Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 19-октябры № 552
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын маселелерин жөнгө салуучу айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
( Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомунун редакциясына ылайык)
Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын окуу борборунун ишинин уюштуруучулук негиздерин аныктоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы № 773 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-августундагы № 434 "Мамлекеттик кызматчылардын категориясына кирбеген жана мамлекеттик мекемелерде, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ведомстволук мекемелеринде иштеген кызматкерлерге эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 61-тиркеме менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 85 (3534) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| Тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын Окуу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга ЭСЕЛӨӨ КОЭФФИЦИЕНТТЕРИ
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 3,23 |
2 | Бөлүм башчы | 3,00 |
3 | Башкы бухгалтер | 2,93 |
4 | Башкы адис | 2,78 |
5 | Жетектөөчү адис | 2,55 |
6 | Адис | 2,33 |
".