Загрузка документа…
|
| |
|
| 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-августундагы № 425 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Мекеме) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин радиоактивдүү калдыктарды ташуу жана көмүү боюнча ыйгарым укуктуу ведомстволук бөлүмү болуп саналат.
2. Мекеме өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, Министрликтин буйруктарын жана чечимдерин жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Мекеме мамлекеттик мекеме уюштуруу-укуктук формасында иштеген юридикалык жак болуп эсептелет, ага бекитилип берилген мүлктү оперативдүү башкарууну жүзөгө ашырат, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби түшүрүлгөн мөөрү, башка мөөрлөрү, штамптары, белгиленген үлгүдөгү бланктары, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эсептешүү, валюталык, атайын жана башка эсептери бар.
4. Мекеменин толук фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат" мамлекеттик мекемеси";
- расмий тилде: Государственное учреждение "Республиканский специализированный комбинат" при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики".
5. Мекеменин кыскартылган фирмалык аталышы:
- мамлекеттик тилде: "КР ӨКМге караштуу "Республикалык адистештирилген комбинат";
- расмий тилде: "Республиканский специализированный комбинат" при МЧС КР".
6. Мекеменин юридикалык дареги: 720054 Бишкек шаары, Фучик көч., 7а.
2. Укуктук жобосу
7. Мекеме Министрликтин айрым функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн түзүлгөн. Мекеме Министрликтин обочолонгон бөлүмү болуп саналат.
8. Мекеменин ишинин негизги түрлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:
- радиоактивдүү калдыктарды жана радиоактивдүү изотопторду чогултуу, ташуу жана көмүү;
- экономиканын ар кандай тармактарында радиоактивдүү заттарды жана радионуклиддерди камтыган башка материалдарды ташуу;
- радиоактивдүү калдыктарды жана радиоактивдүү изотопторду утилдештирүү боюнча ишти уюштуруу;
- радиоактивдүү калдыктарды ташуу жана көмүү жана көмүү пункттарынын коопсуздугу жаатында Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик (АТЭЭА) менен техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу;
- персоналдын радиациялык коопсуздугун, калкты жана Мекеменин жанындагы аймакты радиациялык коргоону камсыз кылуу;
- Мекеменин бекитилип берилген аймагында радиациялык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу;
- мүмкүн болуучу радиациялык авариялар боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу жана көрүү, радиоактивдүү калдыктарды чогултууда, ташууда жана көмүүдө, ошондой эле радиоактивдүү булганган жеке коргонуу каражаттарын, радиоактивдүү булганган жеке коргонуу каражаттарын, атайын кийимдерди жана атайын ич кийимдерди дезактивдештирүүдө алардын кесепеттерин изилдөө жана болжолдоо;
- радиоактивдүү изотоптор менен булганган атайын кийимди, жеке коргонуу каражаттарын жана кийимди дезактивдештирүү;
- жеке жана юридикалык жактарга (анын ичинде чет өлкөлүк жактарга) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында уруксат берилген акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштердин түрлөрү.
9. Мекеме анын негизги ишинин жана Министрликтин ишинин максаттарына каршы келбеген бардык түрлөрүн, анын ичинде ушул Жободо белгиленбеген түрлөрүн, ошондой эле тизмеги мыйзамдар менен аныкталуучу иштин айрым түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
10. Сот органдарында жана башка уюмдарда Мекеме өзүнүн компетенциясынын алкагында, ошондой эле Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык ишинен улам пайда болгон маселелер боюнча чыгат.
11. Мекемеде өндүрүштүк-чарбалык ишти жүргүзүү укугу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тиешелүү мамлекеттик каттоо учурунан тартып пайда болот.
12. Радиоактивдүү калдыктарды көмүү пункттарында жарылууга кооптуу же өзүнөн өзү күйүүчү катуу калдыктарды, сымап жана башка радиоактивдүү эмес заттарды көмүүгө тыюу салынат.
3. Башкаруу органдары
13. Негизги принциптерди, иштин максаттарын жана Мекеменин ишине байланышкан башка маселелерди аныктоого ыйгарым укуктуу башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри (мындан ары - министр) саналат.
14. Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
- Мекеменин ишинин негизги багыттарын аныктоо, аларды аткаруу жөнүндө пландарды жана отчетторду бекитүү, пайданы бөлүштүрүүнү жана чыгымды жабуунун тартибин контролдоо;
- Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык (финансылык) ишин текшерүүнү (ревизия) уюштуруу;
- Мекеменин директорун кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо;
- Мекеменин директорунун сунушу боюнча Мекеменин директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
- Мекеменин директорунун сунушу боюнча башкы бухгалтерди кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу;
- Мекеменин ишин кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасына сунуштоо.
15. Мекеменин ишин түздөн-түз башкарууну жана жетектөөнү эмгек келишиминин жана ушул Жобонун негизинде иштөөчү Мекеменин директору жүзөгө ашырат.
16. Мекеменин директору министрдин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат. Мекеменин директору түздөн-түз министрге, Министрдин тейлөөчү орун басарына баш иет жана өз ишинде алар тарабынан контролдонот.
17. Мекеменин директору министрдин алдында Мекеменин финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугу, аны күтүүгө кеткен чыгымдарды сарамжалдуу жана максаттуу жүргүзүү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Мекеменин директору убактылуу жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, өргүүдө же иш сапарында жүрүү) анын милдеттерин директордун орун басары аткарат.
18. Мекеменин директору:
- Мекеменин атынан ишеним катсыз иштейт, бардык органдарда жана башка мекемелерде, жеке жана юридикалык жактар менен болгон мамилелерде Мекеменин кызыкчылыгын көрсөтөт;
- Мекеменин ишине жетекчилик кылат жана Мекемеге жүктөлгөн милдеттердин аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Министрликтин чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат;
- өз компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарат, Мекеменин кызматкерлери милдеттүү түрдө аткарууга тийиш болгон көрсөтмөлөрдү берет жана алардын аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- Мекеменин атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, уюмдарынан жана ишканаларынан, кызмат адамдарынан жана жарандарынан Мекеменин иш чөйрөсүнө тиешелүү болгон маалыматтарды белгиленген тартипте сурайт жана алат;
- мыйзамдарга ылайык Министрлик тарабынан аныкталган чектерде жана шарттарда Мекеменин каражаттарын тескейт;
- Мекемени экономикалык жана социалдык өнүктүрүү боюнча стратегиялык иш планды иштеп чыгат жана министрдин бекитүүсүнө жөнөтөт;
- Мекеменин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө кызматтык нускамаларды жана жоболорду бекитет;
- министрге Мекеменин директорунун орун басарын кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуш киргизет;
- министрге Мекеменин башкы бухгалтерин кызмат ордуна дайындоого жана кызмат ордунан бошотууга сунуш киргизет;
- Мекеменин кызматкерлерин белгиленген тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот жана аларга карата Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонот;
- Мекеменин өзүнчө балансында турган, Мекемеге тиешелүү мүлктү белгиленген тартипте тескейт, ошондой эле Мекеменин атынан ар кандай өндүрүштүк-чарбалык макулдашууларга, бүтүмдөргө жана келишимдерге кол коёт (өзгөртөт, толуктайт, узартат, бузат), Мекеменин ишине байланышкан ар кандай башка бүтүмдөрдү жасайт;
- коррупциянын алдын алуу боюнча аракеттүү чараларды, ошондой эле укуктук агартууга жана коррупцияга каршы жүрүм-турумга стимулдарды түзүүгө багытталган чараларды камтыган коррупциянын алдын алуу боюнча Мекеменин планын иштеп чыгат жана министрге бекитүүгө жөнөтөт;
- аткарылган иштердин актыларына, көрсөтүлгөн кызматтардын актыларына, товардык-транспорттук коштомо кагаздарга, товарларды кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларына, эсептерге, эсеп-фактураларга жана Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык ишине байланышкан башка финансылык документтерге кол коёт;
- Мекеменин ишине тиешелүү каттарга, суроо-талаптарга жана башка документтерге кол коёт;
- Мекеменин атынан бухгалтердик, салыктык жана башка отчетторго кол коёт;
- Мекемеге бекитилип берилген кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) боюнча зарыл болгон бардык иш-аракеттерди жасайт;
- каалаган юрисдикциядагы соттордо, укук коргоо органдарында каалаган арыздарды, анын ичинде доо арыздарын, доо арыздарына пикирлерди, кассациялык жана апелляциялык даттанууларды, көзөмөл тартибинде жана жаңыдан ачылган жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндө арыздарды, өтүнүчтөрдү, доону камсыз кылуу жөнүндө арыздарды жана көрсөтүлгөн органдарга жөнөтүлүүчү башка документтерди берүү жана кол коюу укугу менен Мекеменин кызыкчылыктарын коргойт;
- Министрликтин алдында өзүнүн иши жана Мекеменин иши жөнүндө отчет берет;
- ушул Жобого ылайык Министрликтин компетенциясына киргендерди кошпогондо, Мекеменин милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт;
- ыйгарым укуктарынын чегинде Мекеменин максаттарына жана милдеттерине жетүү үчүн зарыл болгон башка иш-аракеттерди жасайт.
19. Мекеменин директору төмөнкүлөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат:
- Мекеменин ишин уюштуруу;
- Мекеменин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, буйруктарды, ушул Жобону жана Министрликтин башка чечимдерин сактоосу;
- Мекеменин иши жөнүндө отчеттуулукту берүүнүн аныктыгы;
- пландуу, финансылык, штаттык жана келишимдик тартипти сактоо;
- Мекеменин өзүнчө балансында турган мүлктүн, товардык-материалдык баалуулуктардын, акча каражаттарынын сакталышы;
- Мекеменин ишинин экономикалык натыйжалуулугу жана максатка ылайыктуулугу;
- тиешелүү салыктык жана социалдык чегерүүлөрдү толук, туура жана өз убагында эсептөө жана которуу;
- Мекеменин кызматкерлери үчүн коопсуз эмгек шарттарын камсыз кылуу.
- коррупциянын алдын алуу ички системасын түзүү жана анын иштешин камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-февралындагы № 105 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өндүрүштүк-чарбалык иш жана финансы
20. Өзүнүн негизги милдеттерин жана Министрликтин милдеттерин аткаруу үчүн Мекеме өндүрүштүк-чарбалык (финансылык) ишин Министрлик тарабынан аныкталган чектерде жана шарттарда жүзөгө ашырат. Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык иши Министрликтин курамында пландалат жана эске алынат.
21. Мекемени күтүүгө чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каржылоо булактардын эсебинен жүргүзүлөт.
22. Мекеме мыйзамдарда белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө салыктар боюнча тиешелүү декларацияларды берет, өзүнүн жүргөн жери боюнча жергиликтүү салыктар боюнча отчет берет, эсептелген жана төлөнгөн салыктардын суммалары жөнүндө маалыматтарды алат, салыктардын бардык түрлөрү боюнча салыштырып текшерүүнү жүргүзөт, ошондой эле отчеттуулукту, башка маалыматтарды берет жана тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген чегерүүлөрдү жүргүзөт.
23. Мекеменин директору жана башкы бухгалтери иш кагаздарын жүгүртүүнү уюштуруу, бухгалтердик жана салыктык эсептерди жүргүзүү, бухгалтердик, салыктык жана башка отчеттуулуктун өз убагында, толук жана анык берилиши үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Мекеменин кызмат адамдары толук материалдык жоопкерчилик тартат.
24. Мекеме Министрлик тарабынан аныкталган өлчөмдө Мекеменин ишине байланышкан ар кандай өндүрүштүк-чарбалык макулдашууларды, келишимдерди жана бүтүмдөрдү түзөт (өзгөртөт, толуктайт, узартат, бузат).
25. Мекеме товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.
26. Мекеменин өндүрүштүк-чарбалык иши жөнүндө маалымат мамлекеттик жана башка органдарга Мекеме тарабынан суроо-талапка ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилет.
27. Мекеменин чарбалык ишинин жыйынтыктары жана натыйжалары Министрликтин үзгүлтүксүз (айлык, кварталдык жана жылдык) отчетторунда чагылдырылат, ал Министрлик тарабынан белгиленген формада, көлөмдө жана мөөнөттөрдө берилет.
28. Мекеме оперативдүү башкаруу укугунда негизделген. Мүлктү пайдалануунун негизи Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо менен кыймылсыз мүлк объекттерин, негизги каражаттарды жана мамлекеттик менчик болуп саналган жана Мекеменин балансына берилген башка мүлктү оперативдүү башкаруу укугу болуп саналат.
29. Мүлктү сатуу жана сатып алуу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт. Мекеменин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы Мекеменин өз алдынча балансында чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
30. Министрлик тарабынан жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу максатында Мекеме төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
- Министрлик тарабынан белгиленген өндүрүштүк программанын аткарылышын камсыз кылат;
- көмөкчү жабдууларды, инженердик коммуникацияларды жана курулмаларды өнүктүрүүнү, техникалык эксплуатациялоону, оңдоону жана техникалык тейлөөнү камсыз кылат;
- радиоактивдүү калдыктарды көмүү объекттерин курууну, реконструкциялоону, капиталдык оңдоону жүзөгө ашырат, тиешелүү объекттерди жана жабдууларды монтаждоо, оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзөт;
- радиоактивдүү калдыктарды көмүү жана инженердик инфраструктура объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, аларды техникалык оң абалда кармоо боюнча чараларды көрөт;
- материалдык-техникалык ресурстардын авариялык запастарын (резервдерин) түзөт;
- Министрлик менен макулдашуу боюнча зарыл болгон товардык-материалдык баалуулуктарды сатып алат, ошондой эле зарыл болгон учурда Министрликтин тапшырмасына ылайык мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык күйүүчү майды даярдоону жүзөгө ашырат;
- радиоактивдүү калдыктарды көмүү объекттерин эксплуатациялоонун заманбап методдорун, өндүрүштү уюштуруунун заманбап формаларын, жаңы технологияларды киргизет;
- негизги жана көмөкчү жабдуулардын, объекттердин жана инженердик курулмалардын туруктуу, авариясыз иштөөсүн камсыз кылат;
- Мекемеде коррупциянын алдын алуу жаатында Министрликтин саясатын натыйжалуу ишке ашырууну камсыз кылуу боюнча чараларды иштеп чыгат;
- калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан жана табигый кырсыктардан коргоону уюштуруу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат.
5. Ишти контролдоо
31. Мекеменин укуктук, финансылык-чарбалык, өндүрүштүк жана экономикалык ишин текшерүү Министрликтин тиешелүү кызматтары тарабынан жүргүзүлөт.
32. Министрликтин тиешелүү кызматтары Министрликтин демилгеси боюнча текшерүү жүргүзө алат. Текшерүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат Министрликке жөнөтүлөт.
6. Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук
33. Мекеме өз ишинин жыйынтыктарын эсепке алат, Министрликтин бирдиктүү эсеп саясатына ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик эсепти жана статистикалык отчеттуулукту жүргүзөт.
34. Башкы бухгалтер баштапкы документтерди иштеп чыгат, системалаштырат жана сактайт, Мекеменин ишине тиешелүү бардык операциялардын, мүлктүн жана милдеттенмелердин бухгалтердик эсебин жүргүзөт, бухгалтердик отчеттуулукту түзөт.
35. Мекеменин отчеттуулукту берүү тартиби жана түрү Министрликтин чечимдерине ылайык жүргүзүлөт.
36. Мекеменин башкы бухгалтери жоопкерчилик тартат, уюмдардын башкы бухгалтерлери үчүн белгиленген укуктарды пайдаланат. Мекеменин башкы бухгалтери түздөн-түз Мекеменин директоруна баш иет.
7. Персонал
37. Мекеменин кызматкерлеринин эмгек келишиминин негизинде пайда болгон мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен жөнгө салынат. Мекеменин директору эмгек мамилелеринин субъекти болуп саналат жана Мекеменин кызматкерлери менен эмгек келишимин түзүүгө укуктуу.
8. Кайра уюштуруу жана жоюу
38. Мекеме Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарында каралган тартипте кайра уюштурулушу жана жоюлушу мүмкүн.
39. Кредиторлордун талаптары канааттандырылгандан кийин калган мүлк жоюу комиссиясынын же Мекеме жөнүндө жобого ылайык жоюу жөнүндө чечим кабыл алган органдын чечими боюнча бөлүштүрүлөт.
40. Мекеме жоюлган учурда анын иш процессинде пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.