчүнүн өкүлү;
11) ачык маалыматтарды керектөөчү - Порталда жайгаштырылган ачык маалыматтарды колдонгон адам;
12) арыз берүүчү - Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу кайрылган колдонуучу;
13) электрондук кайрылуу - Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу жөнөтүлгөн тексттик билдирүү;
14) маалыматтарды токтотуу - ачык маалыматтарды жеткирүүчү тарабынан ачык маалыматтарга жетүүнү токтотуу;
15) тиркеме - ачык маалыматтарды керектөөчү тарабынан иштелип чыккан, атайын функцияны же тапшырманы аткарган жана бул үчүн ачык маалыматтарды колдонгон программалык продукт;
16) ачык маалыматтардын топтомун жайгаштыруу - Порталга ачык маалыматтарды автоматташтырылган (АРI - Application Programming Interface аркылуу) жүктөө;
17) тематикалык бөлүк - Порталдагы ачык маалыматтардын жашоо-тиричиликтин белгилүү чөйрөсүнө таандыктыгын мүнөздөгөн алардын классификациясынын категориясы;
18) электрондук архив - ачык маалыматтар топтомун электрондук түрдө каттаган архив.
2. Максаттар жана милдеттер
4. Порталдын жана ачык маалыматтар демилгесинин максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө маалыматтын, ошондой эле жеке жана юридикалык жактар үчүн ачык маалыматтар түрүндө өз ыйгарым укуктарын аткаруунун алкагында алынган жана түзүлгөн маалыматтардын жеткиликтүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин контролдоо жана мониторинг жүргүзүү мүмкүнчүлүгү аркылуу коомдун жарандык позициясын өнүктүрүү, жарандардын бийлик органдарына болгон ишенимин бекемдөө.
5. Порталдын жана ачык маалыматтар демилгесинин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачык маалыматтар формасында берилген маалымат ресурстарына борборлоштурулган жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;
- ачык маалыматтарды түзүү, жайгаштыруу жана пайдалануу маселелери боюнча кесиптик коомчулук (ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр, алардын жооптуу өкүлдөрү, ачык маалыматтарды керектөөчүлөр, ачык маалыматтардын негизинде тиркемелерди же сервистерди иштеп чыгуучулар) менен байланыш үчүн бирдиктүү маалыматтык аянтчаны түзүү;
- Интернет тармагында ачык маалыматтар формасындагы маалыматтардын негизинде иштеген тиркемелер жана сервистер рыногун түзүү, коомдук пайдалуу сервистерди иштеп чыгууда бюджеттик чыгымдарды үнөмдөө;
- бизнес-структуралар, илимий-изилдөөчү уюмдар, окуу жайлар, жарандар өз иштеринин кызыкчылыгында талдоосу жана пайдалануусу, ошондой эле саламат атаандаштыкты жана жаңы инновациялык продукттарды түзүү мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу үчүн маалыматтык базаны кеңейтүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда маалыматтык өз ара аракеттенүү үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү.
6. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз иши жөнүндө маалыматтарды ачык маалыматтар формасында жайгаштыруунун базалык принциптери болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалыматтын ээлери болуп саналган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын анын ишенимдүүлүгү, жеткиликтүүлүгү жана актуалдуулугу үчүн жоопкерчилиги;
- Интернет тармагындагы ачык маалыматтар формасындагы маалыматтарды пайдалануучулардын кеңири спектрдеги максаттарда ыңгайлуу пайдалануусун камсыз кылуу;
- ачык маалыматтар формасындагы маалыматтарды жайгаштыруу процесстерин жана инфраструктурасын жакшыртуу, колдонуучулар (жарандар жана сервистер менен тиркемелерди иштеп чыгуучулар) менен кайрадан байланыштын негизинде артыкчылыктарды аныктоо, алдынкы тажрыйбаны табуу жана жайылтуу.
7. Интернетте ачык маалыматтар формасындагы маалыматтарды жайгаштыруу боюнча ишти уюштуруу үчүн Ачык маалыматтар порталы түзүлөт.
3. Ачык маалыматтар порталы
8. Портал ачык маалыматтар формасындагы маалыматтарды жайгаштыруу үчүн арналган Интернет тармагындагы маалыматтык системаны билдирет. Портал программалык жана аппараттык каражаттардын жыйындысынан турат, алар Порталдын операторунун, ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөрдүн жана ачык маалыматтарды жайгаштырууда жана пайдаланууда пайдалануучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү камсыз кылат.
9. Портал ачык маалыматтардын керектөөчүлөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык маалыматтар формасында берилген маалыматтык ресурстарына борбордоштурулган жетүүнү, ачык маалыматтар жөнүндө сыпаттама жана шилтеме маалыматтарды, ачык маалыматтардын топтомун сактоону, ошондой эле ачык маалыматтардын жыйынды реестрин жүргүзүүнү камсыз кылат.
10. Порталдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачык маалыматтар топтомунун бар экендиги, форматтары, жайгаштыруу, актуалдаштыруу жана сактоо ыкмалары жөнүндө маалыматтарды борборлоштуруп эсепке алуу;
- ачык маалыматтардын топтомун жайгаштыруу, иштеп чыгуу, сактоо жана аларды коргоону камсыз кылуу;
- Порталда жарыяланган ачык маалыматтар топтомдорун классификациялоо, ачык маалыматтарды навигациялоону жана издөөнү камсыз кылуу;
- ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр тарабынан ачык маалыматтар топтомун өз убагында, толук жана актуалдуу берүүнүн мониторингин камсыз кылуу, тиркемелер жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу;
- Портал оператору, ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр жана ачык маалыматтарды керектөөчүлөр арасында кайра байланыш мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу, аларды берүүнүн сапатын контролдоо.
11. Порталга ачык маалыматтар топтомдорунун реестрине (мындан ары - реестрлер) киргизилген ачык маалыматтар топтомдору жайгаштырылат. Реестрлер Порталдын ээси бекиткен формада ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр тарабынан түзүлөт.
12. Реестрлерди түзүү "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жана керектөөчүлөр тарабынан ачык маалыматтардын талап кылынарын эске алып, анын ичинде ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр тарабынан жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн, ошондой эле ачык Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылуулардын негизинде жүзөгө ашырылат.
13. Мамлекеттик сырлар жана жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтар реестрлерге киргизилбейт.
14. Реестр жайгаштырууга сунушталган ар бир ачык маалыматтар топтому жөнүндө, анын аталышын, анда камтылган маалыматтардын форматын, ачык маалыматтарды жеткирүүчү, ачык маалыматтардын булагы (булактары) жөнүндө маалыматтарды, ачык маалыматтардын топтомун жайгаштыруу пландалып жаткан Порталдын тематикалык бөлүмүн кошуу менен маалыматтарды камтууга тийиш.
15. Порталда жарыяланган ачык маалыматтар топтому Кыргыз Республикасынын маалыматтык жана киберкоопсуздук чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык маалыматты уурдоону, жоготууну, бурмалоону, жасалмалоону алдын алуу боюнча чараларды сактоо менен сакталууга жана иштелип чыгууга тийиш.
4. Укуктары жана милдеттери
16. Порталдын ишинин алкагында маалыматтык мамилелердин негизги субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Порталдын ээси;
- Порталдын оператору;
- ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр;
- ачык маалыматтарды жеткирүүчүнүн жооптуу адамы;
- ачык маалыматтарды керектөөчүлөр.
17. Порталдын ээсинин негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ачык маалыматтар демилгеси саясатын аныктоо;
- жарандардын алдынкы тажрыйбасын, сунуштарын талдоо жана анын негизинде ачык маалыматтарды жайгаштыруунун уюштуруучулук жана техникалык маселелерине тийиштүү жалпы талаптарды жана сунуштамаларды түзүү;
- Порталды өнүктүрүүгө жана колдоого багытталган маалыматтык кампанияны өткөрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу;
- жарандардын ачык маалыматтарды пайдалануу боюнча активдүүлүгүн талдоо;
- ачык маалыматтарды жайгаштыруу маселелери боюнча ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр менен өз ара аракеттенүү;
- ачык маалыматтар топтомдорун Порталда жайгаштыруунун план-графигин иштеп чыгуу жана жүргүзүү;
- ачык маалыматтарды жайгаштыруунун тартиби жана ачык маалыматтарды жайгаштыруунун техникалык талаптары жөнүндө типтүү нускаманы иштеп чыгуу жана бекитүү;
- ачык маалыматтар чөйрөсүндөгү иштерди координациялоону жүзөгө ашырат;
- ачык маалыматтар топтомунун паспортун жана ачык маалыматтар топтомунун реестрин даярдоо боюнча форманы иштеп чыгуу жана бекитүү.
18. Порталдын операторунун негизги функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- Порталдын үзгүлтүксүз иштешин, анын ичинде ачык маалыматтарды коргоону жана сактоону камсыз кылуу боюнча иштерди уюштуруу;
- ачык маалыматтар топтомун АРI аркылуу автоматтык түрдө жүктөө боюнча Порталдын функционалын өркүндөтүү;
- жооптуу адамдарды ачык маалыматтарды Порталга жайгаштыруу боюнча окутуу;
- Порталда көрүүлөрдүн статистикасын жарыялоо, маалыматтарды жүктөө, ошондой эле ачык маалыматтар топтомунун талап кылынары боюнча ишти уюштуруу;
- Порталда ачык маалыматтар топтомунун актуалдуулук датасы өтүп кеткен учурда ачык маалыматтарды жеткирүүчүгө автоматтык түрдө билдирүү;
- Порталда ачык маалыматтар топтомдорунун реестрин жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- керектөөчүлөрдү мамлекеттик бийлик органдары, ошондой эле категориялар боюнча жайгаштырылган ачык маалыматтарды тандоо мүмкүнчүлүгү менен камсыз кылуу;
- ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөргө жазуу жүзүндө же электрондук кайрылуусу боюнча ачык маалыматтар топтомдоруна жеткиликтүүлүктү берүүнү токтотуу (токтото туруу);
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ачык маалыматтарды жайгаштыруусуна мониторинг жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын ачык маалыматтарды жайгаштырууга дем берүү максатында туруктуу рейтингдөө;
- штаттан тышкаркы кырдаалдарда Порталды калыбына келтирүү боюнча иштерди уюштуруу;
- Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу келип түшкөн электрондук кайрылууларды кароо боюнча иштерди уюштуруу;
- маалыматтар топтомдорун автоматтык түрдө архивдештирүүнү камсыз кылуу.
19. Ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр:
- Порталдын ээси тарабынан аныкталган форма боюнча реестрлерди түзөт;
- Портал менен иштөөнү уюштуруу жана ачык маалыматтар топтомун жайгаштыруу үчүн жооптуу кызмат адамын дайындайт;
- жооптуу адамды функцияларын жүзөгө ашыруу мүмкүн эместигине байланыштуу бошонуу же башка жагдайларда ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр башка жооптуу адамды убактылуу же туруктуу негизде дайындайт.
Ачык маалыматтарды жеткирүүчүнүн жетекчилери анык эмес маалыматтарды бергендиги үчүн маалыматтарга жеткиликтүүлүк чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
20. Жооптуу адамдын негизги функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өз органынын алкагында ачык маалыматтардын ишин координациялоо;
- Порталдын ээси жана Порталдын оператору менен өз ара аракеттенүү;
- жайгаштырылуучу ачык маалыматтардын топтомдорунун толуктугун, актуалдуулугун жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу;
- Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу алынган электрондук кайрылууларды кароо жана тийиштүү жоопту берүү;
- Порталдын ээси бекиткен формага ылайык ачык маалыматтар топтомунун паспортун даярдоо;
- ачык маалыматтар топтомун Порталда машинада окулуучу форматта жайгаштырууну камсыз кылуу;
- ачык маалыматтар топтомун автоматтык түрдө жаңылоо боюнча иштерди жүргүзүү.
21. Ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр Порталдын оператору менен биргеликте автоматташтырылган режимде АРI интерфейси аркылуу маалыматтардын топтомун жайгаштыруу үчүн ведомствонун маалыматтык системасын Портал менен интеграциялайт, анын ичинде жарым жылда бир жолудан кем эмес мезгилдүүлүк менен ачык маалыматтардын топтомун автоматтык түрдө жаңылоону жүзөгө ашырат. Ачык маалыматтардын ар бир топтому үчүн ачык маалыматтардын топтомунун паспортунда белгиленген мөөнөттө бул маалыматтарды жаңыртуунун мезгилдүүлүгү белгилениши керек.
22. Ачык маалыматтар топтомдорун жаңылоонун тарыхы электрондук архивде сакталышы керек.
23. Ачык маалыматтарды керектөөчүлөр төмөнкүлөргө укуктуу:
- ачык маалыматтарды издөөнү, алууну, берүүнү жана таркатууну эркин жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө ачык маалыматтар формасындагы ишенимдүү маалыматтарды алууга;
- белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши жөнүндө ачык маалыматтар формасындагы маалыматтарга жетүү укугун бузган мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын актыларына жана (же) аракетине (аракетсиздигине) жана аны ишке ашыруунун белгиленген тартибине даттанууга;
- ачык маалыматтарды коммерциялык эмес жана (же) коммерциялык максаттарда, ошондой эле "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка максаттарда пайдаланууга;
- Порталда жарыяланган ачык маалыматтардын топтомдорун колдонуу менен тиркемелерди иштеп чыгууга;
- Порталдын иштеши, ачык маалыматтар топтомдорун жайгаштыруу, тиркемелер жөнүндө маалыматтарды жайгаштыруу маселелери боюнча электрондук кайрылууларды Порталдын "Кайра байланыш" сервиси аркылуу жөнөтүүгө.
24. Порталда жайгаштырылган ачык маалыматтарды пайдалануу үчүн ачык маалыматтарды жеткирүүчүлөр, Порталдын оператору же ээси менен эч кандай келишим түзүү талап кылынбайт. Ачык маалыматтарды пайдалануу акысыз негизде жүзөгө ашырылат.
25. Ачык маалыматтарды керектөөчүлөр алуунун булагы катары Порталга милдеттүү шилтеме берүү менен гана ачык маалыматтарды пайдалана алат жана "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ачык маалыматтарды бурмалагандыгы үчүн жеткирүүчүлөрдүн алдында, ошондой эле алардын күнөөсү боюнча зыян келтирилген башка жактардын алдында жоопкерчилик тартат. Ачык маалыматтарды пайдалануу маселелери боюнча талаш-тартыштар пайда болгондо талаш-тартыштарды жөнгө салуунун соттук тартиби колдонулат.