Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-июну № 308
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
"Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 469 токтому менен бекитилген 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын ишке ашыруу максатында, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо, укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндө макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу үчүн, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук камсыздоо Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 273 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-апрелиндеги № 131 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Коопсуздукту жана укуктук тартипти камсыз кылуу боюнча кеңеш жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 50 (3499) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |
1-тиркеме |
Укук бузуулардын алдын алуу боюнча
координациялык кеңештин
курамы
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын биринчи орун басары;
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын юстиция министри;
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын коргоо министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри;
Кыргыз Республикасынын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Кырдаалдык борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулар бирлигинин директору (макулдашуу боюнча).