Загрузка документа…
Тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 9-октябрындагы № 533 токтомуна) |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун (мындан ары - Банк) ишинин негизги экономикалык ченемдерин жана ага талаптарды аныктайт.
2. Бул Жобонун максаты финансылык туруктуулукту камсыз кылуу жана Банктын ишинин тобокелдиктерин башкаруу болуп саналат.
3. Бул Жобо Банктын бардык операцияларына жана ишине жайылтылат.
4. Бул Жобо Банктын өз финансылык, кредиттик, инвестициялык жана башка ишин жүзөгө ашыруусу жана Банктын өзүнүн ички кредиттик жана инвестициялык саясатын аныктоосу, активдерин жана пассивдерин, тобокелдиктерин башкаруусу жана Банктын башка ички ченемдик документтери үчүн негиз болуп саналат.
2-глава. Банктын укуктук абалы
5. Банк ачык акционердик коом түрүндө түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат.
6. Банкка банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алуу талап кылынбайт. Мында Банк "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган банктык жана башка операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.
7. Банк өз ишин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген ыйгарым укуктарынын чегинде өз алдынча уюштурат жана жүзөгө ашырат.
8. "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында, ушул Жободо жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында түздөн-түз каралган учурлардан тышкары, Банктын ишине мамлекеттик органдардын, алардын кызмат адамдарынын ар кандай түрдө кийлигишүүсүнө тыюу салынат.
9. Банктын уюштуруу документтери, ички ченемдик документтери "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана ушул Жобонун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
3-глава. Директорлор кенешинин мүчөлөрүнө карата талаптар
10. Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, аудит боюнча комитеттин, тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) жогорку билими жөнүндө дипломунун жана акыркы он жылдын ичинде экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер жаатында үч жылдан кем эмес иш стажынын (тажрыйбасынын) болушу;
2) кынтыксыз ишкердик беделге ээ болуу;
3) Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу жана банк мыйзамдары жаатында билимге ээ болуу;
4) Банктын бизнес-планын жана Банкты өнүктүрүү стратегиясын билүү.
11. Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна талапкер ушул Жобонун 10-пунктунда баяндалган талаптарга кошумча төмөнкүлөргө тийиш:
1) бухгалтердик эсепке алуунун жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарын жана эл аралык практикада кабыл алынган аудит боюнча стандарттарды билүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар билим берүү мекемелеринде алынган аталган багыттар боюнча окутуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаттарга же башка документтерге ээ болууга;
2) "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга.
12. Тобокелдиктерди башкаруу боюнча комитеттин төрагасынын кызмат ордуна талапкер ушул Жобонун 10-пунктунда баяндалган талаптарга кошумча, төмөнкүлөргө тийиш:
1) тобокелдиктерди башкаруу боюнча билимге ээ болууга жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксаты/лицензиясы бар билим берүү мекемесинде алынган аталган багыт боюнча окутуудан өткөндүгүн ырастаган сертификаты же башка документи болууга;
2) "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга.
13. Төмөнкү учурларда адам кынтыксыз ишкердик бедели жок же аны жоготкон деп эсептелет:
1) эгерде адамдын экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алынбаган жана жоюлбаган соттуулугу болсо;
2) эгерде адам өзү мажбурлап жоюуга, банкроттукка дуушар болсо же сот тарабынан юридикалык жактын башкаруу органынын олуттуу катышуучусу же мүчөсү катары адамдын аракети же аракетсиздиги мажбурлап жоюуга, анын ичинде банкроттукка алып келген деп таанылса;
3) эгерде адам соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудиттик, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишти жүзөгө ашырууга укугу жок болсо же Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чечими боюнча банк чөйрөсүндөгү ишти жүзөгө ашырууга укугу жок болсо;
4) эгерде адам соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз ишкердик беделин жоготсо;
5) эгерде адам Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын же көзөмөл боюнча комитетинин же чет өлкөлүк банктык көзөмөлдүн компетенттүү органынын чечими боюнча банктын таасир этүү чараларын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулса;
6) адамда финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттун чечими болсо.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Банктын Директорлор кеңешинин жана Башкармасынын мүчөлөрүнүн кызмат ордуна талапкерлердин ишкердик беделине таасир этиши мүмкүн болгон фактыларды белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына жана башка ыйгарым укуктуу органдарга суроо-талаптарды жөнөтө алат, мында талапкер өзүнүн жеке маалыматтарын иштеп чыгууга жана мындай маалыматтарды өткөрүп берүүгө макулдук берет.
14. Банктын Директорлор кеңешинин курамында кворумга таасирин тийгизбеген бош орун(дар) пайда болгон учурда Директорлор кеңешинин жетишпеген сандагы мүчөлөрү Банктын акционерлеринин кийинки жалпы чогулушунда шайланат.
15. Кворумга таасирин тийгизбеген, бирок анын натыйжасында Банк Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн үчтөн биринин курамынын болушу жөнүндө талапты бузган Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүнүн бош орун(дары) пайда болгон учурда Банктын Директорлор кеңеши бош орун(дар) пайда болгон датадан тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде акционерлердин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга тийиш, анда жетишсиз сандагы Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү шайланууга тийиш.
16. Эгерде Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумдан аз санга чейин кыскарса, Банктын Башкармасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулган датадан тартып беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү.
17. Банктын Директорлор кеңешинин курамынын үчтөн биринен кем эмеси Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрүн түзүүгө тийиш.
18. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн көз карандысыздык критерийлери "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен аныкталат.
19. Директорлор кеңешинин мүчөсү төмөнкүдөй учурларда кызмат ордунан бошотулууга тийиш:
1) Банкка олуттуу зыян алып келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузганда;
2) кынтыксыз ишкердик беделин жоготкондо;
3) Банктын бүтүмдөрүн түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышын же кызыкчылыктарды жашыруу фактысы аныкталганда;
4) анын квалификациялык талаптарга, көз карандысыздык талаптарына ылайык келбегендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтарды жашыруу фактысы аныкталганда;
5) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалына байланышкан кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
6) каза болгондугуна же дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу;
7) кызмат ордунан бошотуу жөнүндө жеке арыз бергенде.
4-глава. Башкарманын мүчөлөрүнө карата талаптар
20. Банктын Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү төмөнкүдөй минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш:
1) жогорку билими жөнүндө диплому болууга;
2) кызмат ордуна талапкер үчүн акыркы жети жыл ичинде төмөнкүдөй иш стажы (тажрыйбасы) болууга:
а) Банк Башкармасынын төрагасы - банк жана/же финансы системасында беш жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызматтарда - эки жылдан кем эмес;
б) Башкарманын төрагасынын орун басарлары, мүчөлөрү - банк жана/же финансы системасында үч жылдан кем эмес;
3) банктык тобокелдиктерди башкаруу жаатында жана алар иштөөнү болжолдогон чөйрөдө Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдары жаатында билимге ээ болууга;
4) кынтыксыз ишкердик беделге ээ болууга.
21. Ушул Жобонун максаттары үчүн жетекчилик кызмат орду деп финансылык-кредиттик уюмдун жана/же анын иши Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарына ылайык банктык/финансылык иш менен байланышкан компаниянын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн эмес кызмат орду, ошондой эле финансылык системада долбоордун жетекчисинен төмөн эмес кызмат орду түшүнүлөт. Мында иш стажына жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө бул уюмдун/компаниянын коопсуздук маселелерин жөнгө салуу жана чарбалык ишти жүзөгө ашыруу менен байланышкан иштер кирбейт.
22. Башкарманын мүчөсү төмөнкүдөй учурларда ээлеген кызматынан бошотулууга тийиш:
1) Банкка олуттуу зыян алып келген Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузганда;
2) кынтыксыз ишкердик беделин жоготкондо;
3) Банктын бүтүмдөрүн түзүүдө кызыкчылыктардын кагылышын же кызыкчылыктарды жашыруу фактысы аныкталганда;
4) анын квалификациялык талаптарга ылайык келбегендиги жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтарды жашыруу фактысы аныкталганда;
5) медициналык корутунду менен ырасталган ден соолугунун абалына байланыштуу кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогондо;
6) каза болгондугуна же дайынсыз жоголду же өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу;
7) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган башка учурларда.
5-глава. Долбоорлорду каржылоо
23. Банк Банктын Директорлор кеңеши тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген долбоорлорду каржылайт.
24. Долбоорлорду тандоо жана каржылоо, анын ичинде юридикалык жактардын ишине катышуу (капиталга) ушул Жобого жана Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
25. Банктын кредиттик иши кайтарымдуулук, акы төлөө, мөөнөттүүлүк, максаттуу багыт жана камсыз кылуу принцибин сактоо менен жүзөгө ашырылат.
26. Каржылануучу долбоор Кыргыз Республикасынын учурдагы экономикалык жана укуктук шарттарында ишке ашырылууга тийиш.
27. Каржылануучу долбоор рентабелдүү болууга жана кардарга келишимде белгиленген мөөнөттө кредитти жана ал боюнча пайыздарды кайтарып берүүгө мүмкүндүк берүүгө тийиш.
28. Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандалып алынган долбоорлорду жүзөгө ашыруучу катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан тышкары жеке жана юридикалык жактарга кредиттерди берүүгө;
2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;
3) кайтарып берүүсүн камсыз кылбастан кредиттерди берүүгө;
4) мурда тартылган зайымдар боюнча мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) милдеттенмелер болгон учурда кошумча тышкы жана ички зайымдарды жүзөгө ашырууга;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, башка мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредиттерди берүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарба жүргүзүүчү субъекттерге кандай болбосун формада финансылык жардам көрсөтүүгө;
7) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык каржылоодон тышкары мамлекеттик булактардан каржылоону тартууга.
29. Бир кардарга же байланышкан кардарлар тобуна берилүүчү кредиттердин максималдуу көлөмү ушул Жободо белгиленген ченемдерден ашпоого тийиш.
30. Долбоорлорду ишке ашыруучу юридикалык жактардын ишине (капиталына) катышуу' Банктын ички ченемдик документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.
31. Юридикалык жактардын ишине (капиталына) катышуу боюнча инвестициялардын жыйынды (жалпы) өлчөмү ушул Жободо белгиленген ченемден ашпоого тийиш.
32. Банк туунду же көз каранды компанияны түзүү же сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата Банктын иши чыгашасыз болуп саналган шартта, ушул Жободо белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды эске алуу менен туунду же көз каранды компанияны түзүүгө жана/же сатып алууга укуктуу. Туунду же көз каранды компанияны түзүү жана/же сатып алуу, ошондой эле туунду же көз каранды компанияны сатуу/жоюу жөнүндө чечим акционерлердин жалпы чогулушунун гана компетенциясына кирет. Банктын акционери тарабынан туунду/көз каранды компанияны сатып алуу же түзүү тапшырылганда Банктын Башкармасы жана Директорлор кеңеши мындай маселе боюнча инвестициялык долбоорду даярдоого тийиш, анда туунду/көз каранды компанияны түзүү же сатып алуу тобокелдиктери жана мындай компанияны өнүктүрүүнүн алдын ала концепциясы чагылдырылышы керек. Туунду/көз каранды компанияны сатып алган учурда инвестициялык долбоор компания жана анын ишинин натыйжалары жөнүндө жалпы маалыматты да камтууга тийиш. Көрсөтүлгөн маалымат акционерге акционерлердин жалпы чогулушунун жыйналышын өткөрүүнүн алдында берилет.
33. Банктын туунду жана көз каранды компаниялары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган кандай болбосун ишти жүзөгө ашыра алат.
6-глава. Экономикалык стандарттар жана талаптар
34. Банктын стабилдүү жана туруктуу ишин камсыз кылуу максатында Банк ушул Жободо белгиленген экономикалык ченемдерди жана талаптарды сактоо зарыл.
35. Экономикалык ченемдердин сакталышы жөнүндө маалымат ушул Жободо аныкталган тартипте Директорлор кеңешине жана акционерге жөнөтүлөт.
36. Ушул Жободо көрсөтүлгөн экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткаруу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү максатында Банкка экономикалык ченемдер жана талаптар боюнча ички чектерди белгилөө сунушталат, алар ушул Жободо белгиленген максималдык чектен төмөн жана минималдуу чектен жогору болууга тийиш.
37. Ошондой эле Банк кредиттерди берүүдө экономиканын тармактары, карыз алуучулар, облустар ж.б. боюнча концентрациялануу тобокелдиги боюнча ички лимиттерди белгилөөгө тийиш.
7-глава. Бир зайымчыга же байланышкан зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1)
38. Банк менен байланышы жок бир зайымчыга же байланышкан зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
- банктардан тышкары, зайымчылар же байланышкан зайымчылар тобу үчүн (К1.1) - 25%;
- банктар үчүн (К1.3) - 30%.
39. Банк менен байланышкан бир зайымчыга же байланышкан зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
- банктардан тышкары, зайымчылар же байланышкан зайымчылар тобу үчүн (К 1.2) - 15%;
- банктар үчүн (К1.4) - 15%.
40. Банк менен байланышы жок бир зайымчыга же байланышкан зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби Улуттук банктын Башкармасынын 2023-жылдын 12-апрелиндеги № П-12/23-5-(ЧУА) токтому менен бекитилген "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускамада белгиленген тартипке окшош аныкталат.
41. Банк менен байланышкан бир зайымчыга же байланышкан зайымчылар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөө тартиби "Кредиттөөдөгү чектөөлөр жөнүндө" нускаманын 6-главасына, Улуттук банктын Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/5 токтому менен бекитилген "Банктын аффилирленген жана байланышкан жактары менен операцияларына карата талаптар" жөнүндө нускамага ылайык аныкталат.
8-глава. Капиталдын жетиштүүлүк (адекваттуулук) стандарттары (К2)
42. Банк үчүн белгиленген капиталдын минималдуу өлчөмү:
1) Банктын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү;
2) өздүк (регулятивдик) капиталдын (Биринчи деңгээлдеги капиталдын) минималдуу өлчөмү.
43. Активдерди жана баланстан тышкаркы милдеттенмелерди тобокелдик деңгээли боюнча таразалоого негизделген капиталдын жетиштүүлүк (адекваттуулук) коэффициенттери:
- суммардык капиталдын адекваттуулук коэффициенти (К2.1) - 12%дан кем эмес;
- Биринчи деңгээлдеги капиталдын адекваттуулук коэффициенти (К2.2) - 7,5%дан кем эмес;
- Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын адекваттуулук коэффициенти (К2.3) - 6%дан кем эмес.
44. Левераж (К2.4) - 6% кем эмес болууга тийиш.
45. Капиталдын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттары жана аларды эсептөө тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 12-октябрындагы № П-12/63-1-(ЧУА) токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын капиталынын жетиштүүлүгү (шайкештиги) стандарттарын аныктоо боюнча нускоодо белгиленген тартипке окшош аныкталат.
9-глава. Ликвиддүүлүк ченеми (көрсөткүчү)
46. Банк өзүнүн ички ченемдик документтеринде ликвиддүүлүк ченеминин өлчөмүн белгилөөгө жана алардын Банк ишинин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен сакталышын камсыз кылууга тийиш.
10-глава. Ачык валюта позициясынын лимити (К4)
47. Ачык валюта позициясынын лимити (К4) төмөнкү маанилерден ашпоого тийиш:
- ар бир валюта боюнча узак/кыска ачык валюталык баланстык/баланстан тышкаркы позициялардын лимити үчүн (К4.1) - Банктын таза суммалык капиталынын (мындан ары - ТСК) 15% ашпоого тийиш;
- узун ачык валюта позицияларынын суммалык чоңдугу үчүн (К4.2) - 20%дан көп эмес ТСК;
- кыска ачык валюта позицияларынын суммардык чоңдугу үчүн (К4.3) - 20%дан көп эмес ТСК.
48. Ачык валюта позиция лимиттери Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 29-декабрындагы № 36/13 токтому менен бекитилген Кароого коюлган "Кыргыз Республикасынын аймагындагы коммерциялык банктардын ачык валюта позицияларынын жана баалуу металлдар боюнча ачык позицияларынын лимиттерин сактоонун тартиби жөнүндө" нускоого ылайык эсептелет.
11-глава. Аффилирлепген жана Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү
49. Аффилирленген жана/же Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин аффилирленген жана/же Банк менен байланыштуу жактардын Банк алдындагы жалпыланган карызынын өлчөмү катары туюндурулган максималдуу өлчөмү банктын таза суммалык капиталынын өлчөмүнүн 60%ынан ашпоого тийиш. Аффилирленген жана/же Банк менен байланыштуу жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмүн эсептөөдөн Банктын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик баалуу кагаздарына инвестициялары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери болуп саналган уюмдардын капиталына инвестициялар алып салынат.
12-бөлүм. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү
50. Ар бир банктык эмес уюмга кандай болбосун инвестициялардын максималдуу өлчөмү, анын ичинде кандай болбосун финансылык салымдар жана кредиттер Банктын өз (жөнгө салуучу) капиталынын өлчөмүнүн 25%ынан ашпоого тийиш, эгерде мындай уюм Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп саналса, 90%дан ашпоого тийиш.
51. Мындай инвестициялардын жалпы өлчөмү Банктын өз (жөнгө салуучу) капиталынын 60%ынан ашпоого тийиш, уюм Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекти болуп саналса, 90%дан ашпоого тийиш.
13-глава. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү
52. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү Банктын төлөнгөн уставдык капиталынын өлчөмүнүн 100%ынан ашпоого тийиш.
53. Ушул Жобонун максаттары үчүн кыймылсыз мүлк деп Банкка таандык же финансылык ижара келишими боюнча Банктын тескөөсүндө турган жана негизги каражат катары пайдаланылуучу/пайдаланыла турган кыймылсыз мүлк (анын ичинде курулуп жаткан/орнотулуп жаткан кыймылсыз мүлк) түшүнүлөт.
54. Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөдө бардык кыймылсыз мүлк, ижарага алынган менчикти көрктөндүрүүгө капиталдык салымдар (операциялык жана/же финансылык ижара келишими боюнча), ошондой эле Банктын жайларына ээлик кылган ишкананын акцияларына, же облигацияларына, же башка ушул сыяктуу карыздык милдеттенмелерине кандай болбосун салымдар жана мындай ишканаларга берилген жана/же алардын акциялары менен камсыздалган бардык кредиттер камтылууга тийиш. Көрсөтүлгөн бардык активдер (финансылык ижара келишими боюнча кыймылсыз мүлктү кошпогондо) алардын баланстык наркы боюнча эсептөөгө кошулат.
Банктын тескөөсүндө финансылык ижара келишими боюнча турган кыймылсыз мүлк кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө баштапкы наркы боюнча финансылык ижара боюнча милдеттенмелердин учурдагы өлчөмүн эсептен алып салуу менен киргизилүүгө тийиш.
55. Банк кызматкерлеринин эмгек жана эс алуу шарттарын түзүү үчүн арналган кыймылсыз мүлккө бул мүлктүн баланстык наркы кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмүн эсептөөгө кошуу шартында ээ болушу мүмкүн.
56. Натыйжада кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү бузулган кыймылсыз мүлктүн наркын кайра баалоону жүргүзүүдө Банк кайра баалоо жүргүзүлгөн учурдан тартып 12 (он эки) ай ичинде кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын өлчөмүн ушул Жобонун талаптарына ылайык келтирүүгө тийиш.
57. Берилген кредиттер боюнча карыздын ордун жабуу үчүн Банк тарабынан алынган мүлк мыйзамдардын талаптарын сактоодо жана төмөнкү шарттарды аткарууда Банк тарабынан негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн:
- мүлктү негизги каражат катары кабыл алуу кыймылсыз мүлккө инвестициялардын максималдуу өлчөмүнүн бузулушуна алып келбесе;
- бул мүлк Банктын ишинин максаттары үчүн пайдаланылса;
- аны пайдалануу мөөнөтү 18 (он сегиз) айдан ашпоого тийиш.
Берилген кредиттер боюнча карыздарды жабууга алынган мүлк, эгерде кабыл алынып жаткан мүлктүн наркы таза суммалык капиталдын 10%ынан ашса, Директорлор кеңешинин чечиминин негизинде гана негизги каражат катары кабыл алынышы мүмкүн.
14-глава. Башка мамлекеттердин баалуу кагаздарына жана мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестициялардын өлчөмү
58. Standart and Poor's, Fitch Rating же Moody's Investors Service рейтингдик агенттиктеринин бири тарабынан ыйгарылган "А" же "А2" деңгээлинен төмөн эмес узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге ээ мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына Банктын инвестицияларынын жалпы өлчөмү Банктын таза суммалык капиталынын 100% өлчөмүнөн ашпоого тийиш.
59. Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын жалпы өлчөмү Банктын таза суммардык капиталынын өлчөмүнүн 50%ынан ашпоого тийиш.
15-глава. Экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчетту жана маалыматты берүү жана жарыялоо тартиби жана мөөнөттөрү
60. Банк бардык экономикалык ченемдерди күн сайын сактоого тийиш.
61. Банктын иши, ошондой эле экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчет Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилгенге) ушул Жобонун 1 жана 2-тиркемелеринин формасы боюнча мезгилдүү регулятивдик отчетунун курамында берилет. "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган учурларда отчет башка мамлекеттик органдарга да берилет.
62. Экономикалык ченемдердин аткарылышы жөнүндө отчет жок эле дегенде Банктын расмий сайтында, ошондой эле зарыл болгон учурда республикалык маанидеги башка жалпыга маалымдоо каражаттарында мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ушул Жобонун 2-тиркемесинин формасы боюнча жарыяланышы керек.
63. Отчеттор ар бир квартал аяктаган учурдан тартып 30 (отуз) күндүн ичинде жарыяланууга тийиш.
64. Банк кварталдык отчетторду жарыялоо үчүн алардын кеңири жайылышын жана колдонуучуларга жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында жалпыга маалымдоо каражаттарын тандайт.
65. Жарыялоо жөнүндө маалыматтар жарыялоонун көчүрмөсүн тиркөө менен жарыялангандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ыйгарым укук берилгенге) берилүүгө тийиш.
16-глава. Корутунду жоболор
66. Ушул Жобо менен жөнгө салынбаган бөлүктөрдө Банк ички ченемдик документтерин жана акционердик коомдордун ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын жетекчиликке алат.
|
| "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобого 1-тиркеме |
Экономикалык ченемдердин жана көрсөткүчтөрдүн аталышы | Белгилөө | Ченемдин/көрсөткүчтүн эсеби | Ченемдин/көрсөткүчтүн иш жүзүндөгү мааниси | Ченемдин/көрсөткүчтүн белгиленген мааниси | Эскертүү |
Бир карыз алуучуга же байланышкан карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү | К1.1 | СЗ/ЧСК |
| 25%дан жогору эмес |
|
К1.2 | СЗ/ЧСК |
| 15%дан жогору эмес |
| |
К1.3 | СЗ/ЧСК |
| 30%дан жогору эмес |
| |
К1.4 | СЗ/ЧСК |
| 15%дан жогору эмес |
| |
Капиталдын жетиштүүлүк (адекваттуулук) ченеми | К2.1 | ЧСК/ ЧРА+К* Кор |
| 12%дан кем эмес |
|
К2.2 | КПУ/ЧРА |
| 7,5%дан кем эмес |
| |
К2.3 | БКПУ/ЧРА |
| 6%дан кем эмес |
| |
К2.4 | КПУ/СА+ЗО |
| 6%дан кем эмес |
| |
Ачык валюта позицияларынын лимити (К4) төмөнкү маанилерден жогору болбоого тийиш: |
|
|
|
|
|
Ар бир валюта боюнча узун/кыска ачык валюталык баланстык/ баланстан тышкаркы позициянын лимити | К4.1 |
|
| 15%дан жогору эмес |
|
Узун ачык валюталык позициялардын суммардык чоңдугу үчүн | К4.2 |
|
| 20%дан жогору эмес |
|
Кыска ачык валюталык позициялардын суммардык чоңдугу үчүн | К4.3 |
|
| 20%дан жогору эмес |
|
Эскертүү: К - белгиленген көрсөткүч (суммардык капиталдын адекваттуулугунун коэффициентине тескери сан - 8,33 (100% : 12 %). Отк - операциялык тобокелдиктердин жабуу үчүн резервделген капитал өлчөмү. Базалык индикативдүү методду колдонуу менен операциялык тобокелдиктерди жабуу үчүн резервделген капиталды эсептөө Улуттук банктын Башкармасынын 2019-жылдын 27-декабрындагы № 2019-П-12/68-1-(ЧУА) токтому менен бекитилген Банктардын операциялык тобокелдиктерин жабуу үчүн зарыл болгон капиталдын деңгээлин аныктоо тартибине ылайык жүргүзүлөт. БДК - Биринчи деңгээлдеги капитал. БДБК - Биринчи деңгээлдеги базалык капитал. ТСК - таза суммардык капитал. ЧПА - потенциалдуу жоготууларды жана чыгымдарды жабууга атайын резервдерди чыгарып салуу менен тобокелдик даражасы боюнча өлчөнгөн баланстык активдердин жана баланстан тышкаркы милдеттенмелеринин суммасы. СА - суммардык активдер. ЖК - бир карыз алуучуга жалпы карыз. | |||||
Талаптардын сакталышы жөнүндө отчет
Белгилөө | Белгиленген маани | Иш жүзүндөгү маани (шарттуу бирд.) | Эскертүү |
Аффилирленген жана банк менен байланышкан жактар менен операциялар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү | Таза суммардык капиталдын 60%ынан жогору эмес |
|
|
Ар бир банк эмес уюмга бардык инвестициялардын максималдуу өлчөмү | Банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 25%ынан (90%) жогору эмес |
| Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери үчүн - банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 90%ы |
Банк эмес уюмдарга бардык инвестициялардын жалпы өлчөмү | Банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 60%ынан (90%) жогору эмес |
| Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттери үчүн - банктын өздүк (регулятивдик) капиталынын 90%ы |
Кыймылсыз мүлккө (негизги каражаттарга) инвестициялардын максималдуу өлчөмү | Банктын төлөнгөн уставдык капиталынын 100%ынан жогору эмес |
|
|
Башка мамлекеттердин өкмөттөрүнүн жана борбордук банктарынын баалуу кагаздарына инвестициялардын максималдуу өлчөмү | Таза суммардык капиталдын 100%ынан жогору эмес |
|
|
Банктын мамлекеттик эмес карыздык баалуу кагаздарга инвестицияларынын максималдуу өлчөмү | Таза суммардык капиталдын 50%ынан жогору эмес |
|
|
|
| "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун ишин жөнгө салуу жөнүндө жобого 2-тиркеме |
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ачык акционердик коомунун экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө МААЛЫМАТТАР
20____-жылдын ___________ карата абал боюнча
20____-жылдын ___________ кварталы үчүн
Экономикалык ченемдердин аталышы | Ченемдин белгиленген мааниси | Ченемдин иш жүзүндөгү мааниси |
Банк менен байланыштуу болбогон бир карыз алуучуга же байланышкан карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.1) | 25%дан жогору эмес |
|
Банк менен байланыштуу болгон бир карыз алуучуга же байланышкан карыз алуучулар тобуна тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.2) | 15%дан жогору эмес |
|
Банк менен байланыштуу болбогон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.3) | 30%дан жогору эмес |
|
Банк менен байланыштуу болгон банкка банктар аралык жайгаштыруулар боюнча тобокелдиктин максималдуу өлчөмү (К1.4) | 15%дан жогору эмес |
|
Суммалык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (адекваттуулугунун) коэффициенти (К2.1) | 12%дан кем эмес |
|
Биринчи деңгээлдеги капиталдын жетиштүүлүгүнүн (адекваттуулугунун) коэффициенти (К2.2) | 7.5%дан кем эмес |
|
Биринчи деңгээлдеги Базалык капиталдын жетиштүүлүгүнүн (адекваттуулугунун) коэффициенти (К2.3) | 6%дан кем эмес |
|
Левераж (К2.4) | 6%дан кем эмес |
|
Узун ачык валюта позицияларынын суммалык чоңдугу боюнча кечиктирилген күндөрдүн саны (К4.2) | 20%дан жогору эмес |
|
Кыска ачык валюта позицияларынын суммалык чоңдугу боюнча кечиктирилген күндөрдүн саны (К4.3) | 20%дан жогору эмес |
|
Баалуу металлдар түрүндөгү узун ачык позицияларынын суммалык чоңдугу боюнча кечиктирилген күндөрдүн саны (К4.5) | 20%дан жогору эмес |
|
Баалуу металлдар түрүндөгү кыска ачык позицияларынын суммалык чоңдугу боюнча кечиктирилген күндөрдүн саны (К4.6) | 20%дан жогору эмес |
|
Банктын мезгилдүү регулятивдик отчетунун курамы
| Аталышы | Мезгилдүүлүгү | Тапшыруу мөөнөтү |
1 | Банк жөнүндө негизги маалыматтар, филиалдар/өкүлчүлүктөр/түзүмдүк бөлүмдөр (кеңселер), туунду жана аффилирленген компаниялар, иштеп жаткан комитеттер жөнүндө маалыматтар | Жылдык | Отчеттук жылдан кийин 1-февралга чейин |
Кварталдык | Кварталдын ичинде өзгөрүүлөр болсо | ||
2 | Финансылык абал жөнүндө регулятивдик отчет | Кварталдык | Отчеттук кварталдан кийин 20 календардык күндүн ичинде |
Жылдык | Отчеттук жылдан кийин 1-февралга чейин | ||
3 | Жалпы кирешелер жөнүндө отчет | Кварталдык | Отчеттук кварталдан кийин 20 календардык күндүн ичинде |
Жылдык | Отчеттук жылдап кийин 1-февралга чейин | ||
Жылдык | Отчеттук жылдан кийин 1-февралга чейин | ||
4 | Чет өлкөлүк активдер жана милдеттенмелер жөнүндө отчет | Кварталдык | Отчеттук кварталдан кийин 20 календардык күндүн ичинде |
Жылдык | Отчеттук жылдан кийин 1-февралга чейин | ||
Жылдык | Отчеттук жылдан кийин 1-февралга чейин | ||
5 | Банктын экономикалык ченемдеринин сакталышы жөнүндө маалымат | Кварталдык | Отчеттук кварталдан кийин 20 календардык күндүн ичинде |