Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 11- сентябры № 468
Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 31-декабрындагы № 643, 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17, 2021-жылдын 19-октябрындагы № 224, 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 257, 2022-жылдын 1-февралындагы № 46, 2022-жылдын 7-февралындагы № 61, 2022-жылдын 27-сентябрындагы № 534, 2022-жылдын 3-октябры № 544, 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2023-жылдын 4-майындагы № 242 , 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 582, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325 ,
2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Мамлекеттик ишканаларды иштетүүнүн, кайрадан уюштуруунун жана жоюунун бирдиктүү ченемин белгилөө максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 1-апрелиндеги № 128 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн карамагында турган уюмдар алты айлык мөөнөттө:
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын уставдарын ушул токтомго шайкеш келтирүү боюнча чараларды көрүшсүн;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалар тарабынын өнүктүрүүнүн стратегиялык пландарын иштеп чыгууну камсыз кылышсын;
- ведомстволук мамлекеттик ишканалардын директорунун кызмат ордуна талапкерлерге карата квалификациялык талаптарды бекитишсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд алты айлык мөөнөттө:
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- ар бир мамлекеттик ишкана үчүн директордун жана анын орун басарынын ишинин натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрүн бекитсин;
- мамлекеттик ишкананын жетекчиси менен эмгек келишиминин типтүү формасына ылайык мамлекеттик ишканалардын директорлору менен эмгек келишимдерин түзүүнү камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 133 токтомунун редакциясына ылайык)
5. 2021-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик ишканаларды түзүүгө мораторий киргизилсин.
51. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июнундагы № 17 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
52. Ушул токтомдун колдонулушу "Чоң-Алайкөмүр", Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу "Эко Оператор", Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы "Фемида" пансионаты" жана "Ак-Талаа көмүр" жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканаларына жайылтылбайт деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90, 2024-жылдын 23-сентябрындагы № 582, 2025-жылдын 9-июнундагы № 325 , 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомдорунун редакциясына ылайык )
53. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 2021-жылдан тартып 2030-жылды кошо алгандагы мезгилде иштин жыйынтыгы боюнча бюджетке таза кирешенин 50 пайызын төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-февралындагы № 46, 2025-жылдын 15-октябрындагы № 666 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
54. Бардык мамлекеттик ишканалар 2022-жылдан тартып 2030-жылды кошо алган мезгил үчүн иштин жыйынтыгы боюнча таза пайдасынын 50 пайызын бюджетке төлөөдөн бошотулат деп белгиленсин.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-декабрындагы № 831 токтомунун редакциясына ылайык)
55. Ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо каралган мамлекеттик мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга берилүүчү жана мамлекеттик ишканаларды уюштуруучуга киргизилүүчү документтердин толуктугу, өз убагында жана аныктыгы, ошондой эле тиешелүү жумуштарды жүргүзүү үчүн министрликтердин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, мамлекеттик ишканалардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлсүн.";
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 90 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 “Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө” токтомунун
2, 3-пункттары жана 4-пунктунун экинчи абзацы;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 62 “Мамлекеттик ишканаларды башкарууну өркүндөтүү жөнүндө” токтомунун 1 жана 2-пункттары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-июлундагы № 513 “Мамлекеттик үлүш катышкан чарбакер коомдорду башкаруунун системасынын натыйжалуулугун көтөрүү боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун 3 жана 7-пункттары.
7. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
8. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | М.Д. Абылгазиев |