Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 19-июнундагы № 308 токтомуна ылайык) |
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча
координациялык кеңеш жөнүндө
жобо
1-глава. Жалпы жоболор
1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан координациялануучу консультациялык жана кеңешүүчү орган болуп саналат.
2. Координациялык кеңешти түзүүнүн максаты укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясат боюнча мамлекеттик органдар үчүн комплекстүү жана координацияланган сунуштарды жана чараларды иштеп чыгуу жана даярдоо болуп саналат.
3. Бул Жобо Координациялык кеңештин иш тартибин аныктайт.
4. Координациялык кеңеш өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
5. Координациялык кеңеш өз ишинде мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле өкмөттүк эмес, коомдук жана башка уюмдардын өкүлдөрү менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Координациялык кеңештин милдеттери
6. Координациялык кеңештин негизги милдеттери мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын макулдашылган аракеттеринин негизинде укук бузуулардын алдын алуу боюнча саясатты иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулоо жана координацияланган чечимдерди кабыл алуу, ошондой эле бул багыттагы иштерди натыйжалуу координациялоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.
7. Координациялык кеңеш өз ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкү милдеттерди аткарууну камсыз кылат:
1) Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча милдеттерди, Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды аткаруу процесстерин жалпы координациялоону жана комплекстүү стратегиялык башкарууну камсыз кылуу;
2) укук бузууларды жасоодон келтирилген зыяндын натыйжасында кесепеттерди азайтуу жана Укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшүндө көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча артыкчылыктуу чараларды макулдашуу жана аныктоо;
3) Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес бирикмелердин аракеттерин координациялоо.
3-глава. Координациялык кеңештин функциялары
жана ыйгарым укуктары
8. Координациялык кеңештин негизги функциялары:
1) укук бузуулардын алдын алууну камсыз кылуу боюнча тармактык артыкчылыктуу программаларды, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча көрүлүүчү чараларды баалоо;
2) укук бузуулардын алдын алуу боюнча программалык документтерде аныкталган милдеттерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар тараптардын иштерин координациялоо;
3) 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө зарыл маалыматтарды алуу;
4) укук бузуулардын алдын алуучу субъекттердин өз ара аракеттенүү стратегиясын аныктоо;
5) укук бузуулардын алдын алуу боюнча программалык документтердин аткаруучулары катары мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын аныктоо маселелерин макулдашуу;
6) укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча иш-чаралар пландарын жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана талкуулоо;
7) укук бузуулардын алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүү, чараларды пландоо жана ишке ашыруу механизмдерин өркүндөтүү боюнча укук бузуулардын алдын алуучу субъекттер үчүн сунуштарды иштеп чыгуу.
9. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн министрликтерден, мамлекеттик комитеттен, администрациялык ведомстволордон, башка мамлекеттик органдардан жана коомдук уюмдардан белгиленген тартипте маалыматтарды, серептерди, ошондой эле техникалык жана башка консультациялык жардамдарды суроого жана алууга;
2) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укук бузуулардын алдын алуучу субъекттердин отчетторун угууга жана кароого;
3) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө;
4) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашырууга карата Координациялык кеңештин чечимдеринин аткарылышын сунуштоого;
5) Координациялык кеңештин жыйналыштарына укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди чакырууга жана сунуштарын угууга;
6) Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн эксперттик топторду жана комиссияларды түзүүгө, министрликтерден жана ведомстволордон, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынан адистерди, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомчулуктун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга;
7) көчмө жыйналыштарды өткөрүүгө;
8) Координациялык органдын кабыл алынган чечимдерин жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.
4-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
10. Координациялык кеңешти төрага жетектейт.
Координациялык кеңештин төрагасы жок болгон учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары аткарат.
11. Координациялык кеңештин төрагасы (ал жок болгон учурда - төраганын орун басарларынын бири):
1) Координациялык кеңештин жыйналышын алып барат;
2) Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибин аныктайт;
3) Координациялык кеңештин атынан чыгат;
4) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ортосунда милдеттерди бөлүштүрөт;
5) Координациялык кеңешти башкаруу боюнча башка функцияларды жүзөгө ашырат;
6) Координациялык кеңешке жиберилген жарандардын билдирүүлөрүн жана даттанууларын кароо боюнча жумушчу топторду түзөт;
7) Кыргыз Республикасында укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү конкреттүү маселелерди иликтөө үчүн комиссиянын курамын бекитет.
12. Координациялык кеңештин мүчөлөрү Координациялык кеңештин жыйналыштарына катышат, күн тартибине өз сунуштарын киргизет, жумушчу топтордун жана комиссиялардын иштерине катышат.
13. Координациялык кеңештин жыйналышына объективдүү себептер боюнча катышууга мүмкүн болбогон учурда Координациялык кеңештин мүчөсү болуп саналган мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнүн орун басарларынын бирин добуш берүү укугу менен Координациялык кеңештин жыйналышына катышуу үчүн жиберүүгө укуктуу.
14. Координациялык кеңештин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Координациялык кеңештин ишине тартылган башка адамдар өз ишин коомдук башталышта жүзөгө ашырат.
15. Добуш берүүдө Координациялык кеңештин төрагасы, анын орун басарлары, ошондой эле Координациялык кеңештин ар бир мүчөсү бир добушка ээ. Добуш берүү ачык жүргүзүлөт. Координациялык кеңештин чечимин сырттан добуш берүү жолу менен кабыл алууга жол берилбейт.
16. Координациялык кеңештин катчысы чечимдерди кабыл алууда добуш берүү укугуна ээ эмес.
17. Координациялык кеңеш өз ишин ушул Жобого, өзү кабыл алган чечимдерге ылайык уюштурат.
18. Координациялык кеңештин жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
19. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибинин долбоору Координациялык кеңештин катчылыгы тарабынан жыйналышка чейин 14 күн мурда түзүлөт жана тиешелүү материалдар менен Координациялык кеңештин төрагасына берилет.
20. Координациялык кеңештин төрагасы тарабынан жактырылган жыйналыштын күн тартибинин долбоору жана тиешелүү материалдар жыйналыштын датасына чейин 7 жумуш күндөн кечиктирбестен, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жиберилет. Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартиби Координациялык кеңештин катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен түздөн-түз жыйналышта бекитилет. Күн тартибине өзгөртүүлөр Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча киргизилиши мүмкүн.
21. Координациялык кеңеш анын жыйналышына Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышкан шартта, бирок каралып жаткан маселе компетенциясына кирген Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн катышуусунда гана чечим кабыл алууга укуктуу.
22. Координациялык кеңеш жыйналыштын күн тартибинде каралган маселелердин жыйынтыгы боюнча чечимдерди протокол түрүндө кабыл алат. Координациялык кеңештин чечимдери жыйналышка катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең чыккан учурда Координациялык кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Кворум Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 добушунан кем болбоого тийиш.
Чечимдерди кароонун жана кабыл алуунун жүрүшүндө Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан айтылган өзгөчө пикирлер милдеттүү түрдө протоколго киргизилет.
23. Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун Координациялык кеңештин катчылыгынын мүчөсү жүргүзөт.
24. Протоколдо Координациялык кеңештин жыйналышынын датасы жана күн тартиби, жыйналышка катышкандар (Координациялык кеңештин мүчөлөрү, жыйналышка чакырылгандар), киргизилген сунуштар, киргизилген сунуштар боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары, ошондой эле Координациялык кеңештин акыркы чечими жана ушул чечим боюнча добуш берүүнүн жыйынтыктары көрсөтүлөт. Протоколго Координациялык кеңештин жыйналышында төрагалык кылуучу кол коет.
25. Координациялык кеңештин жыйналыштарына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү чакырылгандар катары добуш берүү укугусуз катыша алат.
26. Координациялык кеңеш өз ишинин ачык-айкындыгын жана кызыкдар тараптарга жана коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө маалымдоону камсыз кылат. Координациялык кеңештин жыйналышынын жыйынтыктары боюнча маалымат Координациялык кеңештин катчылыгынын расмий интернет-сайтына жайгаштырылат.
27. Координациялык кеңештин чечимдери кызыкдар органдарга Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколдорунан көчүрмө түрүндө жиберилет.
5-глава. Координациялык кеңештин катчылыгы
28. Координациялык кеңештин иши катчылык - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан камсыз кылынат, анын функциялары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Координациялык кеңештин уюштуруу-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык ишин камсыз кылуу;
2) Координациялык кеңештин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын алкагында мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;
5) Координациялык кеңештин жыйналыштарына материалдарды жана чечимдердин долбоорлорун даярдоону уюштуруу;
6) Координациялык кеңештин жыйналышынын күн тартибинин долбоорун даярдоо;
7) Координациялык кеңештин алдыда боло турган жыйналыштарынын болжолдуу күн тартибин, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын күн тартибине кошумча маселелерди киргизүү жөнүндө сунуштарын Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө жөнөтүү;
8) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө Координациялык кеңештин жыйналышы өтө турган күнгө чейин 5 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө жыйналышты өткөрүү датасы, орду жана убактысы жана кароого болжолдонгон маселелердин болжолдуу тизмеги жөнүндө маалымдоо;
9) мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, башка юридикалык жактардан Координациялык кеңешке жүктөлгөн функцияларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды белгиленген тартипте чогултуу;
10) Координациялык кеңеш үчүн анын функцияларын жүзөгө ашырууга зарыл болгон маалыматтарды чогултуу, изилдөө, жалпылоо жана даярдоо;
11) Координациялык кеңештин пландарынын жана чечимдеринин аткарылышына мониторинг жүргүзүү;
12) Координациялык кеңештин жумушчу топторунун жана комиссияларынын ишин координациялоо.
29. Катчылык пландалган жыйналыш башталганга чейин 10 күн мурда (шашылыш жыйналыш өткөрүлгөн учурда - 2 жумуш күн мурда) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө чакырууларды жөнөтөт жана керектүү материалдарды даярдайт, Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуусун камсыз кылат.
30. Координациялык кеңештин катчылыгы кезектеги жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 15 жумуш күндүн ичинде Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун жөнөтүүнү камсыз кылат.