Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 4-майы № 242
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Көмүр тармагын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасын финансылык чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 5-4-пункт "бошотулат деп белгиленсин" деген сөздөрдөн кийин ", буга 2021-жылдан тартып 2025-жылды кошо алгандагы мезгилде иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке таза кирешенин 50 пайызын төлөөдөн бошотулуучу Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасы кирбейт" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына 2021-жылдан тартып 2025-жылды кошо алгандагы мезгилде ишкананын бюджетке чегерилүүгө тийиш болгон таза кирешесинин 50 пайызын материалдык-техникалык базасын жаңылоого (лизингдер боюнча төлөмдөрдү төлөөгө) жана стратегиялык өнүктүрүү планын ишке ашырууга жумшоого уруксат берилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтом кабыл алынгандыгына байланыштуу мамлекеттик ишканалардын таза кирешесинин бөлүгүн чегерүү планына өзгөртүүлөрдү киргизсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 16-майындагы № 39 саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |