Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 14-апрели № 223
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381, 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544, 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761, 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук түзүмдүк бөлүмдөрүн башкарууну оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктунун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-ноябрындагы № 242 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы бекитилгендигине байланыштуу уюштуруу чаралары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 4-пунктунун 31-пунктчасында "Автомобиль, суу транспорту жана салмак-габаритти контролдоо департаменти" деген сөздөр "Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы жана 1-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544, 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717, 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 , 2026-жылдын 20-июнундагы № 433 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ведомстволук бөлүмү (транспорттук контролдоо органы) болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырууга багытталган:
- юридикалык жана жеке жактар (транспорт субъекттери) тарабынан автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин сакталышын жөнгө салуу жана мамлекеттик контролдоо;
- суу транспортундагы ишти жөнгө салуу жана лицензиялык контролдоо;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууну мамлекеттик контролдоо;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департамент өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана мыйзамдарына, аларга ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент ыкчам башкаруу укугуна негизделген, мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн жана өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылган мөөрү, эмблемасы, штамптары жана белгиленген үлгүдөгү фирмалык бланктары болот.
Департамент өзүнүн атынан мүлктүк, жеке мүлктүк эмес укуктарды жана милдеттерди алышы, сотто доогер жана жоопкер болушу мүмкүн.
4. Департамент кирешелер жана чыгымдар сметасына, ошондой эле өз алдынча баланска, алыш-бериш эсебине, атайын эсебине жана финансы-кредиттик мекемелерде башка эсептерге ээ. Департаментти күтүүгө чыгымдарды каржылоо республикалык бюджеттин каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка булактардын эсебинен жүзөгө ашырылат.
5. Департамент Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине (мындан ары - Министрлик) отчет берет.
6. Департаменттин толук аталышы:
мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти";
расмий тилде: "Департамент наземного и водного транспорта при Министерстве транспорта и коммуникаций Кыргызской Республики".
Департаменттин кыскартылган аталышы:
мамлекеттик тилде: "Транспорт департаменти";
расмий тилде: "Департамент транспорта".
7. Департаменттин жана анын аймактык башкармалыктарынын түзүмү, штаттык саны жана штаттык ырааттамасы Министрликтин белгиленген чектик штаттык санынын чегинде Министрлик тарабынан бекитилет.
8. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, М.Горький көчөсү, 1.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Департаменттин максаты
9. Департаменттин максаты автомобиль, суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле автомобиль жолдорунун жана аларга жасалма курулмалардын сакталышын камсыздоо болуп саналат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Департаменттин милдеттери жана функциялары
10. Департаменттин милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Кыргыз Республикасынын автомобиль менен эл аралык ташууларын калыптандыруу жана өнүктүрүү, аларды эл аралык транспорттук системага интеграциялоо, ата мекендик автоташуучулардын кызыкчылыктарын чет мамлекеттердин компетенттүү органдарынын алдында коргоо;
- автомобиль, суу транспортунун иши менен байланышкан транспорттук жана башка кызмат көрсөтүү рыногунун натыйжалуу иштөөсү үчүн шарттарды түзүү, транспорттук кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө таза атаандаштыкты өнүктүрүү жана камсыздоо;
- юридикалык жана жеке жактар тарабынан автомобиль, суу транспорту, ошондой эле автомобиль жана суу транспорту менен ташууларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун жана аларга жасалма курулмалардын сакталышын камсыздоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
11. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү функцияларды аткарат:
1) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- өзүнүн компетенциясынын чегинде транспорт (аба, шаардык электр транспортун жана магистралдык өткөрмө түтүк транспортун кошпогондо) чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты, транспорт (аба, шаардык электр транспортун жана магистралдык өткөрмө түтүк транспортун кошпогондо) чөйрөсүндөгү мамлекеттер аралык жана тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө жана ишке ашырууга көмөк көрсөтүү;
- автомобиль, суу транспорту жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу, транспорт комплексинин өнүгүү багыттарына мониторинг жүргүзүү;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча автобус маршруттарынын схемаларын (эл аралык маршруттардын схемаларын жана Бишкек, Ош шаарларынын маршруттарынын схемаларын кошпогондо) иштеп чыгуу жана бекитүү;
- автомобиль, суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну уюштуруу жана жөнгө салуу маселелери боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү, ошондой эле жолдордун сакталышын камсыздоо боюнча жол органдары менен өз ара аракеттенүү;
- автомобиль жана суу транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча ишти аткарган ишкердик субъектилеринин ортосунда адилеттүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүү;
- чет мамлекеттер, эл аралык уюмдар менен эл аралык транспорттук каттамдар (аба, шаардык электр транспортун жана магистралдык өткөрмө түтүк транспортун кошпогондо) жаатындагы эл аралык келишимдердин долбоорлорун даярдоого катышуу жана автомобиль, суу транспортунда контроль жүргүзүү;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү болгон ченемдик укуктук актылардын жана концепциялардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
- Департаменттин компетенциясына тиешелүү болгон тармакты санариптештирүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруу;
2) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- эл аралык автомобилдик жүк ташууну жүзөгө ашырууда чет мамлекеттердин аймагына кирүүгө, чыгууга жана аймагы аркылуу транзиттик өтүүгө, эл аралык автомобилдик жүк ташууну жүзөгө ашырууда үчүнчү өлкөгө (үчүнчү өлкөдөн) жүк ташууга, эл аралык жүргүнчү ташууга (үзгүлтүксүз жана үзүл-кесил) чет мамлекеттердин уруксат бланктарын берүү;
- автомобиль транспорту менен эл аралык автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууга чет мамлекеттер менен уруксат бланктарын алмашуу;
- электрондук (санариптик) тахографтарга электрондук карточкаларды жасоо жана берүү иштерин жүргүзүүгө кабарлама берген жеке жана юридикалык жактардын реестрин жүргүзүү;
- тахографтар, карталар жана устаканалар жөнүндө тиешелүү тизмектердин маалыматтарын эсепке алууну жүргүзүү;
- автомобиль транспорту менен (жеңил таксилерди кошпогондо) эл аралык жүк ташуулар, суу транспорту менен жүргүнчү жана жүк ташуулар чөйрөсүндөгү ишти лицензиялоо;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык транспорт каражаттарын таразага тартуунун эл аралык сертификаттарын, атайын жана бөлүнбөс жүктү ташыган транспорт каражаттарынын өтүүсү үчүн атайын уруксаттарды берүү;
- атайын транспорт каражаттарынын Тез бузулуучу азык-түлүк продуктуларын эл аралык ташуу жөнүндө жана бул ташууга арналган атайын транспорт каражаттары тууралуу макулдашуунун (СПС) ченемдерине шайкеш келүүсү жөнүндө күбөлүктү берүү жана берилген мындай күбөлүктөрдүн реестрин жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана транспорт чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын улуттук мыйзамдарына ылайык эл аралык автобус маршруттарын ачуу жана бекитүү;
- шаардык (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо), шаар четиндеги жана шаарлар аралык автобус маршруттарын ачуу жана мыйзамдарда белгиленген тартипте жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашуу боюнча бул маршруттар боюнча автобустардын кыймылынын ырааттамаларын жана схемаларын бекитүү;
- өткөрүлгөн конкурстардын (тендерлердин) жыйынтыгы боюнча ташуучуларга шаардык (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо), шаар четиндеги жана шаарлар аралык автобус маршруттарын бекитип берүү;
- шаарлардын мэриялары иштеп чыгуучу жана бекитүүчү шаардык (Бишкек жана Ош шаарларын кошпогондо) автобус маршруттарынын кыймылынын ырааттамаларын макулдашуу;
- жүргүнчү транспортунун айдоочуларынын эмгек жана эс алуу режиминин графигин макулдашуу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан станциялык курулмалардын ишин жөнгө салуу;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан жаңы станциялык курулмаларды курууда жана иштеп жаткандарынын ордун которуштурууда жайгаштырылуучу жерди макулдашуу;
- ички суу транспорту жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калкка кызмат көрсөткөн суу транспортунун субъекттеринин ишин жөнгө салуу жана лицензиялык контролдоо;
- ички суу транспортунун портторунун жана пристандарынын тизмегин бекитүү;
- кемелердин командалык курамынын билимин текшерүү жана диплом берүү, кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациядан өткөрүү;
- кеме айдоочулардын уруксат документтерин жана кемелерди башкаруу укугуна күбөлүктөрдү берүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында кемелерди башкаруу укугуна кеме айдоочуларды аттестациядан өткөрүү;
- кеме айдоочуларды даярдоо боюнча курстарды уюштуруу;
- Кыргыз Республикасынын көлмөлөрүндөгү суу транспортунун, порттордун, базалардын жана курулмалардын реестрин жүргүзүү;
- Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп берген чакан кемелердин классификациясы жөнүндө күбөлүктөрдүн бирдиктүү реестрин жүргүзүү;
3) координациялоо жана контролдоо чөйрөсүндө:
- транспорт (аба транспортун, шаардык электр транспортун жана магистралдык өткөрмө түтүк транспортун кошпогондо) чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын транспорттук мыйзамдарынын жана лицензиялык мыйзамдарынын сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген транспорт (аба транспортун, шаардык электр транспортун жана магистралдык өткөрмө түтүк транспортун кошпогондо) чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдердин чарбакер субъекттер тарабынан сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында чарбакер субъекттер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан транспорттук жана лицензиялык мыйзамдардын, автомобиль транспортунун субъекттеринин иштөө тартибин аныктаган стандарттардын жана ченемдердин сакталышына мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- чет өлкөлүк автоташуучуларда тийиштүү уруксат бланкынын бар экендигине мамлекеттик контроль жүргүзүү;
- айкындалган бузуулар боюнча протоколдорду жана актыларды түзүү жана бузууларды жоюу үчүн жазма эскертүүлөрдү берүү, ошондой эле бузуучуларды Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке тартуу;
- фото- жана видеотартуу функциялары бар атайын техникалык каражаттары аркылуу жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин ашырып жиберүүнү жана башка бузууларды белгилөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык бузуучуларды жоопкерчиликке тартуу;
- Евразия экономикалык бирлигинин аймагында эл аралык автомобилдик ташууну жүзөгө ашырууда автотранспорт каражаттарынын айдоочусуна кабарлама жана эсептик талон берүү жана Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин транспорттук (автомобилдик) контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу органына транспорттук контролдоонун жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарды берүү, чет өлкөлүк автоташуучуларда кабарламанын жана эсепке алуу талонунун болуусун контролдоо;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу жүктөрдү ташыган жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин жогорулатуу, белгиленген тартипте киргизилген башка чектөөлөрдү бузуу менен мыйзамсыз өтүүсүнө жол бербөө;
- атайын жана бөлүнбөс жүктөрү бар транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору аркылуу өткөрүүдө жыйымдардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
- транспорт каражаттарынын жалпы массасын, октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору боюнча өтүү үчүн жыйымдардын толук түшүүсүн камсыз кылуу;
- өлчөөчү приборлор, анын ичинде жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин бузууну автоматтык түрдө белгилөө жабдыгын колдонуу менен транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин өлчөө;
- (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарын уюштуруу;
- лицензия берүүнүн алдында сүзүүчү каражаттардын техникалык абалын текшерүү;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан станциялык курулмалар, жүк терминалдары, автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө (оңдоочу устаканалар) жана оңдоо станциялары тарабынан транспорт мыйзамдарынын талаптарынын сакталышын контролдоо;
4) кызматтарды көрсөтүү жана ишкердикти колдоо чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын кызматтарды көрсөтүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү жана акысыз мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү;
- транспорттук кызматтарды көрсөтүү, ташуу процессин уюштуруу жана транспорттук контролдоо маселелери боюнча ташуучуларга (алардын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды берүү;
- транспорт каражаттары үчүн айыптык токтотуучу жайларды уюштуруу;
- жеке жана юридикалык жактардын кайрылуулары менен иштөөнү уюштуруу.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544, 2025-жылдын 4-ноябрындагы № 717 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Департаменттин укуктары
12. Департамент ушул Жободо аныкталган милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- станциялык курулмалардын кызматкерлеринен жана ташуучулардан жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча аткарылган иштер жөнүндө маалыматты, ошондой эле Департаменттин ишине байланышкан башка маалыматты суроого;
- зарыл болгон учурларда мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, ошондой эле ишканалардан жана уюмдардан транспорттун ишин уюштуруу маселелери боюнча, жолдордун жана көчөлөрдүн айрым тилкелеринде оңдоо-калыбына келтирүү жумуштарын, Департаменттин милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан башка жумуштарды жүргүзүүгө байланыштуу кыймылды убактылуу чектөө же тыюу салуу жөнүндө маалыматты суроого;
- кызыкдар мамлекеттик органдар, уюмдар жана илимий мекемелер менен биргеликте Кыргыз Республикасында ташуу процессин өркүндөтүү, жүргүнчү жана жүктү ташуунун коопсуздугун жогорулатуу, автомобиль, суу транспорту тармагындагы илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктуу темаларын жана багыттарын аныктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууга катышууга;
- Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү мыйзамдарына ылайык лицензиялоо жана лицензиялык контролдоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө;
- эл аралык автомобилдик ташууларды жүзөгө ашырууга башка мамлекеттер менен уруксат бланктарын белгиленген тартипте алмашууга;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен тышкы экономикалык жана илимий-техникалык кызматташууну жүзөгө ашырууга;
- мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жол-транспорт кырсыктарынын, транспорт чөйрөсүндөгү (аба транспортун кошпогондо) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;
- юридикалык жана жеке жактар менен жумуштарды аткарууга жана кызматтарды көрсөтүүгө белгиленген тартипте жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Министрликке автомобиль жолдорунун сакталышын камсыздоо жана транспорттук, анын ичинде салмак-габариттик контролдоо системасын өркүндөтүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- транспорт каражаттарын таразага тартуу жана жалпы массасын, октук салмак басымын, өлчөмдөрүн жана башка линиялык параметрлерин ченөө үчүн жыйымдарды алууга;
- жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен макулдашуу боюнча бөлүнбөс жүгү менен транспорт каражатына бир жолку атайын уруксатты берүүгө;
- атайын жана бөлүнбөс жүктү ташууда келтирилген зыянды эсептөөгө жана акы алууга;
- белгиленген тартипте жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорттук контролдоонун стационардык жана көчмө пункттарынын ишин уюштурууга;
- жалпыга маалымдоо каражаттарына Департаменттин иши жөнүндө маалыматтарды жарыялоого;
- юридикалык жактарга жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын кызмат адамдарына аткаруу үчүн милдеттүү болгон автомобиль, суу транспорту чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын талаптарынын бузулушун жоюу жөнүндө жазма эскертүүлөрдү берүүгө;
- автомобиль, суу транспорту чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларды кароого жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган тартипте жоопкерчиликке тартууга;
- Департаменттин техникалык кеңешинин ишин уюштурууга;
- Департаменттин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган милдеттерин ишке ашыруу менен байланышкан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-октябрындагы № 544 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Департаменттин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- линиядагы жүк жана жүргүнчү ташыган транспорт каражаттарын документтери бар экендигин текшерүү жана Кыргыз Республикасынын транспорт мыйзамдарын бузгандыгын аныктоо үчүн токтотууга;
- автомобиль жолдорун, жол курулмаларын жана алардын элементтерин бүлүндүргөн же булгаган транспорт каражаттарын токтотууга жана аларды жалпы пайдалануудагы автомобиль жолунун өтмө бөлүгүнүн четине чыгарууну талап кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу иштерин жүргүзгөн адамдарды транспорт каражатын башкаруудан четтетүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык транспорт каражаттарын мажбурлап алып барууга, аларды атайын токтотуучу жайларга жеткирүүгө, аларды сактоого жана дөңгөлөк блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонууга;
- Кыргыз Республикасынын транспорт (аба транспортун кошпогондо) жана лицензиялык-уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын автомобиль жана суу транспорту менен ташууларды жүзөгө ашыруу бөлүгүндө талаптарын бузууларды аныктоого жана ага бөгөт коюу боюнча чараларды көрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинде каралган транспорт чөйрөсүндөгү бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү камсыздоо чараларын көрүүгө (транспорт каражатын башкаруудан четтетүү, транспорт каражатын адистештирилген токтотуучу жайга мажбурлап алып баруу, дөңгөлөк блокираторлорун же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу);
- белгиленген формадагы кийимди кийип жүрүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга.
5. Департаменттин мүлкү, каржылоо булактары, эсепке алуусу жана отчет берүүсү
14. Департаменттин мүлкүн негизги фонддор жана жүгүртүү каражаттары, ошондой эле наркы өз алдынча баланста чагылдырылган башка материалдык баалуулуктар түзөт.
15. Департаментке ыкчам башкаруу укугунда бекитип берилген мүлк мамлекеттин менчиги болуп эсептелет. Департамент ага бекитип берилген мүлктү анын менчик ээсинин макулдугу менен гана менчиктен ажыратууга же башкача жол менен тескөөгө укуктуу.
16. Департамент мүлктү пайдалануу ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен аны натыйжалуу пайдаланууну жана сактоону камсыздайт.
17. Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бухгалтердик, салыктык, статистикалык эсепке алууну жана финансылык отчет берүүнү жүргүзөт жана алардын тууралыгы үчүн жоопкерчилик тартат.
18. Мүлктү эсепке алуу жана отчет берүү үчүн Департамент Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мүлккө мезгилдүү инвентаризацияны жүргүзүп турат.
181. Департаменттин казыналык системасында атайын жана депозиттик эсептери бар.
Департамент жана анын аймактык башкармалыктары ай сайын Министрликтин атайын эсебине Министрликтин чечими менен белгиленген жана бекитилген, өзүнүн ишинин натыйжасында алынган жалпы кирешенин 10 пайызынан ашпаган сумманы которот.
6. Департаменттин ишин уюштуруу
19. Департамент борбордук аппараттан, аймактык башкармалыктардан турат.
20. Департаменттин кадрдык курамы мамлекеттик жана мамлекеттик эмес кызматчылардан турат.
21. Департаменттин мамлекеттик жарандык кызматына дайындоо, кызмат өтөө жана кызматтан бошотуу, класстык чендерди ыйгаруу, кызматкерлерди укуктук жана социалдык коргоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте ишке ашырылат.
22. Мамлекеттик жарандык кызматчы болуп эсептелбеген кызматкерлерди кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу, эмгек ишин жүзөгө ашыруу, укуктук жана социалдык коргоо эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.
23. Департаменттин кызматкерлери өздөрүнө жүктөлгөн кызматтык милдеттерди аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган, укукка каршы аракет (аракетсиздик) жасаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тартиптик, материалдык жана кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылат.
24. Департаментти Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу директор башкарат.
25. Департаментте директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган. Директордун орун басарлары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат, түздөн-түз директорго баш иет, бөлүнүп берилген милдеттерге ылайык Департаменттин ишин уюштурат.
26. Директор жок учурда (өргүү, иш сапар, ооруп калса) анын милдеттерин директордун буйругуна ылайык директордун орун басарларынын бири аткарат.
Директордун буйругун чыгаруу мүмкүн болбогон учурда (кызматтан убактылуу четтетүүдө, директордун кызмат орду бош болгондо, камакка алууда ж.б.) директордун милдеттерин анын орун басарына же башка кызматчыга убактылуу жүктөө жөнүндө буйрук Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри тарабынан чыгарылат.
27. Департаменттин директору:
- жеке башчылык кылуу принцибинде Департаменттин ишин жалпы башкарат жана өзүнө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- башка мамлекеттик органдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин мекемелери, ишканалары жана уюмдары менен болгон мамиледе өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин атынан чыгат;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду жана кызматкерлердин кызматтык нускамаларын бекитет;
- өзүнүн орун басарларынын ыйгарым укуктарын белгилейт, Департаменттин компетенциясына кирген ыкчам, уюштуруучулук, кадрдык, финансылык, өндүрүштүк-чарбалык жана башка маселелерди чечүү боюнча өзүнүн ыйгарым укуктарынын бөлүгүн аткарууну тапшырат;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Департаменттин жана анын аймактык башкармалыктарынын түзүмүн, башкаруу схемасын жана штаттык ырааттамасын бекитүүгө киргизет;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана эмгек чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык борбордук аппараттын кызматкерлерин, аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарларын, аймактык башкармалыктардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин жана Министрлик тарабынан аныкталган кызмат орундарынын номенклатурасына ылайык башка адамдарды кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;
- борбордук аппараттын кызматкерлерине, аймактык башкармалыктардын жетекчилеринин орун басарларына, аймактык башкармалыктардын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын көрөт;
- Департаменттин жана анын аймактык башкармалыктарынын кызматчыларын ведомстволук сыйлыктар менен сыйлайт;
- өзүнүн компетенциясынын чегинде Департаменттин бардык кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды жана башка тескемелерди чыгарат;
- Департаменттин аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген буйруктарын жана тескемелерин жокко чыгарат;
- борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана аймактык башкармалыктарынын жетекчилеринин баяндамаларын жана билдирүүлөрүн угат, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу маселелери боюнча кеңешмелерди өткөрөт;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик жарандык кызматчыларга класстык чендерди ыйгаруу жөнүндө сунуштарды киргизет;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министрине Департаменттин өзгөчө айырмаланган кызматкерлерин жана транспорттогу чарбакер субъекттердин жумушчуларын мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоого жана ардак наамдарды ыйгарууга көрсөтүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизет;
- Департаменттин атынан ишеним каттарды берет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте мүлктөрдү жана каражаттарды тескейт;
- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү жана иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жобосуна ылайык Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри Министрликтин каражаттарын тескөө жана мүлкүн башкаруу, бүтүмдөрдү, келишимдерди, контракттарды түзүү жана аларды аткаруу боюнча чараларды көрүү, Департаменттин аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызматка дайындоо жана кызматтан бошотуу, ошондой эле аларга карата сыйлоо жана тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу боюнча ыйгарым укуктарды Департаменттин директоруна өткөрүп берүүгө укуктуу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-ноябрындагы № 761 токтомунун редакциясына ылайык)
28. Департаментте техникалык кеңеш түзүлөт. Техникалык кеңештин курамы жана иштөө тартиби Министрлик тарабынан аныкталат.
7. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу
29. Департаментти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте ишке ашырылат.
30. Департаменттин иши токтотулганда анын ишинин жүрүшүндө пайда болгон документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.
31. Департамент жоюлгандан кийин калган мүлк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык пайдаланылат.