Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 507
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө
Адал индустрияны өнүктүрүү жаатында бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги 2024-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө 2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |