Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 507 токтомуна) |
2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1. Учурдагы кырдаалды жалпы баалоо
Көпчүлүк өнүккөн өлкөлөрдө адал индустриянын күчтүү, ыкчам жооп кайтаруучу рыногун өнүктүрүү өлкөнү экономикалык өнүктүрүүнүн маанилүү шарты катары кызмат кылаары айкын болду.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында адал индустрия жаатындагы мамилелерди жөнгө салуучу маселелер толук көлөмдө белгиленген эмес, "адал" же "адал индустрия" түшүнүгүнүн бирдиктүү так аныктамасы жок.
"Адал" түшүнүгү кыргыз элинин бүткүл тарыхында жана азыркы мезгилге чейин колдонулуп келген.
Адал индустрия - бул адал стандарттарынын белгиленген талаптарынын алкагында адал продукцияны өндүрүүгө, тейлөөгө, эксплуатациялоого багытталган методдордун, процесстердин жана материалдардын жыйындысын өзүнө камтыган, ислам принциптерине ылайык келген иш чөйрөсү.
Кыргыз Республикасы светтик мамлекет экендигин жана продукциянын коопсуздугуна байланыштуу бардык ченемдер тамак-аш продукциясынын жана башка товарлардын техникалык коопсуздугу жөнүндө мыйзам ченемдер менен жөнгө салынарын түшүнүү маанилүү.
Ошол эле учурда колдонуудагы мыйзамдар адал индустриянын керектөөчүлөрүнүн укуктарын сактоонун алкагында продуктуларды жана товарларды өндүрүү, сатуу жана керектөө боюнча субъекттердин өз ара мамилелерин натыйжалуу жөнгө салууга жөндөмдүү эмес.
Демек мыйзам актысы түрүндө жөнгө салуунун укуктук механизмдерин белгилөө зарыл, анда бул процесстин катышуучуларынын ролу аныкталат, ошондой эле адал индустрия чөйрөсүндөгү терминдер жана аныктамалар, бул чөйрөдө ишмердикти жүзөгө ашыруучу субъекттердин статусу белгиленет.
Кыргыз Республикасынын "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Мыйзамынын 27-беренесинде адал продукцияны же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучу (даярдоочу) тийиштүү ыктыярдуу сертификаты жок продукцияга (көрсөтүлгөн кызматка) ыктыярдуу сертификат маркасын коюуга укуксуз экендиги аныкталган.
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Мыйзамына ылайык. коопсуздук боюнча милдеттүү талаптар техникалык регламенттерде, ал эми ыктыярдуу талаптар стандарттарда белгилениши керектиги аныкталган.
Дүйнөлүк практикада адал продукцияга карата талаптар стандарттарда камтылган, демек адал продукцияны сертификациялоо ыктыярдуу чөйрөгө кирет.
Өндүрүүчүлөр, керектөөчүлөр жана Кыргыз Республикасынын тийиштүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү адал стандарттар, талаптар, ошондой эле продукциянын адал стандарттардын талаптарына шайкештигин сертификациялоо жол-жоболору жөнүндө бирдиктүү түшүнүккө ээ болушу максатында Кыргыз Республикасында адал индустрия жаатындагы стандарттар кабыл алынган.
Адал сертификациялоо системасында адал индустрия чөйрөсүндө ишкана же бизнес түзүүгө тартылган каражаттардын жана инвестициялардын адал талаптарына ылайык келүүсүнөн баштап адал продукцияны жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу жана экспорттоо үчүн каражаттарды жана инвестицияларды алууга чейинки бардык өндүрүштүк чынжырчанын эл аралык адал стандарттарына ылайык келиши маанилүү болуп саналат.
Кыргыз Республикасында адал индустрия рыногу барган сайын күч алууда жана азыркы учурда тармак өзүнүн калыптануу баскычынан өтүп жатат.
Республикада тийиштүү мыйзамдык базаны белгилөө зарылдыгы чет өлкөлөрдүн адал продукцияларынын ушундай рынокторун талдоодо өзгөчө актуалдуу.
Рыноктун адал индустриянын катышуучулары абдан активдүү аракеттенет. Алар негизинен чакан жана орто ишканалар тарабынан көрсөтүлгөн, бул аларды эң татаал шарттарга ыңгайлашууга жөндөмдүү болгон экономиканын ийкемдүү агенттери катары мүнөздөйт, буга COVID-19 пандемиясындагы жана экономиканын рецессиясындагы шарттар мисал боло алат.
Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасында адал индустрия чөйрөсүндө иш жүргүзгөн ишканалар ишканалардын стандарттарын жана эрежелерин иштеп чыгат жана азыркы учурда республикада адал индустрияны стандартташтыруу жана сертификациялоо чөйрөлөрүнүн өз ара мамилелерин жөнгө салуучу жалпы стандарт жок.
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасынын калкынын 80 пайызын мусулмандар түзгөндүгүн эске алып, азык-түлүк рыногунда адал продукцияга суроо-талаптар жыл сайын өсүүдө. "Адал" логотиби бар коомдук тамактануу жайларынын саны көбөйүүдө, алар өлкөнүн калкынын негизги бөлүгү арасында кеңири белгилүү.
Демек Концепциянын негизги максаты Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүүнүн негизги багыттарын аныктоо, анын ичинде ата мекендик адал продукцияны ички жана тышкы рыноктордо илгерилетүү болуп саналат.
Концепция Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы № 699-т тескемеси менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-аракеттер планынын 337-пунктун ишке ашыруу максатында иштелип чыккан жана Кыргызстан үчүн келечектүү өнүгүү вектору болуп саналган "жашыл экономика" принциптерин жайылтууга негизделет, анткени өлкө бул демилгени илгерилетүү үчүн жаратылыш ресурстарынын көптөгөн түрлөрүнө ээ.
2. Жетишкендиктер жана көйгөйлөр
2.1. Негизги жетишкендиктер
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-июнундагы № 385 чечими менен "Кыргыз Республикасында адал индустрияны өнүктүрүү концепциясы" (мындан ары - Адал индустрия концепциясы) кабыл алынган, ал бул багытта Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын жана стратегиялык багыттарын белгиледи.
Адал индустрия концепциясын ишке ашыруу максатында 2015-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору Standards and Metrology Institute for Islamic Countries (SMIIC) уюмунун толук укуктуу мүчөсү болду, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Кыргыз аккредитациялоо борбору International Halal Accreditation Forum (IHAF) эл аралык уюмунун толук укуктуу мүчөсү статусун алды.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгы чыгарылган, анда адал айыл чарба продукциясын өнүктүрүү боюнча милдет каралган.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен кабыл алынган 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында адал продукция рыногун колдоо жана өнүктүрүү жана керектөөчү өлкөлөргө экспортту кеңейтүүгө көмөктөшүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттары катары аныкталган.
Бул Улуттук программаны ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 25-декабрындагы № 352 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы кабыл алынган, анда "Адал индустриясын өнүктүрүү" боюнча өзүнчө бөлүм каралган.
2.2. Өнүктүрүүнүн негизги көйгөйлөрү
Адал индустрияны андан ары өнүктүрүүнү кечеңдетүүчү негизги факторлор болуп мыйзамдардын жетишсиздиги, адал индустриянын инфраструктурасынын өнүкпөгөндүгү, зарыл квалификациядагы кадрлардын жетишсиздиги же жоктугу саналат. Кадрлардын жетишсиздиги адал продукция чыгарган ишканаларда да, сапат инфраструктурасынын уюмдарында да (стандартташтыруу, сертификациялоо) сезилет.
Республикада адал индустрия чөйрөсүндө жетиштүү мыйзамдык жана ченемдик укуктук база, сертификацияланган адал продукция үчүн көзөмөлдөөнүн маалыматтык системасы, эт адал паркынын пилоттук долбоорун куруу маселесин чечүү, Евразия экономикалык бирлигинин (мындан ары - ЕАЭБ) стандарттарын жана техникалык регламенттерин колдонуу менен адистештирилген мал союу пункттарында кийин сатуу үчүн айыл чарба жаныбарларын союу процессине талаптарды киргизүү мүмкүнчүлүгү жок, бул региондук деңгээлде да, бүтүндөй өлкө боюнча да экономикалык өнүктүрүүгө кошкон салымды толук баалоого мүмкүндүк бербейт.
3. Максат
Ушул Концепциянын максаты адал индустрия жаатында жагымдуу чөйрөнү өнүктүрүү, адал продукциянын экспортун көбөйтүү жана адал продукциянын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуунун эсебинен ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн ишинин натыйжалуулугуна жетишүү болуп саналат.
4. Артыкчылыктар
Өнүктүрүү саясаты адал продукциянын сертификацияланган продукциясы үчүн көзөмөлдүктүн толук кандуу маалыматтык системасын түзүү, колдоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу, адал индустриянын потенциалын жана инфраструктурасын чыңдоо, эл аралык рынокторго адал продукциянын экспортун көбөйтүү жолу менен адал индустриянын өнүгүшүн токтотуучу факторлорду четтетүүгө багытталышы керек.
Биринчи артыкчылыктуу багыт адал индустрия чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү болушу керек, бул адал индустрияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын калыптандыруу жана жүргүзүү үчүн база болуп кызмат кылат.
Экинчи артыкчылыктуу багыт болуп адал индустриянын инфраструктурасын, адал продукцияны өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу саналат. Адал продукциянын шайкештигин баалоо системасын, анын ичинде адал индустрияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган шайкештикти баалоо жол-жоболорун жакшыртуу.
Адал индустриянын инфраструктурасын өнүктүрүү ар кандай кызыкдар тараптардын, анын ичинде жеке сектордун, мамлекеттик органдардын, ошондой эле чет элдик инвесторлордун ортосунда диалогду куруу үчүн зарыл.
Үчүнчү артыкчылык - бул мал чарбасынын толук жолго коюлган өндүрүштүк цикли менен вертикалдуу интеграцияланган өнөр жай зонасын түзүү үчүн шарттарды түзүү жана малдан алынган продукттарды кайра иштетүү. Атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн ишканалар өздөрүнүн процесстерин кайра карап чыгууга, инновацияларды киргизүүгө, өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, жаңы өнөктөштөрдү издөөгө жана өзүнүн ресурстарын кыйла натыйжалуу башкарууга тийиш.
Төртүнчү артыкчылык - бул адал продукцияга автоматташтырылган байкоо жүргүзүү системасын киргизүү. Автоматташтырылган байкоо системасы системалуу түрдө ишке ашыруу адамдын жашоо-турмушу чөйрөсүндө санариптештирүү процессин тездетүүгө мүмкүндүк берет, анын жардамы менен керектөөчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келип чыгышына байкоо жүргүзө алат, ошондой эле техникалык инфраструктураны жана электрондук төлөм системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт, ал адал продукцияны керектөөчүлөргө продукциянын адал стандарттарга шайкештигин жеринде текшерүүгө жана жыйынтыгында адал продукцияны сапаттын жаңы жогорку деңгээлине алып чыгууга мүмкүндүк берет.
Бешинчи артыкчылык - бул адал продукцияны соода объекттеринде сатуу эрежелерин киргизүү. Адал продукциянын бири-бирин бузуусуна жол бербөө максатында адал стандарттардын талаптарына жооп бербеген, таза эмес жана башка түрдөгү продукция менен бирге сактоого, ташууга жана сатууга жол берилбейт.
5. Ар бир артыкчылык боюнча милдеттер жана чаралар/иш-аракеттер
Адал индустрияны өнүктүрүү төмөнкү милдеттерди чечүүнү талап кылат:
1-милдет. Адал индустрия чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү.
2-милдет. Адал индустриянын инфраструктурасын, адал продукцияны өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу саналат. Адал продукциянын шайкештигин баалоо системасын, анын ичинде адал индустрияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган шайкештикти баалоо жол-жоболорун жакшыртуу.
3-милдет. Мал чарбасынын толук жолго коюлган өндүрүштүк цикли менен вертикалдуу интеграцияланган өнөр жай зонасын түзүү үчүн шарттарды түзүү жана малдан алынган продукттарды кайра иштетүү.
4-милдет. Адал продукцияга автоматташтырылган байкоо жүргүзүү системасын киргизүү.
5-милдет. Адал продукцияны соода объекттеринде сатуу эрежелерин киргизүү.
5.1. Адал индустрия чөйрөсүндөгү мыйзамдык базаны жана ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана өркүндөтүү
Бул багыттын алкагында "Кыргыз Республикасындагы адал индустрия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун кабыл алуу же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасын шайкеш келтирүү, адал индустрия чөйрөсүнүн катышуучуларынын (субъекттеринин) укуктук статусун, адал индустрияны түзүү жана жөнгө салуу боюнча системалуу документтерди иштеп чыгуу бөлүгүндө жалпы терминдерди, аныктамаларды, мыйзамдык актыларды аныктоо, адал индустрия жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик экономикалык саясатты камсыз кылуу, адал индустрияны өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эл аралык уюмдар менен кызматташтыкты бекемдөө жана адал индустрия жаатындагы чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча иштерди жүзөгө ашыруу болжолдонууда.
5.2. Адал индустрия инфраструктурасын, адал продукцияны өндүрүү боюнча ата мекендик ишканаларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү жана заманбап техникалык каражаттар менен жабдуу саналат. Адал продукциянын шайкештигин баалоо системасын, анын ичинде адал индустрияны өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүгө багытталган шайкештикти баалоо жол-жоболорун жакшыртуу
Адал индустрияны өнүктүрүүдөгү негизги көйгөйлөрдүн бири болуп төмөнкүлөр саналат:
- операциялык чыгымдарды азайтуунун жана натыйжалуу логистиканын, донордук жардамынын алкагында өндүрүш аянтчаларына жакын жана фермерлерди рыноктор менен байланыштыруучу бөлүштүрүү системасындагы негизги түйүн болуп саналган, айыл чарба продукциясынын агрегациясына шарт түзүүчү агро-логистикалык борборлорду (транспорттук-логистикалык борборлорду) түзүү аркылуу тамак-аш азыктарынын сапатын жана коопсуздугун жогорулатуунун эсебинен кошумча наркты түзүү чынжырчасынын натыйжалуулугун жогорулатуу;
- бул чөйрөдөгү адистердин жетишсиздиги жана квалификациясынын жана көндүмдөрүнүн жетишсиз деңгээли. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн да, түзүлүп жаткан инфраструктуралык бөлүмдөрдүн кызматкерлеринин да кесиптик деңгээлдерин жогорулатууда колдоо көрсөтүү чараларынын негизги багыттары Кыргыз Республикасында эт кластерин уюштуруу боюнча иштин ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Келечекте бул милдетти ишке ашыруу кадрдык камсыздоодогу тартыштыкты кыскартууга шарт түзөт;
- республиканын региондорунда адал продукцияны сертификациялоо боюнча органдардын жоктугу.
5.3. Мал чарбасынын толук жолго коюлган өндүрүштүк цикли менен вертикалдуу интеграцияланган өнөр жай зонасын түзүү үчүн шарттарды түзүү жана малдан алынган продукттарды кайра иштетүү
Кыргыз Республикасынын адал индустрия чөйрөсүндөгү чакан жана орто бизнес ишканалары тиешелүү атаандаштык артыкчылыгына ээ болушу керек.
Бул милдеттин алкагында төмөнкүдөй иштер пландалууда:
- ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн сактоо, инновацияларды киргизүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана өзүнүн ресурстарын натыйжалуу колдонуу, ата мекендик адал продукцияны өндүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча;
- адал-парк продукциясын тышкы рынокторго жеткирүү үчүн толук циклди караган Кыргыз Республикасында адал эт паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин (мындан ары - ТЭН) иштеп чыгуу, зарыл болгон платформалык жана физикалык объекттердин абалын жакшыртуу маселелерин кароо, үйдө багылуучу малды тоюттандыруу жана жайгаштыруу стратегияларын оптималдаштыруу, ылаңсыз малды камсыз кылуу үчүн вакцинациялоо жана ветеринардык тейлөө практикасы боюнча. ТЭН аяктагандан кийин өндүрүш зонасын куруу үчүн инвесторлорду тартуу боюнча зарыл чаралар көрүлөт;
- толук жолго коюлган өндүрүш цикли менен Кыргыз Республикасында адал эт паркын түзүү үчүн инвесторлорду издөө жана тартуу боюнча;
- адал стандарттарды жана ЕАЭБдин техникалык регламенттерин колдонуу менен адистештирилген мал союучу пункттарда андан ары сатуу үчүн арналган айыл чарба жаныбарларын союу процессине талаптарды киргизүү.
5.4. Адал продукцияга автоматташтырылган байкоо жүргүзүү системасын киргизүү
Автоматташтырылган байкоо системасы системалуу түрдө ишке ашыруу боюнча милдет адамдын жашоо-турмушу чөйрөсүндө санариптештирүү процессин түзүүнү карайт, анын жардамы менен керектөөчү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн келип чыгышына, техникалык инфраструктураны жана электрондук төлөм системасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүгө байкоо жүргүзө алат, ал адал продукцияны керектөөчүлөргө продукциянын адал стандарттарга шайкештигин жеринде текшерүүгө жана жыйынтыгында адал продукцияны сапаттын жаңы жогорку деңгээлине алып чыгууга, адал чөйрөсүндөгү органга QR-код менен маркалоо үчүн маалыматтык ресурсту киргизүү боюнча ыйгарым укук берүүгө мүмкүндүк берет.
5.5. Адал продукцияны соода объекттеринде сатуу эрежелерин киргизүү
Адал продукцияны соода объекттеринде сатуу эрежелерин киргизүү төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- адал продукциянын бири-бирин бузуусун болтурбоого мүмкүндүк берет жана аны сатуу этабында адал стандарттардын талаптарына шайкеш келишинин уланышын кепилдейт;
- адал продукцияны сатуу чөйрөсүндө стандарттарды кабыл алуу жана киргизүү;
- рыноктун катышуучуларына адал продукцияны сатууда адал стандарттардын талаптарын колдонуу боюнча көмөк көрсөтүү.
6. Күтүлүүчү натыйжалар
Адал индустрия жогорку кошумча наркка жана олуттуу экспорттук потенциалга ээ улуттук адал продуктту өндүрүүнү камсыз кыла алат. Келечекте адал индустрия динамикалуу өнүгүп жаткан тармакка айланат жана Кыргыз Республикасынын улуттук экономикасынын дүйнөдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга шарт түзөт.
Ушул Концепциянын алкагында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- натыйжалуу колдоо механизмдери менен адал индустрияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясатын калыптандырууга;
- ата мекендик адал продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
- адал продукцияны өндүрүү инфраструктурасын чындоого жана экспорттун өсүш мүмкүндүктөрүн кеңейтүүгө;
- өлкөнүн дүйнөдөгү оң беделин калыптандырууга жана инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга.
7. Жагымдуу өбөлгөлөр жана тобокелдиктер
7.1. Жагымдуу өбөлгөлөр
Ушул Концепцияны ишке ашыруу үчүн жагымдуу өбөлгөлөр болуп төмөнкүлөр саналат:
- адал индустрия тармактарынын классификациясын түзүү (адал туризм, адал фешн, адал медицина жана фармацевтика, адал косметика, адал билим берүү ж.б.);
- ишканалардын өз ишине инвестиция тартуудагы мүмкүндүктөрүн кеңейтүү;
- жөнгө салуу үчүн бир түрдүү жана системалуу укуктук негизди түзүү;
- Кыргыз Республикасында адал стандарттар боюнча өндүрүлгөн продукттарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата принциптерди жана талаптарды аныктоо;
- ата мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн эл аралык рынокко жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, дүйнөнүн негизги товардык рынокторунда эл аралык атаандаштыкты күчөтүү.
7.2. Тобокелдиктер
Ушул Концепцияны ийгиликтүү ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктер жана коркунучтар:
- өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү мүмкүн болгон туруксуздук;
- Covid-19 пандемиясынан улам пайда болгон экономикалык кризистин кесепеттери;
- Концепцияны ишке ашырууну мамлекеттик бюджеттен каржылоонун чектелген мүмкүнчүлүктөрү жана эл аралык уюмдар же жеке инвесторлор тарабынан колдоонун жетишсиздиги;
- Концепциянын максаттарына жетүү үчүн мыйзамдар, институционалдык жана жөнгө салуучу чаралар чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү кабыл алуунун узак мөөнөттүүлүгү;
- жооптуу тараптардын ортосунда Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттерди тийиштүү координациялоонун жана макулдашуунун жоктугу.
8. Финансылык ресурстар жана булактар
Концепциянын коюлган милдеттерин натыйжалуу ишке ашыруу жана чечүү максатында адал индустрияны өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык өнөктөрдүн колдоосун тартуу боюнча ресурстарды мобилизациялоо пландалууда.
Донордук коомчулуктун катышуусун Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуунун жүрүшүндө Концепциянын багыттары боюнча аныктоо пландалууда.
Ушул Концепцияны практикалык ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды жана аларды аткаруу мөөнөттөрүн караган иш-чаралар планы иштелип чыгат жана бекитилет.