Документке
Мурунку02.07.2025

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-августу № 431

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы № 391 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 2-пункттун 1-пунктчасында "1-34-тиркемелерге" деген сөздөр "1-341-тиркемелерге" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) бул токтомдун 2-тиркемесине ылайык 341-тиркеме менен толукталсын.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги:

1) бул токтомду ишке ашырууга байланышкан чыгымдар тиешелүү жылдарга каралган сандын жана каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылсын;

2) бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

                Төрагасы

А.У.Жапаров

2-тиркеме

"341-тиркеме

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТИ

№

Кызмат орундарынын аталышы

Тарифтик ставкага (маянага) эселөө коэффициенти, бир айга

1

Директор

3,989

2

Башкы бухгалтер

2,593

3

Башкы адис

2,261

4

Методист

2,128

Жаңы28.08.2023

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 28-августу № 431

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору жөнүндө

Башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндө сапаттын кепилдигин камсыз кылуу талаптарын өз убагында жана толук аткаруу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17, 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси түзүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору" мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 5-мартындагы № 72 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:

- 9-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо боюнча иштерди уюштуруу.";

- 10-пунктта:

1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- эл аралык талаптарга ылайык компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасынын бирдиктүү саясатын ишке ашырууну камсыз кылуу;";

2-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- компетенцияларды/квалификацияларды көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын башкарууну жана жөнгө салууну жүзөгө ашыруу;";

3-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана башка субъекттер менен ишти координациялоо жана өз ара аракеттенүү;";

5-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"- көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо системасын өнүктүрүүгө көмөктөшүү.";

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин башкаруу схемасында:

"Республикалык ведомстволук мекемелер:" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу "Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору," деген сөздөр менен толукталсын.