Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-августундагы № 431 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси (мындан ары - Борбор) компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз баалоо, ошондой эле формалдуу эмес билим берүүнү таануу аркылуу Кыргыз Республикасында кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган ишти жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин ведомстволук уюму болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Борбордун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат (мындан ары - Уюштуруучу).
3. Борбор өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, кодекстерин жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
4. Борбор мекеменин укуктук формасында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм болуп саналат, юридикалык жактын статусуна ээ жана ишинин негизги максаты катары пайда алууну көздөбөйт.
5. Борбордун өз алдынча балансы жана оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитилген мүлкү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алыш-бериш жана башка эсептери болот.
6. Борбордун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары болот.
7. Борбордун толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси;
- расмий тилде: Учреждение "Центр независимой сертификации и валидации" при Министерстве просвещения Кыргызской Республики.
Кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КСВБ";
- расмий тилде: "ЦНСВ".
8. Борбордун юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Горький көч., 18.
2. Борбордун максаты, милдеттери жана функциялары
9. Борбордун максаты тиешелүү квалификацияны ыйгаруу үчүн компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо жол-жоболорун жүргүзүү болуп саналат. Көз карандысыз сертификациялоо кесиптик билим берүүнүн сапатын жакшыртууга жана ички жана эл аралык эмгек рынокторунда көз карандысыз сертификациядан жана валидациядан өткөн жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.
10. Борбордун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын түзүү үчүн алкактык шарттарды аныктоо;
- кесиптик квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо жүргүзүү формаларын, жол-жоболорун жана материалдарын иштеп чыгуу боюнча эксперттер тобунун ишин уюштуруу;
- коюлган максаттарга жетүү үчүн материалдык-техникалык жана методологиялык базаны даярдоо жана көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо жүргүзүү мөөнөттөрүн белгилөө;
- квалификациялык разряддарды ыйгаруу жана сертификаттарды берүү менен кесиби боюнча көз карандысыз аттестациялоону уюштуруу.
11. Борбор алдыга коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- кесиптик компетенцияларды көз карандысыз аттестациялоо жана валидациялоо жүргүзүү үчүн аттестациялык комиссияларды түзөт;
- өз ишинин алкагында көз карандысыз сертификациялоону жана валидациялоону жүргүзүүнү уюштурат;
- көз карандысыз аттестациялоодон жана валидациялоодон өткөн адамдардын маалымат базасын жүргүзөт;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын өнүктүрүүгө багытталган пландарды, долбоордук өтүнмөлөрдү иштеп чыгууну жүзөгө ашырат;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасы жөнүндө маалыматтык-маалымдама материалдарын таркатат;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын жакшыртууга багытталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгат;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасына талдоо жүргүзөт;
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык жана өкмөттүк эмес уюмдар, коомчулук менен белгиленген тартипте кызматташууну жүзөгө ашырат;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча чет мамлекеттердин тажрыйбасын изилдейт жана анын оң тажрыйбаларын ишке киргизүү боюнча сунуштарды киргизет;
- мыйзамдарда белгиленген тартипте көрсөтүлгөн кызматтар үчүн акынын өлчөмүн белгилейт;
- билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык башка функцияларды жүзөгө ашырат.
3. Борбордун укуктары жана милдеттери
12. Борбор өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- юридикалык жана жеке жактар менен өзүнүн атынан келишимдерди, макулдашууларды түзүүгө, бүтүмдөрдү жана башка укуктук актыларды жасоого;
- өзүнө оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген мүлктү мүлктүн максатына жана өзүнүн ишинин максаттарына ылайык пайдаланууга, тескөөгө;
- мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, бирикмелерден жана ассоциациялардан, кызмат адамдарынан жана башка уюмдардан Борбордун ишинин чөйрөсүнө тиешелүү маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;
- келишимдик негизде финансылык каражаттарды тартууга жана аларды Борбордун ишин камсыз кылуу үчүн пайдаланууга;
- эл аралык, өкмөттүк эмес уюмдардан, ассоциациялардан техникалык, гуманитардык жана финансылык жардамды алууга жана пайдаланууга, аларды өздөрүнүн милдеттерин аткаруу үчүн пайдаланууга;
- өзүнүн атынан мүлктүк жана жеке мүлктүк эмес укуктарга ээ болууга жана жоопкерчилик тартууга, келишимдерди түзүүгө, сотто доогер жана жоопкер болууга, оперативдүү башкаруу укугунда обочолонгон мүлккө, негизги жана жүгүртүү каражаттарына, өз алдынча баланска ээ болууга;
- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча семинарларды, улуттук жана эл аралык конференцияларды уюштурууга;
- Борбордун ишинин процессинде келип чыккан милдеттерди чечүү максатында эксперттерди, адистерди тартууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
13. Борбор төмөнкүлөргө милдеттүү:
- тармактын өзгөчөлүгүн эске алуу менен билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык көз карандысыз сертификациялоону жана валидациялоону жүргүзүүгө;
- Борборду материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жүзөгө ашырууга;
- Уюштуруучуга анын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча финансылык планды (бюджетти), финансылык-чарбалык иш жөнүндө отчетту, бухгалтердик балансты жана анын иши жөнүндө башка зарыл маалыматтарды берүүгө.
4. Борбордун ишин уюштуруу
14. Борбордун башкаруу органы болуп Уюштуруучу - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
15. Борборду Кыргыз Республикасынын Агартуу министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор жетектейт. Директор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан төмөнкү учурларда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
- иши жөнүндө отчетту кароонун жыйынтыгы боюнча канааттандырарлык эмес баа алса;
- эмгек келишими боюнча милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай аткарбаса;
- Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка негиздер боюнча.
Борбордун директорун ээлеген кызмат ордунан бошотуу ал Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен түзгөн эмгек келишимин бузууга алып келет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Борбордун директору:
- Борбордун ишине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат жана финансылык (бухгалтердик) отчеттуулуктун абалы, финансылык каражаттарды, Борбордун мүлкүн максаттуу пайдалануу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- бардык мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында юридикалык жана жеке жактар менен мамилелерде Борбордун атынан ишеним катсыз чыгат;
- өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча сунуштар жана сунуштамалар менен Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине кайрылат;
- ушул Жобого ылайык Уюштуруучунун макулдугун алуу зарыл болгон бүтүмдөрдү кошпогондо, Борбордун атынан бүтүмдөрдү жасайт жана Борбордун атынан башка юридикалык маанилүү аракеттерди жасайт;
- колдонуудагы мыйзамдарда, ушул Жободо белгиленген тартипте, анын ичинде бекитилген финансылык планга (бюджетке) ылайык, ошондой эле мүлктүн жана акча каражаттарынын максаттуу багытына ылайык Борбордун мүлкүн жана каражаттарын тескейт;
- бухгалтердик жана салыктык эсептин, Борбордун бухгалтердик отчеттуулугунун талаптагыдай абалын жана аныктыгын, Борбордун салыктарды жана башка милдеттүү төлөмдөрдү колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген тартипте жана өлчөмдө өз убагында төлөөсүн, жылдык жана күндөлүк отчетторду жана башка финансылык жана статистикалык отчеттуулукту тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында берүүнү уюштурат жана камсыз кылат;
- жылдык отчетторду жана жылдык бухгалтердик баланстарды, Борбордун кийинки кезектеги финансылык жылга финансылык планын (бюджетти), башка документтердин долбоорлорун даярдоону жана аларды байкоочу кеңешке бекитүү үчүн берүүнү уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн суроо-талабы боюнча Борбордун иши жөнүндө отчетторду, маалыматтарды, Борбордун ишин талдоо үчүн зарыл болгон башка документтерди, материалдарды, маалыматтарды, сунуштарды жана түшүндүрмөлөрдү берет;
- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарына ылайык Борбордун башкы бухгалтерин жана башка кызматкерлерди жумушка кабыл алат жана бошотот, алар менен эмгек келишимдерин түзөт жана токтотот;
- Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине Борбордун ишин жакшыртуу боюнча сунуштарды киргизет;
- Борбордун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы менен жамааттык келишимге кол коёт;
- Борбордун кызматкерлери тарабынан ички тартиптин, эмгекти коргоо ченемдеринин, коопсуздук техникасынын, өндүрүштүк санитариянын, өрткө каршы коргоонун эрежелеринин сакталышын камсыз кылат;
- буйруктарды чыгарат, жоболорду, кызматтык нускамаларды, эрежелерди, отчетторду жана Борбордун башка локалдык документтерин бекитет;
- Борбордун атынан Кыргыз Республикасынын колдонуудагы эмгек мыйзамдарына ылайык башка юридикалык/жеке жактарга дооматтарды жана доолорду коёт;
- ушул Жободо, Уюштуруучунун чечимдеринде каралган өзүнүн компетенциясынын чегинде башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Борбордун директору төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартат:
- Борбордун максаттарына жана милдеттерине жетишүү;
- Борбордун мүлкүн сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдалануу;
- бюджеттик ассигнованиелерди, ошондой эле башка булактардан түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу;
- эмгек жана өндүрүш тартибин, эмгекти коргоо эрежелерин жана ченемдерин, өрт коопсуздугунун талаптарын сактоо.
18. Борбордун башкы бухгалтери Борбордун директору тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
5. Борбордун финансылык-чарбалык иши
19. Борбор Уюштуруучудан, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинен мүлктү алат жана оперативдүү башкаруу укугунда аны пайдалануу жана тескөө укугун ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-январындагы № 23 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Борборду каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
- республикалык бюджет;
- акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар;
- юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулук каражаттары жана гранттары;
- Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
21. Борбор смета боюнча ага бөлүнгөн бекитилген негизги каражаттарды өз алдынча ээликтен ажыратууга же башкача ыкма менен тескөөгө укуксуз.
22. Борбордун башка ишканалар, уюмдар жана жарандар менен мамилелери келишимдик негизинде түзүлөт.
23. Борбор белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана отчеттуулукту жүргүзөт.
24. Борбордун ишине аудит Кыргыз Республикасынын аудит чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
6. Борборду кайра уюштуруу жана жоюу
25. Борборду кайра уюштуруу (биригүү, кошуу, ажыратуу, бөлүү, кайра түзүү) жана жоюу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
26. Борбордун ишинин процессинде пайда болгон документтер ал кайра түзүлгөн жана жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте сакталууга тийиш.