Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2023-жылдын 28-августу № 433

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол фондунун мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын өркүндөтүү жана тартипке келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 732 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 346 "Жол тармагынын системасын кайра өзгөртүп түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;

- 8-тиркеме күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Эркин Тоо газетасынын 2023-жылдын 5-сентябрындагы № 71 (3520) саны менен жарыяланды 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров