Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 10-октябры № 540
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын айланасындагы аймакты пайдаланууга атайын талаптарды белгилөө жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
Стратегиялык объекттин коопсуздугун камсыз кылуу, анын иштөө жана эксплуатациялоо режимин белгилөө максатында, "Кыргыз Республикасынын стратегиялык объектилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бишкек шаары, Чыңгыз Айтматов проспекти, 301 дареги боюнча жайгашкан Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан административдик имаратынын айланасындагы аймакты пайдалануу боюнча мамлекеттик жана муниципалдык объекттерге, бийиктиги жердин деңгээлинен 10 метрден ашпаган жеке турак үйлөргө, ошондой эле ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн объекттерге колдонулбай турган төмөнкүдөй атайын талаптар белгиленсин:
- 500 метр радиуста кыймылсыз мүлктүн жаңы объекттерин курууга жана жайгаштырууга жол берилбейт;
- 1 километр радиуста бийиктиги жердин деңгээлинен 10 метрден ашкан кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүлөргө жол берилбейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Бишкек шаарынын мэриясы (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын курулуп жаткан администрациялык имаратынын айланасындагы аймакты пайдалануу боюнча атайын талаптар колдонулбай турган объекттердин ТИЗМЕСИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 4-июлундагы № 356 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | Объекттер | Кабат | Саны | Жайгашкан жери |
1 | Көп батирлүү турак үй | 5 | 1 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Магистральная көчөсү, 1 б (№ 2 участогу) |
2 | Көп батирлүү турак үйлөр | 8 | 2 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Ветеринарная көчөсү, 14 жана Кырман көчөсү, 15 |
3 | Көп батирлүү турак үйлөр | 9 | 4 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Магистральная көчөсү, 7 |
4 | Көп батирлүү турак үй | 6 | 1 | Бишкек шаары, "Ынтымак" конушу, Азия көчөсү, 12 (№ 229, 230а, 232 участоктор) |
5 | Көп батирлүү турак үй | 7 | 1 | Бишкек шаары, Самойленко көчөсү, 2, 2/4 |
6 | Көп батирлүү турак үй | 3 | 1 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 1 |
7 | Көп батирлүү турак үй | 4 | 1 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 1 |
8 | Көп батирлүү турак үйлөр | 4 | 2 | Бишкек шаары, Манас айылы көчөсү, 3 |