Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 523
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин актуалдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесин жана Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесинде:
- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
"6) суунун жогорку басымы астында чачыраган көздөн жаш агызуучу газ.";
- 8-пункттун алтынчы абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- ар кандай модификациядагы композиттик материалдардан жасалган коргоочу шлемдер;
- ар кандай модификациялардагы жогорку молекулалуу полиэтилен булаларынын негизиндеги жука булалуу материалдардан жасалган сооттолгон күрмөлөр.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 14, 15-пункттар менен толукталсын:
"14. Кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар:
- "Көп функциялуу кармоочу" түрүндөгү кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар жана ага окшогондор;
- "Невод" биологиялык объекттеринин кыймылын чектөөчү каражаттар жана ага окшогондор;
- айыпталуучуларды жана соттолгондорду контролдоонун аудиовизуалдык, электрондук жана башка техникалык каражаттары.
15. Адистештирилген түзүлүштөр жана жабдуулар:
- "Бусел МКР" самолет түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;
- "DJI Matrice 300" квадрокоптер түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;
- "DJI Mavic 3Т" түрүндөгү квадрокоптер (тепловизор) жана ага окшогондор;
- "ZALA 421-16Е5" түрүндөгү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө колдонуу үчүн учкучсуз учуучу аппараттар жана ага окшогондор;
- "ГАРПУН-2" түрүндөгү УУА менен күрөшүү боюнча кол комплекси жана ага окшогондор;
- "Купол ПРО" түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарга радиобайкоо жана каршы аракеттенүү каражаттары жана ага окшогондор;
- "Луч" түрүндөгү учкучсуз учуучу аппараттарга көчмө табуу жана ага каршы аракеттенүү комплекси жана ага окшогондор;
- "Пищаль ПРО" учкучсуз учуучу аппараттарына алып жүрүүчү каршы аракеттенүү комплекси жана ага окшогондор;
- "STUPOR" жарандык багыттагы учкучсуз учуучу аппараттарды электромагниттик жана оптикалык-электрондук басуулардын көчмө комплекси жана ага окшогондор;
- "DJI FeroScope", "DJI Aeroscope Mobile" УУАнын учуулары үчүн чектелген аймакта учкучсуз техникаларды пайдаланууну мүмкүн болгон бузууларга мониторинг жүргүзүү жана аныктоо системасы жана ага окшогондор;
- укук бузууларды жана кылмыштарды фото жана видеофиксациялоо, ошондой эле адамдарды, транспорт каражаттарын аныктоо жана идентификациялоо боюнча автоматташтырылган мобилдик же стационардык аппараттык-программалык комплекстер жана маалыматтык системалар;
- "ZEBRA" түрүндөгү сенсордук экраны бар электрондук түзүлүштөр жана ага окшогондор;
- "VIKEN FIB-120" түрүндөгү портативдик рентген сканери жана ага окшогондор;
- бажы чек арасындагы узун жана локалдуу участокторду кайтаруу үчүн автономдуу белги берүүчү комплекстер;
- убактылуу объекттерди (унаа токтоочу жайлар, кирүү жолдору) кайтарууну уюштуруу, өздүк курамдын жана техниканын жүрүү маршруттарын контролдоо, ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн багытталган мобилдик белги берүүчү комплекстер;
- "Кайман" жана "Радиобарьер" мобилдик белги берүүчү комплекстер (билдиргичтер) жана ага окшогондор;
- "Вереск" түрүндөгү табуунун сейсмикалык каражаттары жана ага окшогондор;
- ыкчам байланыш, маалымат берүү жана кабыл алуу, радиомониторинг, контролдоо, бөгөттөө жана санариптик талдоо үчүн багытталган атайын түзүлүштөр жана комплекстер;
- "МОСКИТ" түрүндөгү үзүлмө кабарлагычтар жана ага окшогондор;
- "ДОЗОР 77", "ДОЗОР 78", "РЕВИЗОР Т20 HDD", "Hytera VM780" түрүндөгү видеокаттоочулар жана ага окшогондор.";
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу эрежелеринде:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан өз кызматтык милдеттерин аткарууда, анын ичинен коомдук коркунучтуу жосундарды алдын алуу жана токтотуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү максатында, камакка алынган жана соттолгон адамдар тарабынан жабык мекемелерден качуу, барымтага алуу, массалык тартип бузуулар, топтошкон баш ийбөөчүлүктөр болгон учурда же ушул сыяктуу көрүнүштөр келип чыгуу коркунучу болгондо, мыйзамдуу талаптарды аткарбоодо, ошондой эле өзүн-өзү коргоодо атайын каражаттарды колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт.";
- 3-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Атайын каражаттар төмөнкүдөй учурларда колдонулат:";
2-пунктчада ", жоруктарды жана бузууларды" деген сөздөр ", укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4) кылмыштарды же укук бузууларды жасоо учурунда кармалган жана кылмыш же укук бузууларды жасаган жерден жашырынууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;";
11-пунктчада ", жоруктарды же бузууларды" деген сөздөр "же укук бузууларды" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 16-пунктча менен толукталсын:
"16) кызматтык милдеттерди аткарууда, анын ичинде маалыматтарды фиксациялоо, талдоо жана иштеп чыгуу үчүн.";
төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Атайын каражаттар ушул пункттун 1-10, 12-15-пунктчаларында каралган, мажбурлап таасир этүүнүн башка ыкмалары пайдаланылган жана каалагандай натыйжаларды бербеген учурларда колдонулат.";
- 4-пунктта:
8-пунктчада "9, 11-пунктчаларында" деген сөздөр "9, 11-13, 15-пунктчаларында" деген сөздөргө алмаштырылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 13-15-пунктчалар менен толукталсын:
"13) суунун жогорку басымы астында чачыраган көздөн жаш агызуучу газ ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 8, 9, 12, 13-пунктчаларында каралган учурларда;
14) кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-9 жана 11-14-пунктчаларында каралган учурларда;
15) адистештирилген түзүлүштөр жана жабдуулар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 8-16-пунктчаларында каралган учурларда.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 17-октябрындагы № 83 (3532) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |