Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 12-октябры № 544
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жободо:
- 1-пунктта:
экинчи абзацтагы ", темир жол" деген сөздөр алып салынсын;
бешинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Департаменттин максаты автомобиль, суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун жана аларга жасалма курулмалардын сакталышын камсыздоо болуп саналат.";
- 10-пунктта "жана темир жол" деген сөздөр алып салынсын;
- 11-пунктта:
1-пунктчадагы "жана темир жол" деген сөздөр алып салынсын;
3-пунктчада:
төртүнчү абзацтагы "жана темир жол" деген сөздөр алып салынсын;
он төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
- 12-пунктта:
үчүнчү абзацтагы ", темир жол өткөөлдөрүндө" деген сөздөр алып салынсын;
төртүнчү, он алтынчы, он жетинчи абзацтардагы "жана темир жол" деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтомду ишке ашыруу Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин бекитилген штаттык санынын жана республикалык бюджетте тиешелүү жылга жана кийинки жылдарга каралган каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырылат.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 20-октябрындагы № 84 (3533) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |