Загрузка документа…
3-тиркеме |
| |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 473 токтомуна) |
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөө МЕТОДИКАСЫ
1-глава. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөө методикасы ("Базалык (минималдуу) тариф" программасы боюнча камсыздандырылган камсыздандырылуучулар үчүн)
1. Негизги түшүнүктөр
Бул Методика (мындан ары - Методика) турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн тартибин аныктайт.
Методика турак жайдын конструкциялык элементтерин анын наркына пайыздык бөлүштүрүүгө негизденет. Турак жайлар бири-биринен колдонулган курулуш материалдары жана жасалгалоо материалдары менен айырмаланарын эске алып, ушул Методикада орточо көрсөткүчтөр алынды, алар кийинчерээк кайра каралышы мүмкүн.
Методикада төмөнкүдөй түшүнүктөр колдонулат:
1) чатыр - имараттын үстүнкү жабуусунун же чатырынын суудан сактоочу катмары. Өзүнүн конструкциясы боюнча чатыр такта, рулон, кабырчыктуу, жайма (стяжка) жана пленка түрүндө болот;
2) пол - жабуунун көтөрүүчү конструкциясына же топуракка (имараттын биринчи кабатындагы) төшөлүүчү үстүнкү (же жасалгалоочу) катмар. Полдор адатта жабуудан (эксплуатациялоо таасирине түздөн-түз дуушар болгон катмардан), астыңкы катмарлардан, жаймадан (стяжка), гидроизоляция, үндөн сактоочу же жылуулук сактоочу катмардан, ошондой эле түбүндөгү оордукту бөлүштүрүүчү төшөлмө катмардан турат;
3) потолок - жайды үстүнөн чектеп турган тосмо конструкциянын астыңкы бөлүгү. Потолок жабуунун төмөнкү бөлүгү байланган болушу же өзгөчө конструктивдүү элементтер менен жасалышы мүмкүн;
4) жабуу - имараттын чектеш бөлүктөрүн бийиктиги боюнча бөлүп турган, ички горизонталдуу тосуучу конструкция.
Багыты боюнча жабуулардын төмөнкүдөй түрлөрүн бөлүп көрсөтүшөт: кабаттардын ортосундагы, жертөлөнүн үстүндөгү жана чатырдын астындагы;
5) жасалгалоо материалдары - имараттарды жана курулмаларды эксплуатациялоону, эстетикалык сапаттарын, атмосфералык жана башка таасирлерге туруктуулугун жогорулатуу максатында аларды жасалгалоо үчүн колдонулуучу курулуш материалдары жана буюмдары;
6) дубал - имараттын тикесинен тосуучу жана көтөрүүчү конструкциясынын милдетин аткарган бөлүгү. Дубалдар ички жана сырткы болуп бөлүнөт;
7) пайдубал - имараттын же курулманын жер астындагы же суу астындагы бөлүгү, ал аркылуу түбүндөгү топуракка оордук келет. Пайдубалдар байланган түркүк, кессон, бетон алкак, тереңдиктеги тирөөчтөр түрүндөгү жана адаттагы болот;
8) терезе - жайларга жарык берүү, инсоляция жана желдетүү үчүн имараттардын же курулмалардын сырткы дубалдарындагы оюктар;
9) каалгалар багыты боюнча сырткы, тепкич аянтчасынан бөлмөгө кирүүчү, ички шкафтык, чатырдын, жертөлөнүн каалгасы ж.у.с., ошондой эле атайын багыттагы каалгалар болуп бөлүнөт;
10) санитардык-техникалык жумуштар - имараттарды жылытуу, желдетүү, газ менен жабдуу, ысык суу менен жабдуу, суу түтүктөрү жана канализация системаларынын курулмасы менен байланышкан жумуштар.
Турак жайдын айрым элементтеринин жайдын наркына пайыздык катышы (жеке менчиктеги үйлөр үчүн):
1-таблица
Турак жайдын айрым элементтеринин аталышы | Турак жайдын айрым элементтеринин анын жалпы наркына пайыздык катышы (%) |
Пайдубал | 10 |
Пол | 15 |
Дубалдар (ички жасалга) | 30 |
Толтурулган оюктар (каалгалар, терезелер) | 15 |
Жабуу | 10 |
Чатыр | 10 |
Дубал (тышкы жасалга) | 10 |
Бардыгы: | 100 |
Турак жайдын айрым элементтеринин наркынын жайдын наркына болгон пайыздык катышы (батирлер үчүн):
2-таблица
Турак жайдын айрым элементтеринин аталышы | Турак жайдын айрым элементтеринин наркынын жайдын жалпы наркына болгон пайыздык катышы (%) |
Пол | 20 |
Потолок | 20 |
Дубалдар (ички жасалга) | 30 |
Толтурулган оюктар (терезелер, каалгалар) | 15 |
Инженердик, сантехникалык жабдуулар | 15 |
Бардыгы | 100 |
Турак жайдын жалпы аянты жана анын бузулган бөлүктөрүнүн аянты жалпы аянтка карата пайыз менен аныкталат. Камсыздандырып ордун толтуруу суммасы камсыздандыруу суммасын турак жайдын бузулган бөлүктөрүнүн пайызына жана айрым элементтеринин наркынын пайыздык катышына көбөйтүү менен эсептелет.
Шаар жериндеги жеке менчик үйлөр үчүн камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн мисалдары:
№ 1 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Шаарда жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бүткүл үйдүн ички жасалгасы бузулган: 100% бүткүл ички жасалгасы |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 300000 сом (1000000х30%) |
№ 2 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Шаарда жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бир бөлмөнүн ички жасалгасынын бөлүгү бузулган: - турак жайдын бардык дубалдарынын аянты ички жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - дубалдардын оңдолууга тийиш болгон бузулган аянты эсептелет: 54 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын пайызы: 20% (54х100/270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 60000 сом (1000000х30%х20%) |
№ 3 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Шаарда жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Турак үйдүн дубалдары жарылып, ички жана тышкы жасалгалары бузулган: - турак жайдын тышкы дубалдарынын аянты жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - аянты жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - тышкы дубалдардын оңдолууга тийиш болгон аянты эсептелет: 15 м2 (шарттуу түрдө); - ички дубалдардын оңдолууга тийиш болгон аянты эсептелет: 35 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган тышкы дубалдардын пайызы: 5,7% (15х100/270); - бузулган ички дубалдардын пайызы: 13% (35х100/270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 44700 сом (1000000х10%х5,7%+1000000х30%х13%) |
№ 4 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Шаарда жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 1000000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 1200 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы: | Үй адамдардын мындан ары жашоосу үчүн жараксыз |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 1000000 сом |
Айыл жериндеги жеке менчик үйлөр үчүн камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн мисалдары:
№ 1 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Айыл жериндеги турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бүткүл үйдүн ички жасалгасы бузулган: 100% бүткүл ички жасалгасы |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 150000 сом (500000х30%) |
№ 2 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Айыл жергесинде жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Өрт |
5 | Бузулуу даражасы | Бир бөлмөнүн ички жасалгасынын бөлүгү бузулган: - турак жайдын бардык дубалдарынын аянты ички жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын оңдолууга тийиш болгон аянты эсептелет: 54 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган дубалдардын пайызы: 20% (54х100/270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 30000 сом (500000х30%х20%) |
№ 3 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Айыл жеринде жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Турак үйдүн дубалдары жарылып, ички жана тышкы жасалгалары бузулган: - турак жайдын тышкы дубалдарынын аянты жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - турак жайдын ички дубалдарынын аянты жасалганын бөлүгү катары эсептелет: 270 м2 (шарттуу түрдө); - тышкы дубалдардын оңдолууга тийиш болгон аянты эсептелет: 15 м2 (шарттуу түрдө); - ички дубалдардын оңдолууга тийиш болгон аянты эсептелет: 35 м2 (шарттуу түрдө); - бузулган тышкы дубалдардын пайызы: 5,7% (15x100/270); - бузулган ички дубалдардын пайызы: 13% (35х100/270) |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 22350 сом (500000х10%х5,7%+500000х30%х13%) |
№ 4 мисал
№ | Аталышы | Сыпаттамасы |
1 | Камсыздандыруу объекти | Айыл жеринде жайгашкан турак үй |
2 | Камсыздандыруу суммасы | 500000 сом |
3 | Камсыздандыруу сый төлөмүнүн жылдык суммасы | 600 сом |
4 | Камсыздандыруу окуясы | Жер титирөө |
5 | Бузулуу даражасы | Үй адамдардын мындан ары жашоосу үчүн жараксыз |
6 | Ордун толтуруу суммасы | 500000 сом |
2-глава. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөөнүн методикасы ("Жеке тариф" программасы боюнча камсыздандырылган камсыздандырылуучулар үчүн)
1. Камсыздандыруу окуясы болгон учурда камсыздандыруучу камсыздандырылуучуга же пайда табуучуга камсыздандыруу окуясында келтирилген жана камсыздандырылган мүлктүн жоголгондугу, жок болгондугу же бузулгандыгы менен пайда болгон зыяндын ордун камсыздандыруу суммасынын чегинде толтурат.
2. Чыгымдардын өлчөмүн камсыздандыруучу ал бузулган объектке жүргүзгөн кароонун маалыматтарынын, ошондой эле компетенттүү мамлекеттик органдардан (гидрометеорология, өрт көзөмөлү, жарандык коргонуу комиссиясы, авариялык кызмат боюнча органдардан, милиция, тергөө, сот органдарынан ж.б.) алынган документтердин негизинде аныктайт.
3. Камсыздандырылуучу камсыздандырылган мүлктүн жок болушунун же бузулушунун себептерин, ошондой эле ушуга байланыштуу пайда болгон чыгымдардын өлчөмдөрүн так аныктоо максатында көз карандысыз экспертизаны жүргүзүүнү талап кылууга укуктуу. Кез карандысыз экспертизаны тараптардын макулдугу боюнча дайындалган эксперт (эксперттик комиссия) жүргүзөт.
Көз каранды эмес экспертизаны жүргүзүү боюнча чыгымдарды төмөнкүлөр тартат:
- эгерде мындай экспертизанын жыйынтыгында камсыздандыруучунун мүлктүн жок болушунун же бузулушунун себептерине, ошондой эле келтирилген зыяндардын өлчөмүнө тиешелүү экспертизасынын тыянактары ырасталса, камсыздандырылуучу;
- эгерде экспертизанын жыйынтыгында мүлктүн жок болушунун же бузулушунун анын экспертизасынын тыянактарындагыдан башка себептери же зыяндардын кыйла олуттуу өлчөмү аныкталса, камсыздандыруучу.
4. Камсыздандырылган турак жай толук жок болгон учурда камсыздандырып ордун толтуруу түздөн-түз камсыздандыруу окуясы болордун алдындагы анын камсыздандыруу наркы менен сатылышы же функциялык багыты боюнча пайдаланылышы мүмкүн болгон калдыктардын наркынын ортолорундагы айырмага барабар өлчөмдө аныкталат. Камсыздандырылуучу мындай калдыктардан баш тартууга укуксуз.
Бул Эрежелерде толук жок болуу деп камсыздандырылган турак жайды калыбына келтирүү техникалык жактан мүмкүн эмес болгон же аны оңдоого же калыбына келтирүүгө керектүү чыгымдар бухгалтердик эсептин маалыматтары боюнча эсептелген эскирүүнү эске алуу менен түздөн түз камсыздандыруу окуясы болордун алдындагы учурга анын камсыздандыруу наркынан ашкан учурдагы жоготуу, бузулуу же жок болуу түшүнүлөт.
5. Камсыздандыруу окуясы пайда болгон датага камсыздандыруу наркы төмөнкүдөй аныкталат:
1) турак жайлар үчүн - өзүнүн долбоордук мүнөздөмөлөрү жана курулуш материалдарынын сапаттары боюнча жок болгонго окшош объектти ошол жер үчүн куруунун долбоордук наркына жараша анын эскирүүсүн жана эксплуатациялык-техникалык абалын эске алуу менен;
2) камсыздандырылуучуга таандык, ошондой эле жалдоо (ижара) келишими боюнча ага берилген жайлардын жасалгасын камсыздандырууда - жок болгон объектке ылайык келген көлөмдөгү жана сапаттагы жасалгалоо иштерин кайрадан жүргүзүү үчүн зарыл болгон чыгымдар;
3) келишимдик мамилелердин натыйжасында алынган мүлктөр үчүн - камсыздандырылуучунун (пайда табуучунун) мүлктүк жоопкерчилигинин өлчөмүнүн негизинде.
6. Камсыздандырылган объекттин бөлүгү бузулган учурда камсыздандырып ордун толтуруу суммасы камсыздандыруу окуясы болор алдындагы абалга чейин аны калыбына келтирүү боюнча чыгымдардын өлчөмүндө аныкталат.
7. Калыбына келтирүү чыгымдары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- оңдоо үчүн керектүү материалдарга чыгымдар;
- оңдоо иштерине төлөөгө чыгымдар;
- оңдоочу жерге материалдарды жеткирүү боюнча чыгымдар жана камсыздандырылган объектти камсыздандыруу окуясы болор алдындагы абалга чейин аны калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон башка чыгымдар.
Калыбына келтирүү чыгымдарына төмөнкүлөр кирбейт:
- камсыздандырылган объектти өзгөртүүгө же жакшыртууга байланыштуу келип чыккан кошумча чыгымдар;
- камсыздандыруу окуясынын пайда болуу фактысына карабастан зарыл болгон башка чыгымдарга барабар болгон тандоо, профилактикалык оңдоо жана тейлөө боюнча чыгымдар;
- мөөнөттөн ашык иштөө, түнкү убакта, расмий майрамдарда иштөө үчүн эмгек акыга үстөктөр;
- зарыл болгондон ашыкча сарпталган башка чыгымдар.
Камсыздандыруучу эгерде оңдоо жыйынтыктоочу оңдоонун бөлүгү болуп саналса жана эгерде ушуга байланыштуу оңдоо боюнча жалпы чыгымдар жогорулабаган учурда гана профилактикалык оңдоо боюнча чыгымдарды тартат.
Калыбына келтирүү чыгымдары камсыздандыруу окуясы болгон датага карата колдонулуучу баалардын негизинде эсептелет.
8. Эгерде камсыздандыруу келишиминде камсыздандырылган турак жайдын камсыздандыруу суммасы камсыздандыруу наркынан төмөн белгиленсе (толук эмес мүлктүк камсыздандыруу), камсыздандыруучу камсыздандыруу окуясы пайда болгон учурда камсыздандырылуучуга (пайда табуучуга) акыркы келтирилген чыгымдардын бөлүгүнүн ордун камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына болгон катышына пропорционалдуу өлчөмдө толтурууга милдеттүү.
9. Келишимде толук эмес мүлктүк камсыздандырууда камсыздандырып ордун толтуруунун кыйла жогору өлчөмү каралышы мүмкүн, анын ичинде камсыздандыруу суммасынын чегинде чыгымдардын ордун толук толтуруу да каралышы мүмкүн.
10. Калыбына келтирүү чыгымдарынын суммасынан оңдоо процессинде алмаштырылган бөлүктөр эскирүүсү эсептен чыгарылат. Эсептен чыгаруулардын өлчөмү ошол бөлүктөрдүн анык наркынын жана камсыздандыруу окуясы пайда болордун алдындагы жаңы абалдагы алардын наркынын негизинде чыгарылат.
11. Камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандырылуучуга тиешелүү суммасынан келишим боюнча камсыздандыруу сый төлөмүнүн ал төлөбөй калган бөлүгү кармалып калат. Камсыздандыруучу башка чыгымдардын ордун чогуу толтуруу менен катар камсыздандыруу суммасынан ашып кетиши мүмкүн экендигине карабастан мындай чыгымдардын ордун камсыздандыруу суммасынын камсыздандыруу наркына болгон катышына пропорционалдуу өлчөмдө толтурат.
12. Эгерде камсыздандыруу келишиминде франшиза белгиленсе, камсыздандырып ордун толтуруу аны эске алуу менен төлөнөт.