Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-августу № 431
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391, 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 2-пункттун 1-пунктчасында "1-34-тиркемелерге" деген сөздөр "1-341-тиркемелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
2) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 341-тиркеме менен толукталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги:
1) бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга каралган сандын жана каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын;
2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| 2-тиркеме |
|
| "341-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТИ
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга |
1 | Директор | 3,989 |
2 | Башкы бухгалтер | 2,593 |
3 | Башкы адис | 2,261 |
4 | Методист | 2,128 |