Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 13-сентябры № 473
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө
"Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7, 12, 13 жана 19-беренелерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу эрежелери 1-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи 2-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандырып ордун толтуруу суммасын эсептөө методикасы 3-тиркемеге ылайык;
- Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу системасында мамлекеттик органдардын жана башка уюмдардын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-февралындагы № 49 "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу чөйрөсүндөгү актыларды бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |
|
|
Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи
1-глава. "Базалык (минималдуу) тариф" программасы
1. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи ("Базалык (минималдуу) тариф" программасы боюнча камсыздандырылган камсыздандырылуучулар үчүн)
Бир турак жай бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу сый төлөмү базалык камсыздандыруу тарифин камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмүнө көбөйткөнгө барабар.
Базалык камсыздандыруу тарифи 0,12 пайызга барабар.
Эсептелген базалык тариф жылдык болуп саналат.
Камсыздандыруу келишими боюнча минималдуу камсыздандыруу суммасы турак жай жайгашкан аймакка жараша болот жана камсыздандыруу суммаларынын белгиленген минималдуу өлчөмдөрүнөн аз болушу мүмкүн эмес:
- шаар жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү -1000000 сом;
- айыл жери үчүн камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмү - 500000 сом.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан камсыздандыруу эрежелерине ылайык калктын социалдык аялуу катмарларына тиешелүү жеңилдиктер берилет.
2-глава. "Жеке тариф" программасы
1. Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу суммасынын минималдуу өлчөмдөрү жана камсыздандыруу сый төлөмүнүн тарифи ("Жеке тариф" программасы боюнча камсыздандырылган камсыздандырылуучулар үчүн)
Бир турак жай бирдиги үчүн жылдык камсыздандыруу сый төлөмү камсыздандыруу тарифин камсыздандыруу суммасынын өлчөмүнө көбөйткөнгө барабар.
Камсыздандыруу тарифи 0,3 пайызга барабар.
Эсептелген камсыздандыруу тарифи жылдык болуп саналат.
Камсыздандыруу суммасы болуп камсыздандыруу келишиминде аныкталган акчанын суммасы саналат, анын негизинде камсыздандыруу сый төлөмүнүн өлчөмү аныкталат жана анын чегинде Камсыздандыруучу камсыздандыруу келишими колдонулуп жаткан мезгилде болгон камсыздандыруу окуялары боюнча камсыздандырып ордун толтурууну төлөөгө милдеттенет.
Камсыздандыруу суммасынын чоңдугу турак жайды камсыздандыруу наркынын негизинде камсыздандыруу келишими түзүлгөн күнгө белгиленет.
Турак жайды камсыздандыруу наркы - бул анык нарк, ал камсыздандыруу келишими түзүлгөн күнгө белгиленет.
Турак жайдын анык (рыноктук) наркы жана камсыздандыруу сый төлөмү камсыздандыруучу менен камсыздандырылуучунун ортосунда өз алдынча аныкталат.
Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын анык (рыноктук) наркына барабар суммада болсо, камсыздандыруу толук деп эсептелет. Мындай учурда камсыздандырып ордун толтуруу камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн камсыздандырып ордун толтурууну төлөө шарттарына ылайык аныкталган көлөмдө жүргүзүлөт.
Эгерде камсыздандыруу суммасы турак жайдын анык (рыноктук) наркынан төмөн болсо, камсыздандыруу толук эмес деп эсептелет. Мындай учурда келтирилген зыян турак жайдын анык (рыноктук) наркынан камсыздандыруу суммасына карата пропорционалдуу түрдө төлөнөт.