Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-сентябры № 457
Кыргыз Республикасында инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоонун критерийлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Инновациялык иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында инновациялык технологияларга негизделген өнөр жай өндүрүшүнүн түрлөрүн аныктоонун критерийлери жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 15-сентябрындагы № 74 (3523) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |