Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 31-июлу № 377
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомунун редакциясына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин желегинин жана эмблемасынын сыпаттамасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 2-июнундагы № 308 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин желегин жана эмблемасын даярдоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.У.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин желегинин жана эмблемасынын СЫПАТТАМАСЫ
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмблемасы санариптик пикселдерге акырындык менен өтүүчү шумкардын сүрөтүнөн турат жана ошол эле учурда жогоруну карай кеткен ийри-буйру формадагы тепкичтин элесин да берет. Эмблема көгүш түстүн акырындык менен көк түскө өтүүсүндө берилген.
Шумкар ылдамдыктын, шамдагайлыктын жана тактыктын белгиси, бул заманбап дүйнөдөгү санариптик технологияларга өтүүнүн тездигинин жана тактыгынын маанилүүлүгүн баса белгилейт. Шумкардын санариптик пикселдерге өтүүсү, мамлекеттин өнүгүүсүндө жана жарандардын жашоо деңгээлинин жогорулашында технологиялар маанилүү орунду ээлеген жаңы мезгилди чагылдырат.
Сүрөттүн алдында көк түстөгү "САНАРИП" деген жазуу жайгашкан. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмблемасында эки - көгүш жана көк түстөр колдонулат. Көгүш түс санариптик доорго дайыма байланышкан келечек менен жаңы технологияларды символдоштурат. Көк түс болсо өз кезегинде туруктуулукту жана ишенимдүүлүктү символдоштурат.
2. Желек борборунда ак түстө Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмблемасынын сүрөтү ак түстөгү "САНАРИП" жазуусу менен жайгаштырылган тик бурчтуу формадагы көк түстөгү кездемени көрсөтөт.
Катыштык:
- желектин туурасы желектин узундугуна карата 3/5 түзөт;
- эмблеманын сүрөтүнүн туурасы желектин туурасына карата 2,16/3 түзөт, ал эми эмблеманын сүрөтүнүн узундугу желектин узундугуна карата 2,82/5 түзөт.
3. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмблемасынын сүрөтү Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин ведомстволук сыйлыктарында, төш белгилеринде, сайтында жана сувенирлеринде колдонулат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин чечими менен башка учурларда пайдаланылат.
4. Санариптик өнүктүрүү министрлигинин эмблемасы башка мамлекеттик органдар, юридикалык жана жеке жактар тарабынан пайдаланылышы мүмкүн эмес. Аны бурмалоого, бузууга жана ушул мүнөздөгү башка аракеттерге жол берилбейт.