Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-сентябры № 490
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана
уруксатты каттоо боюнча акцияны жарыялоо жөнүндө
Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксатты каттоодо транспорт каражаттарынын ээлери үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 231-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөө жана уруксатты каттоо боюнча акция алтымыш күндүк мөөнөткө жарыялансын.
2. Акцияны өткөрүү мезгилинде транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымды төлөөдө жана уруксатты каттоодо жыйымдардын төмөнкү өлчөмдөрү колдонулат деп белгиленсин:
– жеке жактар – резиденттер үчүн 500 эсептик көрсөткүч;
– юридикалык жактар үчүн 700 эсептик көрсөткүч;
– резидент эместер үчүн 900 эсептик көрсөткүч.
3. Бул токтомду колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы № 281 “Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Транспорт каражаттарынын алдынкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөөгө жыйымдарды төлөөнүн жана уруксатты каттоонун тартибинин 3-пунктунун колдонулушу токтотулуп турсун.
4. Бул токтомдун колдонулушу ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген уруксаттарга жайылтылбайт.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана алтымыш күн колдонулат.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 22-сентябрындагы № 76 (3525) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У. Жапаров