Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-сентябры № 502
Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Ломбард ишин өркүндөтүү, электрондук документ түрүндө күрөө билеттерин тариздөөгө ломбарддарды которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна, "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 8-июнундагы № 353 "Ломбард ишинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагындагы ломбарддардын ишин уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө жободо:
- 5-1-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Ломбард кассалык операцияларды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-июнундагы № 281 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында чарбакер субъекттердин жана бюджеттик мекемелердин кассалык операцияларды жүргүзүү тартибине ылайык жүргүзүүгө тийиш.";
- 14-пунктта:
төртүнчү абзацтагы "толтурууга" деген сөз "тариздөөгө" деген сөзгө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- зайымдарды берүүгө.";
- 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"17. Күрөө билетин электрондук документ түрүндө ломбард тариздейт. Күрөө билетин электрондук документ түрүндө тариздөө ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жүзөгө ашырылат.
Күрөө коюучу кайрылганда ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыздоонун жардамы менен электрондук документ түрүндөгү күрөө билетинин таризделишин камсыз кылат жана таризделген күрөө билеттеринин эсебин жүргүзөт.
Эгерде күрөө билетине каралган бардык жазуулар жүргүзүлсө, ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу коюлса, ал таризделди деп эсептелет. Таризделген күрөө билети кагазга басылып чыгарылат, ломбарддын мөөрү менен бекемделет жана күрөө коюучуга берилет.
Күрөө билетиндеги күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу күрөөгө коюлган буюмдун бааланган суммасы, ала турган зайымдын суммасы, зайым боюнча пайыздык ставка, зайымды кайтаруунун суммасы жана датасы менен таанышууну жана макулдашууну билдирет.
Күрөө билети таризделгенден кийинки андагы бардык өзгөртүүлөр ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу жана күрөө коюучунун жөнөкөй электрондук колу менен күбөлөндүрүлөт.
Электрондук кол тамганы колдонуу тартиби Кыргыз Республикасынын электрондук кол тамганы колдонуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылууга тийиш.
Күрөө билетин электрондук документ түрүндө тариздөө онлайн-режимде жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ломбард реалдуу убакыт режиминде туруктуу кошулууну камсыз кылат.
Ломбард өзүнүн сайтында зайым келишиминин жана күрөө билетинин формаларынын үлгүлөрүн жайгаштыруу менен "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесинин ачылышын программалык камсыз кылууну карайт.
Зайымдын шарттары менен таанышууда күрөө коюучу "Күрөө коюучунун жеке кабинети" терезесинде өтүнмөнү паспортунун толук маалыматтарынын көчүрмөсүн, байланыш маалыматтарын (мобилдик телефон номери, электрондук почта) тиркөө менен толтурат.
Күрөө коюучу күрөөгө коюлган мүлктү жана күрөөгө коюлган мүлктү баалоо үчүн ырастоочу документтерди ломбардга берет.
Ломбард техникалык каражаттардын, программалык камсыз кылуунун жардамы менен жеке маалыматтар боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасынын террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарына ылайык күрөө коюучуну идентификациялоону жүзөгө ашырат жана күрөөгө коюлган мүлккө баалоо жүргүзөт.
Ломбард зайымчынын өтүнүчүнүн негизинде зайым келишимин электрондук документ түрүндө тариздейт.
Ломбард күрөө коюучу үчүн жөнөкөй электрондук колду түзүүнү, купуялуулукту, коргоону камсыз кылат жана ушул Жободо каралган учурларда кол коюу үчүн аны күрөө коюучуга берет.
Электрондук документ түрүндөгү зайым келишимине жана күрөө билетине ломбарддын (филиалдын) жетекчисинин квалификацияланган электрондук колу, ал эми күрөө коюучунун/зайымчынын - жөнөкөй электрондук колу коюлат. Таризделген күрөө билети берилген байланыш маалыматтары (электрондук почтасы) аркылуу берилет.
Зайымчы кайрылганда зайымды берүү ломбарддын кассасында же зайымчынын банктагы эсебине акча каражаттарын которуу жолу менен ломбард тарабынан жүзөгө ашырылат.".
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 7-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 03-октябрындагы № 79 (3528) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 22-сентябры № 502
Ломбард иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомунун редакциясына ылайык)
Ломбард ишин өркүндөтүү, электрондук документ түрүндө күрөө билеттерин тариздөөгө ломбарддарды которуу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 193 "Контролдук-кассалык машиналарды киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 4-пунктуна, "Ломбарддардын иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1.(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 31-январындагы № 50 токтомуна ылайык күчүн жоготту)