Загрузка документа…
|
| Долбоор |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 457 токтомуна) |
Кыргыз Республикасында инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоонун критерийлери жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоонун критерийлери жөнүндө ушул жобо (мындан ары - Жобо) инновациялык иштин субъекттерине мамлекеттик, инвестициялык колдоо көрсөтүүдө Кыргыз Республикасынын инновациялык саясатын ишке ашыруу үчүн инновациялык типтеги ишканаларды аныктоо максатында иштелип чыккан.
2. Ушул жободо колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) илимий-техникалык персонал - илимий иштеп чыгуулар, өндүрүш процессине түздөн-түз катышуучу жана (же) ишканалардын илимий-техникалык ишин тейлөөчү инновациялык иштин субъектинин штатына кирген кызматкерлер;
2) инновация - жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизилген инновациялык продукт;
3) инновациялык иш - инновациялык продуктту түзүүгө жана жарандык (чарбалык) жүгүртүүгө киргизүүгө багытталган жаңылыкты инновацияга кайра өзгөртүп түзүү боюнча иш;
4) инновациялык продукт - өндүрүштүк, административдик, коммерциялык же башка мүнөздөгү жаңы же өркүндөтүлгөн продукция, технология, кызмат көрсөтүү, ошондой эле жаңы уюштуруучулук-техникалык чечим, алар:
- интеллектуалдык иштин укуктук коргоого жөндөмдүү натыйжаларын пайдалануу менен түзүлгөн;
- рыноктун белгилүү бир сегментинде сунушталган аналогдорго салыштырмалуу кыйла жогорку техника-экономикалык же башка көрсөткүчтөргө ээ;
- атаандаштыкка жөндөмдүү болуп саналат;
5) инновациялык ишкана - жаңы же өркүндөтүлгөн продукттарды, технологиялык процесстерди же инновациялык иштин башка түрлөрүн иштеп чыгуучу жана колдонууга киргизүүчү менчиктин кандай болбосун түрүндөгү ишкана;
6) интеллектуалдык менчик объекттерин коммерциялаштыруу - интеллектуалдык менчик объекттерин экономикалык жүгүртүүгө тартуу процесси, интеллектуалдык менчиктик ишканалардын чарбалык ишинде пайдалануу.
3. Ишканаларды инновациялык типке киргизүү ишканалардын инновациялык активдүүлүк деңгээлин аныктоо жана алардын мүнөздөмөлөрүн ушул Жобого ылайык белгиленген критерийлер жана көрсөткүчтөр менен салыштыруу аркылуу жүзөгө ашырылат.
2. Ишканалардын инновациялык активдүүлүк деңгээлин аныктоо
4. Ишканалардын инновациялык активдүүлүк деңгээлин мүнөздөөчү негизги көрсөткүчтөр болуп төмөнкүлөр саналат:
1) ишканалардын чыгымдарынын жалпы көлөмүндө илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштеп чыгууларга (мындан ары - ИИТКИ) чыгымдардын үлүшү 5 пайыздан кем эмес жана андан жогору;
2) ИИТКИге сарптоолор;
3) ишканалар өндүргөн продукциянын көлөмүндөгү инновациялык продукциянын үлүшү 30 пайыз;
4) ишканалардын түзүмүндөгү илимий-техникалык персоналдын үлүшү персоналдын жалпы санынан 10 пайыз;
5) сатып алынуучу технологиялардын катышы сарптоолордун жалпы көлөмүнөн 20 пайыз жана сатылуучу технологиялардын катышы 30 пайыз;
6) менчик же сатып алынган интеллектуалдык менчик объекттеринин болушу;
7) жалпы көлөмдөгү интеллектуалдык менчик объекттерин (мындан ары - ИМО) коммерциялаштыруунун үлүшү.
Жалпы көлөмдөгү ИМОну коммерциялаштыруунун үлүшү төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:
Димо = ИМОну коммерциялаштыруудан түшкөн пайда/каражат 100%.
5. Ишканалардын инновациялык активдүүлүк деңгээлин мүнөздөөчү негизги критерийлер бөлүп төмөнкүлөр саналат:
1) ишканалардын иш чөйрөсүнүн Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык келиши;
2) акыркы эки жылдын ичинде рынокко жаңы же олуттуу технологиялык өзгөрүүлөргө жана өркүндөтүүгө дуушар болгон продукттарды, технологияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү же аларды өндүрүү (өткөрүп берүү) методдорун киргизген, практикага жаңы же олуттуу өркүндөтүлгөн өндүрүш процесстерин, маркетингдин жаңы же олуттуу жакшыртылган ыкмаларын, уюштуруучулук же башкаруучулук өзгөрүүлөрдү киргизген ишканалар;
3) ишканалардын продукциясын сатуунун жалпы көлөмүндө инновациялык продукциямын 10 пайыздан кем эмес үлүшү менен ИМОну иштеп чыгуучу жана колдонууга киргизүүчү ишканалар;
4) жаңы продукттарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана аларды өндүрүү (өткөрүп берүү) методдорун, жаңы өндүрүштүк процесстерди изилдөөгө жана иштеп чыгууга сарптоолордун үлүшү чыгымдардын жалпы көлөмүндө 10 пайыздан кем эмес.