Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 23-октябры № 561
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик мүлктү натыйжалуу башкаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемеси (мындан ары - Борбор) түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Борбордун уюштуруучусу болуп аныкталсын.
3. Борбордун каражаттары Борбордун ден соолукту чыңдоо комплексин өнүктүрүү үчүн жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо каралган максаттарга, ошондой эле техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга эмгек акы төлөөгө гана пайдаланылат деп белгиленсин.
4. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-сентябрындагы № 604 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 7040 сом өлчөмүндөгү минималдуу базалык ставка Борбордун техникалык жана кенже тейлөө персоналынын кызматтык маяналарын эсептөө үчүн негиз болуп саналат;
2) Борбордун техникалык жана кенже тейлөө персоналынын кызматтык маянасы минималдуу базалык ставканын өлчөмүн кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициентине көбөйтүү жолу менен эсептелет.
6. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Борбордун техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 2-тиркемеге ылайык;
2) Борбордун кенже тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери 3-тиркемеге ылайык.
7. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) 2023-жылга республикалык бюджетте ушул токтомдун 4-пунктуна ылайык Борбордун кызматкерлеринин эмгек акысына кошумча ассигнованиелерди карасын;
2) "Кыргыз Республикасынын 2023-жылга жана 2024-2025-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү карасын.
8. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына төмөнкүлөр сунушталсын:
1) Борбордун Жобосун жана штаттык расписаниесин иштеп чыгуу жана бекитүү;
2) белгиленген тартипте Борборду юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүү;
3) Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын тиешелүү жылга бюджетинде каралган каражаттардын чегинде Борбордун ишин финансылык жана башка камсыздоо маселелерин чечүү;
4) ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүү.
9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
10. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 27-октябрындагы № 86 (3535) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |
|
| 1-тиркеме |
|
|
|
|
|
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор | 4,26 |
2 | Директордун орун басары | 3,84 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,41 |
".
|
| 2-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин техникалык тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Башкы ашпозчу | 4,26 |
2 | Башкы инженер | 3,92 |
3 | Укуктук жана кадрдык маселелер боюнча адис | 3,58 |
4 | Сатып алуулар боюнча адис | 3,58 |
5 | Чарба башчысы | 3,41 |
6 | Тамак-аш кампасынын башчысы | 3,41 |
7 | Зал башчысы | 3,41 |
8 | Врач | 3,41 |
9 | Агроном | 3,41 |
10 | Материалдык бухгалтер | 3,41 |
11 | Жайгаштыруу боюнча менеджер | 3,41 |
12 | Чарба айымы | 3,41 |
13 | Ашпозчу | 3,41 |
14 | Бухгалтер-кассир | 3,33 |
15 | Нан бышыруучу-кондитер | 3,23 |
|
| 3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасына караштуу "Тынчтык" ден соолукту чыңдоо борбору" мамлекеттик мекемесинин кенже тейлөө персоналынын кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга карата эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Официант | 3,06 |
2 | Ашкана жумушчусу | 3,06 |
3 | Касапчы | 3,06 |
4 | Салат даярдагыч | 3,06 |
5 | Идиш жуугуч | 3,06 |
6 | Ашкана тазалагыч | 3,06 |
7 | Электрик | 3,06 |
8 | Сантехник | 3,06 |
9 | Жыгач уста | 3,06 |
10 | Багбан-сугаргыч | 3,06 |
11 | Имараттарды күнүмдүк оңдоо боюнча жумушчу | 3,06 |
12 | Күзөтчү | 3,06 |
13 | Куткаруучу | 3,06 |
14 | Пляж тазалоочу | 3,06 |
15 | Горничная | 3,06 |
16 | Кир жуугуч | 3,06 |
17 | Эшик тазалоочу | 3,06 |
18 | Тазалоочу | 2,90 |
19 | Айдоочу | 2,62 |