ТоктомКүчүндө

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 472» Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө» токтому

Редакция19.09.2023 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 13-сентябры № 472

Мамлекеттик маанидеги имаратты куруу жана (же) жабдуу үчүн товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотуу жөнүндө

 

"Бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 41-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

 

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын мамлекеттик маанидеги имаратын куруу жана (же) жабдуу үчүн Кыргыз Республикасына алып келинүүчү товарлар товарларды чыгарууга байланышкан бажы операцияларын жүргүзүү үчүн жыйымдарды төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 29-сентябрындагы № 78 (3527) саны менен жарыяланды

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Жапаров