Сравнение редакций…
1-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна) |
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу ЭРЕЖЕЛЕРИ
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 350 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелери (мындан ары - Эрежелер) "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары - Мыйзам) ылайык иштелип чыкты жана турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишими (мындан ары - милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча тараптардын укуктарын жана милдеттерин ишке ашыруунун тартибин аныктайт.
2. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандырууну жүзөгө ашырууда камсыздандыруучу камсыздандыруу учуру келгенде милдеттүү камсыздандыруу келишиминде шартталган акы үчүн милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган камсыздандыруу ордун толтурууга милдеттенет.
3. Өрттүн жана/же табигый кырсыктардын кесепетинен камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуу же бузулуу тобокелдиги милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
4. Милдеттүү камсыздандыруу боюнча укуктук мамилелердин субъекттери төмөнкүлөр болуп саналат:
- камсыздандыруучу;
- камсыздандырылуучу;
- пайда табуучулар.
5. Ушул Эрежелерде пайдаланылуучу түшүнүктөр:
1) камсыздандыруучу - Кыргыз Республикасынын аймагында милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууга лицензиясы бар юридикалык жак;
2) камсыздандырылуучу - камсыздандыруучу менен милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полисин) түзгөн юридикалык же аракетке жарамдуу жеке жак;
3) пайда табуучу - турак жайдын менчик ээси же менчик ээсинин мураскору же мыйзамдуу укук улантуучусу болуп саналган жак;
4) бенефициардык ээлик кылуучу - жеке жак (жеке жактар), кардардын атынан же анын кызыкчылыктарында жасалган операциялардын (бүтүмдөрдүн) акыркы жыйынтыгында (ээлик кылуунун жана контролдоонун чынжырлары аркылуу) кардардын же болбосо жеке жактын жеке менчигине тике же кыйыр (үчүнчү жак аркылуу) ээлик кылат же контролдойт;
5) турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) - камсыздандыруу келишими, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сый төлөмүн) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо ушул окуянын натыйжасында турак жайга келтирилген зыяндын ордун камсыздандырылуучуга же болбосо пайда табуучуга келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө) милдеттүү;
6) турак жай - жеке жактын же юридикалык жактын жеке менчигинде турган (жеке турак үй, жеке турак үйдүн бөлүгү, көп батирлүү үйдөгү батир, коммуналдык батир, коммуналдык батирдеги бөлмө, мейманкана, мейманкана тибиндеги турак үй), туруктуу же убактылуу жашоого арналган жана пайдаланылган, Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында белгиленген техникалык, санитардык жана башка милдеттүү талаптарга жооп берген турак жай фондунун өзүнчө бирдиги.
Эгерде бир жер участогунда бир нече турак жайлар турса, алар бир менчик ээсине таандык болсо, анда ушул турак жайлардын жыйындысы кыймылсыз мүлктүн бир бирдигин түзөт. Менчик ээсинин каалоосу боюнча кыймылсыз мүлктүн ушул бирдиги бир нече бирдиктерге бөлүнүшү жана өзүнчө камсыздандырылышы мүмкүн;
7) турак жайды пайдалануу - турак жайды иштетүү, анда жашап туруу;
8) көз карандысыз эксперт - ушул Эрежелерде каралган камсыздандыруу окуясынын келип чыгуу себептерин жана шарттарын аныктоо жана камсыздандыруу окуясынын кесепетинен турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүнө баалоо жүргүзүү жана ошонун негизинде корутунду берүү үчүн милдеттүү камсыздандырууга катышуучулар (камсыздандыруучу, камсыздандырылуучу, пайда табуучу) ишке тарткан кызыкдар эмес жеке же юридикалык жак;
9) өрт - турак жайга материалдык залалдарды келтирген, контролдоого мүмкүн болбогон күйүү процесси;
10) табигый кырсык - чукул мүнөзгө ээ болгон жана турак жайдын бузулушуна жана (же) кыйрашына алып келген жаратылыш кубулушу;
11) камсыздандыруу сый төлөмү - келишимде шартталган, камсыздандырылуучу милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө төлөөгө милдеттүү акы;
12) камсыздандыруу суммасы - камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумма;
13) камсыздандырып ордун толтуруу - камсыздандыруу окуясы болгон учурда милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөөчү сумма;
14) камсыздандыруу окуясы - камсыздандыруу объектисине тийген тикелей таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна жана бузулуусуна алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун ушул Эрежелерде жана камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) каралган камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат;
15) камсыздандыруу тобокелдиги - болуу учуруна камсыздандыруу жүргүзүлгөн болжолдонгон окуя;
16) камсыздандыруу тарифтери - милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрүн аныктоодо камсыздандыруучу колдоно турган, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген баа коюмдары;
17) турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу пулу (мындан ары - камсыздандыруу пулу) - юридикалык жак болуп саналбаган жана турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу программасын ишке ашыруу максатында түзүлгөн, Камсыздандыруу пулу жөнүндө жобонун негизинде иштөөчү камсыздандыруучулар бирикмеси;
18) шартсыз камсыздандыруу франшизасы - милдеттүү камсыздандыруу келишиминде аныкталган жана кызыкчылыгы милдеттүү камсыздандыруу келишиминин шарттарына ылайык камсыздандырылган, камсыздандырылуучуга же пайда көрүүчүгө камсыздандыруучу тарабынан ордун толтуруп берүүгө жатпаган жана камсыздандыруу суммасынан белгилүү бир пайыз түрүндө белгиленген чыгашалардын бөлүгү.
Эгерде зыяндын өлчөмү шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмүнөн ашып кетсе, анда шартсыз камсыздандыруу франшизасынын өлчөмү эсептен чыгарылгандан кийинки зыяндын орду толтурулат;
19) укук белгилөөчү документ - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай бирдигине менчик укугун белгилөөчү документ (тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими, келишим, соттун чечими ж.б.);
20) турак жайдын техникалык паспорту - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жай бирдигине жүргүзүлгөн техникалык изилдөөнүн жыйынтыктары боюнча түзүлгөн, белгиленген формадагы документ;
21) IT система - бул турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча жана электрондук түрдө камсыздандыруу окуяларын иштеп чыгуучу камсыздандыруу уюмдарынын автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары - АМС);
22) "Түндүк" мобилдик тиркемеси - Электрондук кызмат көрсөтүүлөрдүн мамлекеттик порталынын бөлүгү болуп саналган, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү, ошондой эле сервистерди электрондук формада берүүнү камсыз кылуучу, анын ичинде документтерди санариптик форматта берүүчү мобилдик түзүлүштөрдө жеткиликтүү болгон программалык камсыздоо.

2. Камсыздандыруу объектиси
6. Милдеттүү камсыздандыруунун объектиси болуп жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-пунктунда белгиленген камсыздандыруу окуясынын келип чыгышынын жана түздөн-түз таасир этүүсүнүн натыйжасында турак жайлардын, анын ичинде алардын конструкциялык элементтеринин (чатыр, дубал, фундамент, терезе, эшик, газ өткөргүч, суу түтүк, жылытуу жана канализациялык тутумдар) жок кылынышына же бузулушуна байланыштуу камсыздандырылуучунун мүлктүк кызыкчылыктары саналат.
3. Өзгөчө камсыздандыруу окуялары жана камсыздандырууну чектөө
7. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) камсыздандыруучу тарабынан орду толтурулган зыян үчүн жооптуу жакка карата өзүнүн талап кылуу укугунан баш тартса же бул укукту ишке ашыруу камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) күнөөсү боюнча мүмкүн болбой калса, камсыздандыруучу камсыздандырып ордун толтурууну төлөөдөн толугу менен же тиешелүү бөлүгүндө бошотулат жана ашыкча төлөнгөн ордун толтуруу суммасын кайтарып берүүнү талап кылууга укуктуу.
8. Эгерде камсыздандырылуучу (пайда табуучу) жогоруда аталган Мыйзамдын 9-беренесинин 2-пунктунун 3-11-пунктчаларында каралган милдеттерди аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса, камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө өз убагында билгендиги далилденгенден же бул жөнүндө камсыздандыруучуда маалыматтын жоктугу камсыздандырылуучунун тарткан чыгымдарынын ордун толтуруу милдетине таасир эте албаган учурларды кошпогондо, камсыздандыруучу камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдөн бошотулат.
9. Төмөнкүдөй учурларда турак жайлар милдеттүү камсыздандырылууга жатпайт:
1) авариялык абалда болгон;
2) ыйгарым укуктуу органдар бузуу жөнүндө чечим кабыл алган учурдан тартып бузулууга тийиш болгон үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан же профилин өзгөртүү жөнүндө арыз ыйгарым укуктуу органга берилген учурдан тартып турак эмес жайларга кайра профилдештирилген;
3) милдеттенмелер боюнча өндүрүп алынган;
4) жер участогун алып коюуга байланыштуу ээликтен ажыратылуучу үйлөрдө (курулуштарда) жайгашкан;
5) техникалык талаптарды бузуу менен курулган;
6) конфискацияланууга тийиш болгондор.
4. Камсыздандыруу келишими
10. Милдеттүү камсыздандыруу келишими болуп камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) эсептелет, ага ылайык камсыздандыруучу келишимде шартталган акыны (камсыздандыруу сый төлөмүн) келишимде каралган окуя (камсыздандыруу окуясы) болгондо ушул окуянын натыйжасында турак жайга келтирилген зыяндын ордун камсыздандырылуучуга же болбосо пайда табуучуга келишимде аныкталган сумманын (камсыздандыруу суммасынын) чегинде толтурууга (камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө) милдеттүү.
11. Милдеттүү камсыздандыруу келишими, камсыздандыруу келишиминде (полисинде) камсыздандыруу келишимин колдонуунун башка мөөнөттөрү каралгандан башка учурларда, ал күчүнө кирген датадан тартып бир жылга түзүлөт.
Камсыздандыруу коргоонун колдонуу мезгили милдеттүү камсыздандыруу келишиминин колдонуу мөөнөтүнө туура келет.
Камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн күн деп төмөнкүлөр эсептелет:
- камсыздандыруучунун кассасына төлөнгөн күн же камсыздандыруучунун ыйгарым укуктуу өкүлү акча каражатын алган күн - накталай эсептешүүдө;
- камсыздандыруучунун алыш-бериш эсебине акча каражаты келип түшкөн күн - накталай эмес эсептешүүдө.
Камсыздандырылуучу кийинки камсыздандыруу мезгилине (жылга) камсыздандыруу сый төлөмүн алдын ала төлөгөн учурда, келишимди колдонуунун башталышы мурдагы милдеттүү камсыздандыруу келишими аяктагандан кийинки күндүн 00 саат 00 мүнөтүнөн тартып башталат. Акча каражаттары камсыздандыруучунун атайын эсебинде топтолот.
12. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет, жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "б", "в" жана "з" пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып 10 календарлык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
13. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жазуу жүзүндө же АМС жана "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу электрондук формада түзүлүшү мүмкүн. Келишим АМС аркылуу электрондук формада түзүлгөн учурда, камсыздандырылуучунун каалоосу боюнча милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) камсыздандырылуучунун электрондук почтасына жөнөтүлөт. Келишим "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу түзүлгөн учурда ушул Эрежелердин 14-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди берүү талап кылынбайт.

14. Милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү үчүн камсыздандырылуучу камсыздандыруучуга төмөнкүдөй документтерди берет:
1) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу келишимин түзүү жөнүндө арыз;
2) паспорттун көчүрмөсү (эгерде камсыздандырылуучу жеке жак болсо);
3) юридикалык жакты мамлекеттик каттоо же кайра каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү (эгерде камсыздандырылуучу юридикалык жак болсо);
4) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык турак жайдын бирдигине менчик укугун белгилөөчү документ;
5) турак жайдын техникалык паспорту же инвентаризациялык иш (курулуштун кабаттар боюнча планын көрсөтүү менен) же кыймылсыз мүлк бирдигинин кадастрдык планы же укук белгилөөчү документ (жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок болгон учурда);
6) социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү аз камсыз болгон үй-бүлөнүн социалдык паспорту (жеңилдик алуучулар үчүн);
7) социалдык коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жалгыз жашаган турак жайдын менчик ээси-улгайган жарандын бөтөн адамдын багуусуна муктаждыгын ырастаган документи;
8) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык камсыздандырылуучуну/пайда табуучуну жана анын бенефициардык менчик ээсин идентификациялоо жана верификациялоо максатында камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) анкетасы жана документтери.
15. Милдеттүү камсыздандыруу келишиминде камсыздандыруучунун, Кыргыз Республикасынын аймагындагы анын бардык өкүлдөрүнүн турган жери жана почта боюнча даректери, алар менен байланышуу каражаттары жана алардын иштөө убакыттары жөнүндө маалыматтар аныкталат.
16. Камсыздандырылган турак жайга болгон укук камсыздандырылуучудан башка адамга өткөн учурда, камсыздандырылган турак жайга болгон укукту алган адам, укукту алган учурдан тартып 30 күндүн ичинде бул тууралуу камсыздандыруучуга билдирүүгө милдеттүү.
17. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) жоголгон учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучунун арызынын негизинде аталган документтин жупнускасын ага берүүгө милдеттүү, андан кийин жоголгон милдеттүү камсыздандыруу келишиминин бланкы (камсыздандыруу полиси) жараксыз деп эсептелет.
5. Камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу сый төлөмү
18. Камсыздандыруу суммасы болуп камсыздандыруучу милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттенген сумма саналат.
19. Камсыздандыруу сый төлөмү болуп камсыздандырылуучу камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө камсыздандыруучуга төлөп берүүгө милдеттүү болгон, келишимде шартталган төлөм саналат. Милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) боюнча камсыздандыруу сый төлөмү бир жолу төлөнөт.
20. Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн бошоткон же камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү азайтылган камсыздандырылуучунун билип туруп жалган маалыматтарды камтыган документтерди бергендигинин фактысы аныкталганда, андан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу сый төлөмдөрү белгиленген тартипте өндүрүлөт.
21. Калктын социалдык аялуу катмарына камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөө боюнча жеңилдиктер берилет. Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн турак жайлардын төмөнкү менчик ээлери толук же жарым жартылай бошотулат:
- I, II топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн толук бошотулат;
- III топтогу майыптык белгиленген ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн 50% бошотулат;
- Улуу Ата Мекендик согуш жылдары курман болгон аскер кызматчыларынын жесирлери, Чернобыль АЭСиндеги кыйроонун кесепеттерин жоюуда каза болгондордун, ага катышуучулардын жесирлери - камсыздандыруу сый төлөмдөрүн төлөөдөн 50% бошотулат;
- жарды үй-бүлөнүн социалдык паспорту бар жарды үй-бүлөлөрдүн мүчөлөрү болуп саналган адамдар - камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн 50% бошотулат.
Эгерде турак жайдын ээсинде турак жайлардын бир нече бирдиктери бар болгон учурда, анда жеңилдик турак жайдын бир бирдигине гана колдонулат.
6. Камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүнүн тартиби жана шарттары
22. Камсыздандырылуучунун жана/же пайда табуучунун же анын ишенген адамынын катышуусунда камсыздандыруучу же анын өкүлү түзгөн актыда чагылдырылган бүлүнгөн турак жайды кароонун натыйжаларынын негизинде камсыздандыруучу же анын өкүлү залалды баалоону жүргүзөт.
23. Көз каранды эмес эксперттер теңдик, бейтараптык жана калыстык принциптерине негизденип камсыздандырылуучуга, пайда табуучуга же камсыздандыруучуга болгон мамиледе, 10 календарлык күндүн ичинде турак жайга келтирилген залалдын өлчөмүн баалоого милдеттүү.
24. Камсыздандыруу төлөмүн жүзөгө ашырууга негиз болгон көз каранды эмес экспертизанын (баалоонун) наркы, эгерде камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучу көз каранды эмес экспертизаны (баалоону) тартууга өз ара макулдашса, милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу төлөп берүүгө жаткан чыгымдардын курамына киргизилет.
25. Камсыздандыруу төлөмүнүн жалпы өлчөмү, көз каранды эмес экспертизаны өткөрүүгө жумшалган чыгымдар менен кошо камсыздандыруу төлөмдөрүнүн курамына киргизилген учурда милдеттүү камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде мурда төлөнгөн төлөмдөрдү эске алуу менен камсыздандыруу суммасынын өлчөмү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде белгиленгенден ашышы мүмкүн эмес.
26. Эгерде турак жайдын жоголушу (жок болушу) же бузулуу фактылары боюнча кылмыш иши козголуп, камсыздандырылуучу (пайда табуучу) айыпталуучу болуп саналса, камсыздандыруучу соттун өкүмүн алгандан кийин ишти камсыздандыруу окуясы деп таануу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
27. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) же мыйзамдарга ылайык аны алууга укуктуу адамга жогоруда аталган Мыйзамдын 13-беренесине ылайык накталай эмес формада төлөнөт. Мында аталган Мыйзамдын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык компетенттүү мамлекеттик органдардын камсыздандыруу окуясынын болушун ырастаган документтери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган камсыздандыруу окуялары үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги же анын түзүмдүк бөлүмдөрү (мындан ары - ӨКМ) тарабынан берилген документтер; камсыздандыруу окуясын аныктоодо кыйынчылыктар келип чыккан учурда Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү комиссиядан (мындан ары - ЖКК) кошумча документтер суралышы мүмкүн. Мында эгерде берилген документтерде өрттүн келип чыгышына байланышкан (өрттүн очогу/өрттүн келип чыгуу себеби/өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу ж.б.) мүмкүн болуучу тыянактар бар же жок болсо, камсыздандыруучу камсыздандырылуучу (пайда табуучу) тарабынан атайылаган ниеттин же болбосо одоно этиятсыздыктын болушун кошпогондо, камсыздандырып ордун толтурууну экспертизаны дайындабастан төлөп берүүгө укуктуу;
2) жогоруда аталган Мыйзамдын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда каралган камсыздандыруу окуялары үчүн ЖКК тарабынан берилген турак жайды авариялык жана жашоо үчүн жараксыз деп таануу жөнүндө документтер; зарыл болгон учурда ӨКМден жана башка мамлекеттик органдардан кошумча документтер суралышы мүмкүн.

28. Мурдагы камсыздандыруу окуялары жана акыркы камсыздандыруу окуясы келип чыкканга чейин жоюлбаган же келишимдин колдонулушу башталганга чейинки же бүткөндөн кийинки окуялар менен байланышкан бузулуулар эске алынбайт.
29. Камсыздандыруу окуясынын фактысы таанылган учурда камсыздандыруучу белгиленген камсыздандыруу суммаларынын чектеринде камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөө жолу менен чыгымдын ордун, ошондой эле камсыздандырылган турак жайга келтирилүүчү залалдарды болтурбоо же азайтуу үчүн камсыздандырылуучу тарткан чыгымдардын ордун камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) толтуруп берет. Мында турак жайга келтирилген залалдардын өлчөмүнөн ашкан бөлүктө көрсөтүлгөн чыгымдар төлөнүп берилбейт.
30. Турак жай жок кылынган учурда камсыздандыруу төлөмдөрү милдеттүү камсыздандыруу келишиминде (камсыздандыруу полисинде) белгиленген камсыздандыруу суммаларынын өлчөмүндө аныкталат.
31. Кезектеги ар бир камсыздандыруу окуясы боюнча төлөнүп берилүүчү камсыздандыруу төлөмдөрүнүн өлчөмдөрү келишимде белгиленген камсыздандыруу суммасы менен милдеттүү камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) колдонулганда мурдагы камсыздандыруу окуясы боюнча төлөп берүүлөрдүн ортосундагы айырмачылыктан ашышы мүмкүн эмес.
32. Камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөдө, эгерде бир жер участогунда бир менчик ээсине таандык бир нече турак жай болсо жана бул турак жайлар жалпысынан кыймылсыз мүлктүн бир бирдигин түзсө (5-пункттун 5-пунктчасы), камсыздандыруу ордун толтурууну эсептөө, эгерде ар бир турак жай өзүнчө камсыздандырылбаса, камсыздандыруу ордун толтурууну эсептөө методикасына ылайык айрым элементтердин наркынын пайыздык катышын эске алуу менен камсыздандырылган турак жайдын жалпы аянтына карата пайыз менен турак жайдын бузулган бөлүктөрүнүн аянтына пропорциялуу жүргүзүлөт.
33. Камсыздандырылуучу (пайда табуучу) бул зыяндарды келтирүүгө күнөөлүү жактан зыяндын ордун толук же жарым-жартылай алган учурда камсыздандыруучу тийиштүү түрдө камсыздандырылуучу (пайда табуучу) күнөөлүү жактан алган зыяндын ордун толтурууга барабар өлчөмдө анын ордун толтуруу милдетинен бошотулат.
7. Камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда токтотуу шарттары
34. Камсыздандыруу келишими өзүнүн колдонулушун төмөнкүдөй учурларда токтотот:
1) камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) алдындагы камсыздандыруучунун милдеттери толук көлөмдө аткарылса;
2) камсыздандыруу келишимин колдонуу мөөнөтү аяктаса;
3) эгерде камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси) күчүнө киргенден кийин камсыздандыруу окуясынан келип чыкпаган башка себептер боюнча камсыздандырылган турак жайдын жок болушунун жагдайлары боюнча камсыздандыруу окуясынын келип чыгуу мүмкүндүгү жана камсыздандыруу тобокелдиги токтоп калган учурда;
4) камсыздандыруу келишимин жараксыз деп таануу жөнүндө чечимди сот кабыл алганда;
5) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын алкагында камсыздандырылуучуну/пайда табуучуну талаптагыдай текшерүү үчүн керектүү анкеталарды жана документтерди камсыздандырылуучу/пайда табуучу бербесе.
35. Камсыздандыруу келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу тараптардын ортосунда жазуу жүзүндө макулдашуу түзүү жолу менен гана жүргүзүлөт (3-тиркеме).
36. Камсыздандыруу келишими ушул Эрежелердин 34-пунктунун 3-6-пунктчаларында каралган негиздер боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда камсыздандыруучу камсыздандыруу күчүндө турган убакытка пропорциялуу камсыздандыруу сый төлөмүнүн бир бөлүгүнө жана камсыздандыруунун калган мезгили үчүн сый төлөмдүн 30% өлчөмүндө иш жүргүзүүгө кеткен чыгымдарга укуктуу. Камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) демилгеси боюнча камсыздандыруу келишими мөөнөтүнөн мурда бузулганда камсыздандыруучуга төлөнгөн камсыздандыруу сый төлөмү кайтарылбайт.
37. Эгерде камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү ишке ашырылса, анда мындай келишим мөөнөтүнөн мурда бузулган учурда камсыздандыруучуга төлөнгөн камсыздандыруу сый төлөмү кайтарылбайт.
8. Талаштарды чечүү тартиби
38. Милдеттүү камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) ортосундагы бардык талаштар сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.
39. Макулдашууга жетишилбегенде талаш Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык сот тартибинде каралат.
|
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 1-тиркеме |
Логотиптин орду |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы, сериясы ________ № ____ 20___-ж. "___" ____________
Агент (аты-жөнү/ID): |
|
Облустун, шаардын, райондун, айыл аймактын, айылдын коду |
|
Камсыздандыруу полиси таризделген дата |
|
Ипотека менен байланыштуулук |
|
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ сериясы __________ № ___________
КАМСЫЗДАНДЫРЫЛУУЧУ | ПАЙДА ТАБУУЧУ |
Жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы: | |
|
|
Дареги: | |
|
|
Жеке жактын паспортунун сериясы, номери же юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн номери жана берилген күнү: | |
|
|
Телефон номери: | |
|
|
Иштеген жери жана кызмат орду: | |
|
|
Жеңилдиктеринин болушу | |
Жеңилдиктердин категориясы |
|
Жеңилдиктердин категориясын күбөлөндүргөн документ |
|
Документтин № |
|
Берилген датасы |
|
Документтин колдонуу мөөнөтү |
|
Камсыздандыруу объекти, камсыздандыруу суммасы, камсыздандыруу тарифи жана камсыздандыруу сый төлөмү | |
Камсыздандыруу объекти, объекттин дареги | Камсыздандыруу суммасы (сом) | Тариф (%) | Камсыздандыруу сый төлөмү (сом) | Арзандатуу (%) | Жыйынтыгы: камсыздандыруу сый төлөмү (сом) |
1 |
|
|
|
|
|
2 | Сатуудан алынуучу салык (3%*) |
| |||
3 | Төлөө жыйынтыгы |
| |||
Камсыздандыруу полисинин колдонуу мөөнөтү: 20__-ж. "___" ___________ 23:59 мүнөтүнүн 59 секундасынан 20__-ж. "___" ____________ 23:59 мүнөтүнүн 59 секундасына чейин. Камсыздандыруу келишимдин колдонуу мөөнөтүнүн ичинде турак жайды пайдалануу мезгилинде болгон камсыздандыруу окуяларына жайылтылат. Эскертүү: Милдеттүү камсыздандыруу келишимин (камсыздандыруу полиси) колдонуу камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунун "б (сел)", "в (суу ташкыны)" жана "з (жер көчкү)" пунктчаларында каралган учурларды кошпогондо, камсыздандыруу сый төлөмү төлөнгөн учурдан тартып күчүнө кирет. Камсыздандыруу келишиминде (полисинде) камсыздандыруу келишимин колдонуунун башка мөөнөттөрү каралган учурларды кошпогондо, милдеттүү камсыздандыруу келишими күчүнө кирген датадан тартып бир жылды түзөт | |||||
Турак жай наркы |
| Франшиза |
| ||
Турак жайдын документинин аталышы | Техпаспорттун кадастрында каттоонун инвентаризациялык номери (ИН), кадастрдык план, инвентаризациялык иштин № сатуу-сатып алуу келишиминин № | Документ берилген дата | |||
1. 2. |
|
| |||
Камсыздандыруу келишими түзүлгөн учурдагы турак жайдын абалы |
| ||||
Филиалдын дареги/телефон номери/электрондук дареги: | |||||
Камсыздандырылуучу: _______________________________________________ (колу) (аты-жөнү)
Телефону ______________________________________
20___-ж. "___" _____________ (Полис берилген дата)
Пайда табуучу __________________________________ (Колу) | Камсыздандыруучу (өкүл) _______________________________________________ (колу) (аты-жөнү)

Телефону ______________________________________ | ||||
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ОКУЯСЫ - камсыздандыруу объектине тийген тикелей таасиринин натыйжасында камсыздандырылуучунун турак жайынын жок болуусуна жана бузулуусуна алып келген окуя, анын болушу менен камсыздандыруучунун "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринде каралган камсыздандырып ордун толтурууну төлөп берүүгө милдеттүүлүгү келип чыгат | |||||
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында сатуудан алынуучу салыктын пайыздык ставкасы өзгөргөн учурда камсыздандыруу суммасы жана камсыздандыруу тарифи, камсыздандыруу тобокелдиктери өзгөрүшү мүмкүн | |||||
Камсыздандыруу сый төлөмү накталай төлөнгөн учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сатуудан алынуучу салык колдонулат | |||||
Камсыздандыруу сый төлөмү бир жылдык мөөнөткө эсептелет | |||||
Жеңилдик категориясы боюнча камсыздандыруу сый төлөмүн төлөөдөн бошотулган учурда камсыздандыруу сый төлөмү ошол полисте көрсөтүлгөн %га дисконттолот | |||||
Сый төлөмдү эсептөө тандалып алынган франшизанын негизинде камсыздандыруу суммасынын ___% өлчөмүндө жүргүзүлөт, ал камсыздандыруу окуясы болгон учурда ар бир окуя үчүн ордун толтуруу суммасына карата колдонулууга тийиш | |||||
Камсыздандыруу сый төлөмү 1 төгүм (төгүмдөр) менен төлөнүүгө тийиш. Биринчи төгүм 202__-ж. "__" ________ келишим түзүлгөн учурда төлөнүшү керек жана камсыздандыруу жабууларын баштоо үчүн алдын ала шарт болуп саналат. Камсыздандыруу сый төлөмүн жарым-жартылай төлөө шарттары камсыздандыруу полисинин ажырагыс бөлүгү болгон 1-тиркемеде келтирилген. Келишим түзүлгөн учурда камсыздандыруу сый төлөмү толук төлөнгөн учурда төлөө графиги толтурулбайт жана берилбейт | |||||
Сый төлөмүн төлөө датасы катары камсыздандыруу полисинде белгиленген мөөнөттө сый төлөмү төлөнбөгөндө, келишим күчүнө кирген жок деп эсептелет жана анын тараптары үчүн эч кандай укуктук кесепеттерге алып келбейт | |||||
Камсыздандыруучу эсептешүүлөрдү жана башка агенттердин каталарын оңдоо укугун сактайт | |||||
Камсыздандырылуучу (пайда алуучу) камсыздандыруучунун ушул камсыздандыруу келишиминин негизинде алган жеке маалыматтарын иштеп чыгуусуна жана МКУ системасындагы АМСте иштеп чыгуу үчүн тиешелүү келишимдер менен байланышкан операцияларды жүзөгө ашыруучу тиешелүү жактарга жөнөтүүсүнө макулдук берет | |||||
Камсыздандыруу окуясынын белгилери бар окуя болгон учурда камсыздандырылуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) камсыздандыруу окуясынын болуу коркунучу пайда болгондугу жөнүндө ага белгилүү болгон учурдан тартып өрткө каршы жана авариялык кызмат органдарына токтоосуз билдирүүгө; 2) мүмкүн болгон жоготуулардын алдын алуу же азайтуу максатында чараларды көрүү, анын ичинде мүлктү жана турак жайды куткаруу чараларын көрүү. Мындай чаралар деп өзгөчө кырдаалдардагы жүрүм-турум эрежелерине ылайык өрттүн же табигый кырсыктын кесепеттерин азайтууга багытталган чаралар түшүнүлөт; 3) камсыздандыруу окуясынын болгондугу жөнүндө камсыздандыруучуга он беш календардык күндөн кечиктирбестен (телефон, факс, электрондук почта аркылуу билдирүүнүн жазуу жүзүндөгү түп нускасын жөнөтүү менен) кабарлоого; 4) камсыздандыруучунун өкүлүнө камсыздандыруу окуясы болгондон кийин турак жайды карап чыгуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга | |||||
Ушул келишимдин (камсыздандыруу полисинин) жоболору турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелеринин (мындан ары - Эрежелер) шарттарына ылайык келет. Жогоруда белгиленген Эрежелердин ушул келишимде жазылбаган жоболору анын ажырагыс бөлүгү жана камсыздандырылуучу үчүн милдеттүү болуп саналат. Ушул келишимге кол коюу менен камсыздандырылуучу Эрежелер менен таанышкандыгын ырастайт | |||||
Турак жайдын типтери: | |||||
Турак үй: |
| ||||
Батир: |
| ||||
Турак жайдын техникалык мүнөздөмөлөрү: | |||||
| Тиби | Материалы | |||
Пайдубал |
|
| |||
Чатыры |
|
| |||
Чатырдын жабуусу |
|
| |||
Шып |
|
| |||
Дубал |
|
| |||
Терезелер |
|
| |||
Тышкы каалгалар |
|
| |||
Ички каалгалар. |
|
| |||
Пол |
|
| |||
Турак үйдүн аянты, м2 |
| Батирдин кабаты жана имараттын кабаттуулугу |
| ||
Курулган жылы |
| Турак үйдүн бийиктиги, метр менен |
| ||
Төлөөлөр терминал, камсыздандыруу агенти же банк аркылуу жүргүзүлөт. Банктагы эсеп: | |||||
Келип чыккан дооматтар боюнча Сиз камсыздандыруу уюмдарынын ишин жөнгө салуучу органга кайрылсаңыз болот: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы, Бишкек ш., пр. Чүй, 114. Телефону: +996 (312) 96 12 99 | |||||
Камсыздандыруучунун башкы офисинин дареги: | |||||
Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөө үчүн эскерткич: | Полисти текшерүү үчүн код: | ||||
|
| ||||
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
|
| Камсыздандыруу полисине тиркеме |
Логотиптин орду |
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын лицензиясы, сериясы _________ № ________ 20__-ж. "___" ____________
Камсыздандыруу сый төлөмүн төлөө графиги
Камсыздандырылуучу жөнүндө маалымат
№ | Камсыздандыруу полисинин аталышы/сыпаттамасы | Камсыздандыруу мезгили | Полистин сериясы жана номери | Сый төлөмү (сом) | Арзандатуу, % | |
тартып | чейин | |||||
1 |
|
|
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
|
|
12 |
|
|
|
|
|
|
Сатуудан алынуучу салык | ||||||
Төлөө жыйынтыгы |
| |||||
ТӨЛӨМДӨРДҮН ГРАФИГИ | ||||||
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы | Датасы | |||||
1 |
|
|
|
|
|
|
... |
|
|
|
|
|
|
12 |
|
|
|
|
|
|
|
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 2-тиркеме |
Камсыздандыруу окуясы жөнүндө АКТ (турак үйдү/батирди кароо боюнча)
Камсыздандырылуучу: ______________________________________________________________
Телефону: ________________________________________________________________________
Үйүнүн дареги: ____________________________________________________________________
Камсыздандыруу полисинин сериясы _________________ № _____________ камсыздандыруу
мөөнөтү ___________ тартып ____________ чейин
Турак үй жөнүндө жалпы маалыматтар
_________________________________________________________________________________

Курулган жылы ____________________________ Кайра конструкциялоо/капиталдык оңдоо жылы

Үйдүн жалпы аянты ________________________________________________________________
Айнектелген аянты, терезелердин өлчөмдөрү ___________________________________________
Тышкы каалгалардын саны __________________________________________________________
Бөлмөлөрдүн ортосундагы каалгалардын саны _________________________________________
Конструктивдүү элементтер
Пайдубал |
|
мамычалуу, тосмо менен мамычалуу, тилкелүү, пайдубал плитасы, самандан, пайдубалы жок | |
Пайдубалдын материалдары |
|
кыш, бетон блокторй, монолит бетону, саман, тереңдиги | |
Көтөрмө дубал |
|
жыгач каркастуу, устундан, төрт кырдуу устундан, кыштан, монолиттен, бетон блокторунан, самандан, калыңдыгы | |
Тосмолор |
|
тосмолуу, устундан, төрт кырдуу устундан, кыштан, жеңил блоктордон, аралаш, самандан | |
Чатырдын жабуусу |
|
төрт кырдуу устундан, жыгач каркастуу, швеллер каркастуу, жылуулоо менен, темир бетон плиталары | |
Чатыр |
|
бир жагына жантайма, эки жагына жантайма, татаал, жалпак, жылуулоо менен | |
Үй чатырынын материалы | тунуке, металл черепицасы, жез, шифер, битум-полимердүү чатыр (катепал ж.б.), нукура черепица, рубериод (толь) |
Суу агызгыч | ⎕ уюштурулган ⎕ уюштурулган эмес |
Веранда терраса, кире бериш |
|
Конструкциянын сыпаттамасы, материал | |
Жасалгалар | |
Тышкы жасалга |
|
каптама кирпич, шыбак, сайдинг, вагонка, "табигый таш", нукура таш, жасалгасы жок | |
Дубалдын ички жасалгалары |
|
сыр, туш кагаз, плитка, табигый таш, каптама кирпич, ДВП, ПВХ панелдери, вагонка | |
Шыптар |
|
акталган, водоэмульсия сыры, чоймо, асма, көп деңгээлдүү асма, вагонка | |
Полдор |
|
тактай, тактайлуу паркет, ламинат, дааналуу паркет, линолеум, ковролин, керамика плитасы, нукура таш | |
Терезе блоктору |
|
саны, өлчөмү, материалы (ПВХ, жыгач (клейленген төрт чарчы устун), жыгач-алюминий, алюминий), тиби (стандарттуу, айнекпакет, бир каттуу/эки каттуу/үч каттуу, брондолгон айнек, мансарддуу) | |
Каалга блоктору |
|
саны, өлчөмү, материалы, каалгалардын типтери (каркастуу, филенка менен, массивден, айнеги менен, эки жактуу/бир жактуу, сырдалган, шпондолгон) | |
Инженердик жабдуулар | |
Жылытуу |
|
меш, камин, буу/суу/электр менен, от казандан, магистралдан, радиаторлордун түрү, түтүктөрдүн материалы | |
Электр жабдуулары |
|
Электр калканчасы, коргоочу өчүрүү түзүлүшү, өчүрүү автоматы, өткөргүчтөрдүн түрү (жабык/ачык) | |
Газ жабдуулары |
|
магистралдан, баллондон газ менен жабдуу, газ плитасы, от казан, тиби, өндүрүүчү | |
Суу өткөргүчү |
|
магистралдан, кудук, скважина, тазалоочу түзүлүш, бойлер/суу жылыткыч, насос, топтомо (ресивер), түтүктөрдүн материалы | |
Канализация |
|
коллекторго кошуу менен, септик, түтүктөрдүн материалы | |
Сантехника жабдуулары |
|
ванна, джакузи, чайынма кабинасы, жуунгуч, унитаз, биде, саны, өндүрүүчү | |
Өрт коопсуздугунун чаралары |
|
өрт өчүргүчтөр, алардын типтери жана саны, телефондун болушу, кошуналар, өрткө каршы көлмө, өрткө каршы ажырымдар, өрткө каршы сиңдирмеси бар жыгач конструкциялары, өрт сигнализациясы, кабарлоонун тиби, чагылгандан коргогуч | |
Коргоо иш-чаралары |
|
терезелерде темир торчолордун, темир каалгалардын, сигнализациянын болушу, видео байкоо, кароолчу, жеке күзөт ишканасы менен кайтаруу | |
Коркунучтуу коңшулук |
|
Авто май куюучу станциялар, аэропорт, дарыялар, адырдын, жардын боорунда жайгашкан, коркунучтуу өндүрүш | |
Кошумча маалыматтар: ___________________________________________________________
_______________________________________________________________________________
Камсыздандыруу компаниясынын өкүлүнүн корутундусу
Каралып жаткан турак үйдө текшерүүнүн жүрүшүндө төмөнкүдөй бузулуулар аныкталды:

Ушул Актыда камтылган маалыматтар чындыкка туура келет
АРЫЗ ЭЭСИ (КАМСЫЗДАНДЫРЫЛУУЧУ):
КОЛУ | АТЫ-ЖӨНҮ | ДАТАСЫ | ||
|
|
|
|
|
КАМСЫЗДАНДЫРУУЧУНУН ӨКҮЛҮ:
КОЛУ | АТЫ-ЖӨНҮ, КЫЗМАТ ОРДУ |
|
|
Тиркемелердин тизмеси __________________________________________________________
|
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 3-тиркеме |
Камсыздандыруу келишимин бузуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ
Шаар (айыл) _________________________________________ 20___-ж. "___" ______________
Мындан ары "Камсыздандыруучу" деп аталуучу, 20___-ж. "___" _____________ № __________
ишеним катынын негизинде _____________________________________ атынан аракеттенген
________________________________________________________ бир тараптан жана мындан
ары "Камсыздандырылуучу" деп аталуучу ______________________________________ экинчи
тараптан төмөнкүлөр жөнүндө ушул Макулдашууну түзүштү:
1. 20___-ж. "___" ____________ № ______ камсыздандыруу келишими (камсыздандыруу полиси)
(мындан ары - Келишим) ушул Макулдашууга кол коюлган учурдан тартып бузулсун.
2. Ушул Макулдашуу тараптар ага кол койгон учурдан тартып күчүнө кирет.
3. Тараптардын камсыздандыруу келишими боюнча бардык милдеттенмелери ал токтотулган жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн бөлүгү камсыздандырылуучуга кайтарылган учурдан тартып токтотулат.
4. 20___-ж. "___" ______________ № _________ камсыздандыруу полиси Камсыздандыруучуга 20___-ж. "___" _____________ кайтарылып берилди.
5. Бул Макулдашуу бирдей юридикалык күчкө ээ болгон эки нускада, Тараптардын ар бири үчүн бирден нускада түзүлдү.
6. Камсыздандыруу сый төлөмүнүн бөлүгүн кайтаруу Камсыздандырылуучунун эсебине бир жолу накталай же накталай эмес которуу жолу менен жүргүзүлөт:
7. Тараптардын даректери:
Камсыздандыруучу: ______________________________________________________________
Камсыздандырылуучу: ____________________________________________________________
8. Тараптардын колу:
Камсыздандыруучу:
_________________ / ________________
М.О.
Камсыздандырылуучу:
________________ / ________________
М.О.
|
| Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелерине 4-тиркеме |
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу окуясын жөнгө салуу жөнүндө АКТ
20___-ж. "___" _________ ______ саат ______ мүнөтүнөн № _____ камсыздандыруу полиси
Камсыздандыруу мезгили 20___-ж. "___" _________ 23 саат 59 мүнөтүнүн 59 секундасына чейин.
Биз, төмөндө кол койгондор, Камсыздандыруучунун атынан ______________________________
жана Камсыздандырылуучунун/пайда табуучунун атынан ________________________________
төмөнкүлөрдү ырастоо менен ушул Актыны түздүк:
1. Камсыздандырылуучунун 20___-ж. "___" _________________ жазуу жүзүндөгү арызынын, Камсыздандырылуучу берген документтердин жана Кароо актысынын негизинде камсыздандыруу окуясынын натыйжасында зыяндын суммасы ________________ (сөз менен жазуу) сомду түздү.
2. Камсыздандыруучу ____________________________________ суммасын толук төлөп берди.
3. Камсыздандыруу окуясы жөнгө салынды деп эсептелет.
4. ________________________________________________________ камсыздандырылуучунун ____________________________ камсыздандыруучуга карата финансылык дооматтары жок.
Ушул Камсыздандыруу актысы 2 нускада түзүлдү.
Камсыздандырылуучу (аты-жөнү) ___________________________________________________
Дареги: ________________________________________________________________________
ID паспорту берилген: ____________________________________________________________
Колу _______________________
Камсыздандыруучу/Камсыздандыруучунун өкүлү (аты-жөнү):

(Кол коюлган дата) 20___-ж. "___" _____________ М.О.

(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 18-июнундагы № 350 , 2025-жылдын 7-октябрындагы № 643 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

16-1. Камсыздандырылган турак жайга болгон менчик укугу камсыздандыруучудан башка жакка өткөн учурда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишиминин (камсыздандыруу полисинин) колдонулушу анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин автоматтык түрдө жаңы укук ээсинде сакталат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 7-октябрындагы № 643 токтомунун редакциясына ылайык)
16-2. Турак жайдын жаңы укук ээси өз каалоосу боюнча турак жайды милдеттүү камсыздандыруу келишимин башка камсыздандыруучу менен түзүүгө укуктуу.