Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМУ
2023-жылдын 21-сентябры № 495
Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарынын Америка Кошмо Штаттарына артыкчылыктуу негизде ишкердик жана туристтик максаттар менен баруулары үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасына ишкердик жана туристтик максаттар менен убактылуу келүүчү Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө өз ара принциптеринде аныкталуучу, бирок өлкөнүн аймагында кирген датадан тартып 180 күнгө чейин үзгүлтүксүз болуу мөөнөтү менен, 10 жылдан ашпаган мөөнөткө жүргүзүлөт деп белгиленсин.
Кыргыз Республикасынын аймагына кийинки кирүү Америка Кошмо Штаттарынын жаранынын мөөнөтүнүн болгон өлчөмүнө барабар мезгил өткөндөн кийин, чыккан датадан тартып суммалык түрдө 180 күндөн ашпаган мөөнөттө мүмкүн.
2. Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына көп жолку визаларды тариздөө үчүн ставка 185 АКШ доллары өлчөмүндө аныкталсын.
Көп жолку визаларды кароодо, тариздөөдө башка шарттар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынат.
Кыргыз Республикасынын жарандарына Америка Кошмо Штаттарынын визаларын тариздөө шарттары өзгөргөн учурда ишкердик жана туристтик категориядагы визаларды тариздөө үчүн ставкалар өлчөмдөш өзгөртүлүшү мүмкүн.
Визаларды тариздөө үчүн ставкаларды өзгөртүү дипломатиялык каналдар боюнча макулдашылат.
3. Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык корпусунун программасы боюнча жиберилүүчү Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча "атайын эмгек" ("SW" тиби) категориясындагы Кыргыз Республикасынын визалары таризделсин.
Америка Кошмо Штаттарынын аталган категориядагы жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө визалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-мартындагы № 155 "Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык таризделет.
Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө үчүн акы 1992-жылдын 5-ноябрындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн ортосундагы Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы Тынчтык корпусунун программасы жөнүндө макулдашууга ылайык белгиленет.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын жогоруда аталган шарттарды колдонууга даярдыгы жөнүндө тиешелүү нотаны америка тарапка жиберсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-мартындагы № 132 "Америка Кошмо Штаттарынын жарандарына 5 жылга чейинки мөөнөткө Кыргыз Республикасынын көп жолку визаларын тариздөөнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү бул токтомдун 3-пунктунан тышкары, Кыргыз Республикасынын жарандарына карата ушундай шарттарды колдонуу жөнүндө Америка Кошмо Штаттарынын жооп нотасын алган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 3-октябрындагы № 79 (3528) санына жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |