Загрузка документа…
| 2-тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-апрелиндеги № 223 токтомуна ылайык) |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан атайын каражаттарды колдонуу
эрежелери
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Эрежелер Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана жазаларды аткаруу жана ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында кызмат өтөгөн аскер кызматчылары тарабынан өз кызматтык милдеттерин аткарууда, анын ичинен коомдук коркунучтуу жосундарды алдын алуу жана токтотуу, аларды жасаган адамдарды кармоо жана жеткирүү максатында, камакка алынган жана соттолгон адамдар тарабынан жабык мекемелерден качуу, барымтага алуу, массалык тартип бузуулар, топтошкон баш ийбөөчүлүктөр болгон учурда же ушул сыяктуу көрүнүштөр келип чыгуу коркунучу болгондо, мыйзамдуу талаптарды аткарбоодо, ошондой эле өзүн-өзү коргоодо атайын каражаттарды колдонуу жана пайдалануу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тийиштүү атайын даярдыктан жана окутуудан өткөн, укуктук негиз, коопсуздук чаралары, атайын каражаттарды колдонуу жана пайдалануу тактикасы жана өзгөчөлүктөрү боюнча зачет тапшырган Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын кызматкерлери жана аскер кызматчылары (мындан ары - кызматкерлер) атайын каражаттарды колдонууга жана пайдаланууга укуктуу.
3. Атайын каражаттар төмөнкүдөй учурларда колдонулат:
1) жарандарга, башка адамдарга же кызматкерлерге кол салуунун же кол салуунун коркунучунун мизин кайтаруу үчүн;
2) кылмыштарды, укук бузууларды болтурбоо үчүн;
3) кызматкерге көрсөтүлгөн каршылыкка бөгөт коюу үчүн;
4) кылмыштарды же укук бузууларды жасоо учурунда кармалган жана кылмыш же укук бузууларды жасаган жерден жашырынууга аракет кылган адамды кармоо үчүн;
5) эгерде адам куралдуу каршылык көрсөтүүсү мүмкүн болсо, аны кармоо үчүн;
6) камакка алынган, соттолгон адамдарды, ошондой эле камоого алынуучу адамдарды жеткирүү, конвой менен коштоп жүрүү жана кайтаруу үчүн;
7) качуу аракетине бөгөт коюуда;
8) күч менен кармалып турган адамдарды, басып алынган имараттарды, жайларды, курулмаларды, транспорт каражаттарын, башка мүлктү жана жер участокторун бошотуу үчүн;
9) массалык башаламандыктарга жана коомдук тартипти топтошуп бузууларга бөгөт коюу үчүн;
10) кызматкердин токтоо тууралуу мыйзамдуу талабын аткарбаган айдоочунун транспорттук каражатын токтотуу үчүн;
11) кылмыштарды же укук бузууларды жасан жаткан же жасаган адамдарды табуу үчүн;
12) кайтарылуучу объекттерди коргоо, мыйзамга каршы аракеттерди жасап жаткан жарандардын тобунун кыймылына бөгөт коюу үчүн;
13) мамлекеттик же адистештирилген кайтаруу объекттерине кол салуунун же кол салуу коркунучунун мизин кайтаруу үчүн;
14) айланадагыларга, алардын мүлкүнө же өзүнө зыян келтирүү коркунучу жаралган учурда;
15) турак жана башка жайларга мыйзамдуу кирүүгө тоскоол болгон бекитүүчү түзүлүштөрдү, элементтерди жана конструкцияларды бузуу үчүн.
16) кызматтык милдеттерди аткарууда, анын ичинде маалыматтарды фиксациялоо, талдоо жана иштеп чыгуу үчүн.
Атайын каражаттар ушул пункттун 1-10, 12-15-пунктчаларында каралган, мажбурлап таасир этүүнүн башка ыкмалары пайдаланылган жана каалагандай натыйжаларды бербеген учурларда колдонулат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын куралдануусундагы атайын каражаттардын тизмесине ылайык кызматкерлер тарабынан төмөнкүлөр колдонулушу жана пайдаланылышы мүмкүн:
1) полипродилен, поликарбонат, резина, пластик, дюраль, металл жана башка материалдардан, туюк, түз жана капталында туткасы бар телескопикалык таяктар (мындан ары - резина таяктары) ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-9, 12-15-пунктчаларында каралган учурларда;
2) тешип өтпөй сокку уруучу патрондор жана атылмалар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 7-10, 12-14-пунктчаларында каралган учурларда;
3) жаш агызуучу газ жана "Полынь" түрүндөгү пиротехникалык газ генераторлору (дүүлүктүрүүчү таасирдеги атайын каражаттар) ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 7-9, 12-14-пунктчаларында каралган учурларда;
4) БР, БР-С, БКС-1, БОС кол кишендери, кишендер, бир жолу колдонуучу текстилден жасалган кол кишендер жана ага окшогондор ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2-7, 14-пунктчаларында каралган учурларда;
5) алаксытуучу таасирдеги жаркылдап-үн чыгаруучу каражаттар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1, 2, 5, 8, 9, 12-14-пунктчаларында каралган учурларда;
6) тоскоолдуктарды бузуу каражаттары ушул Эрежелердин 3-пунктунун 8, 15-пунктчаларында каралган учурларда;
7) транспортту мажбурлап токтотуучу каражаттар, тешүүчү тилкелер жана алардан жасалган оролмолор, торлор ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-10, 12-14-пунктчаларында каралган учурларда;
8) суу чачкычтар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 9, 11-13, 15-пунктчаларында каралган учурларда;
9) атайын боёчу каражаттар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 4, 11-пунктчаларында каралган учурларда;
10) кызматтык жаныбарлар (иттер, аттар) ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-9, 11-14-пунктчаларында каралган учурларда;
11) электрдик шок кылуучу түзүлүштөр ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-9, 12-14-пунктчаларында каралган учурларда;
12) жеке коргонуучу каражаттар ушул Эрежелердин 3-пунктунда каралган бардык учурларда пайдаланылышы мүмкүн.
13) суунун жогорку басымы астында чачыраган көздөн жаш агызуучу газ ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 8, 9, 12, 13-пунктчаларында каралган учурларда;
14) кыймылды чектөөчү жана кармоочу каражаттар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-9 жана 11-14-пунктчаларында каралган учурларда;
15) адистештирилген түзүлүштөр жана жабдуулар ушул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 8-16-пунктчаларында каралган учурларда.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 523 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кызматкерлер "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен куралды, курал-жаракты жана күжүрмөн техниканы колдонууга уруксат берилген бардык учурларда атайын каражаттарды колдонууга укуктуу.
2. Атайын каражаттарды колдонуунун шарттары жана чектери
6. Атайын каражаттарды колдонуу жөнүндө үн же үндү күчөтүүчү түзүлүштөр аркылуу эскертилиши мүмкүн.
Мыйзам бузуучуларга эскертилгенден кийин, талапты баш ийип аткарууга убакыт берилет (талапты баш ийип аткарууга убакыт мыйзам бузуучулардын санына, алардын иш-аракеттеринин мүнөзүнө жана түзүлгөн ыкчам кырдаалга жараша берилет).
7. Атайын каражаттарды колдонуу жөнүндө эскертүү мамлекеттик жана расмий тилде берилет. Зарыл болгон учурда чет тилинде кыйла кеңири жайылган "токто", "болбойт", "тыюу салынат", "курал", "токтот", "атам" дегенди билдирген сөздөр кошумча пайдаланылышы мүмкүн.
8. Атайын каражаттарды түздөн-түз колдонуу жөнүндө чечим конкреттүү операциянын жетекчиси же Кыргыз Республикасынын укук коргоо органынын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси, же болбосо аны алмаштыруучу адам тарабынан кабыл алынат.
Тапшырманы жеке аткарып жаткан кызматкерлер мындай чечимди өз алдынча кабыл алышат, андан кийин түздөн-түз жетекчисине рапорт түрүндө билдиришет.
9. Атайын каражаттын түрү жана аны колдонуу интенсивдүүлүгү түзүлгөн кырдаалды, мыйзам бузуунун мүнөзүн жана мыйзам бузуучунун физиологиялык өзгөчөлүктөрүн жана жүрүм-турумун эске алуу менен кызматкер тарабынан аныкталат.
10. Атайын каражаттарды колдонбоого мүмкүн болбогон учурда кызматкерлер токтоолук менен, зыянга учуратууну жана дене бойго жаракат келтирүүнү азайтууга умтулушу керек.
11. Атайын каражаттарды колдонуу менен операцияларды, машыгууларды (окутуу) өткөрүүдө медициналык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын медициналык бөлүмдөрүнүн же кат жүзүндө кайрылуу боюнча башка медициналык мекемелердин кызматкерлери тартылууга тийиш.
12. Атайын каражаттарды колдонууда денесинен жаракат алган адамдарга дарыгерлерге чейинки жардам көрсөтүү камсыздалышы керек.
13. Атайын каражаттарды колдонуудан кийин жаракат алгандарды табуу, жарылбай калган атайын каражаттарды чогултуу, мүмкүн болгон өрт чыгуу очокторун жана турмуш тиричиликти камсыздоочу объекттердин бузулушун, башка терс кесепеттерин аныктоо максатында жайларды жана аймакты кароо жүргүзүлөт.
14. Атайын каражаттарды эсепке алуу мындай каражаттардын тиби жана саны боюнча жүргүзүлөт, аларды берүү атайын журналга каттоо менен жүргүзүлөт.
Атайын каражаттарды берүү, өткөрүү тартиби, атайын каражаттарды эксплуатациялоо, техникалык тейлөө, сактоо, алып жүрүү, эсепке алуу, эсептен чыгаруу жана жок кылуу эрежелери, колдонууда зарыл болгон сактык чаралары, ошондой эле окутууну уюштуруу тартиби жана программасы Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан аныкталат.
15. Операция жүргүзүлгөн соң, нөөмөт аяктагандан кийин, же атайын каражаттардын зарылдыгы бүткөндөн кийин атайын каражаттар укук коргоо органынын түзүмдүк бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө тапшырылат, бул жөнүндө иш жүзүндө тапшырылган атайын каражаттардын санын көрсөтүү менен журналга тиешелүү түрдө жазылат.
3. Атайын каражаттардын айрым түрлөрүн колдонуунун өзгөчөлүктөрү
16. Мыйзам бузуучуларды газ гранаталуу патрондор менен атууда түз тийбегидей мээлөө керек.
17. Помпалык мылтыктан сокку уруп-шок кылуучу таасирдеги патрон менен мыйзам бузуучунун бут тарабына 20 метрден жакын эмес аралыктан гана мээлеп атылышы керек.
18. Кол кишендерин пайдаланууда кулпусунун бекилишин маал-маалы менен (эки саатта бир жолудан кем эмес) текшерип туруу талап кылынат.
19. Алаксытуучу таасирдеги жаркылдап-үн чыгаруучу каражаттар, ошондой эле тоскоолдуктарды бузуу каражаттары (чакан өлчөмдөгү жарылуучу түзүлүштөр) адамга 2 метрден жакын эмес аралыкта колдонулат.
20. Кызматкерлерге атайын каражаттарды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
- бузук, жараксыз жана мөөнөтү өткөн каражаттарды колдонууга;
- мыйзам бузуучуларды газ фанаталуу патрондор менен мээлеп атууга;
- атайын каражаттарды колдонуу параметрлерин жана даярдоочу тарабынан белгиленген коопсуздук чараларын бузууга;
- 20 метрден кем аралыкта помпалык мылтыктан сокку уруп-шок кылуучу таасирдеги патрондор менен атууга;
- барымтадагы адамдар кармалган жайларда жана адамга 2 метрге жетпеген аралыкта тоскоолдуктарды бузуу каражаттарын (кичи өлчөмдөгү жарылуучу түзүлүштөр) колдонууга;
- адамдарды ташууга багытталган жалпы пайдалануудагы автотранспортту жана жүк ташуучу автомобилдерди (ичинде адамдар болгон учурда), дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөргө таандык автотранспортту, мотоциклдерди, мотоколяскаларды, мотороллерлерди, мопеддерди, ошондой эле тоолуу жолдордо же көрүү мүмкүнчүлүгү чектелген жол участокторунда, темир жол кесилиштеринде, көпүрөлөрдө, жол көпүрөлөрүндө, эстакадаларда, тоннелдерде транспортту мажбурлап токтотуучу түзүлүштөрдү колдонууга;
- резина таягы менен башка, моюнга жана акырекке, ичке, жыныс мүчөлөрүнө урууга;
- аба ырайынын температурасы нөлдөн төмөн болгон учурда массалык башаламандыктын катышуучуларына суу чачкычтарды колдонууга.
4. Корутунду жоболор
21. Атайын каражаттарды колдонуунун ар бир фактысы жөнүндө кызматкер же бөлүмдүн (топтун) жетекчиси кызмат өтөгөн жери боюнча тиешелүү органдын жетекчисине же атайын каражат колдонулган жер боюнча ыйгарым укуктуу жетекчисине колдонулган учурдан тартып 24 сааттын ичинде кат жүзүндө баяндоого милдеттүү.
Кызматкердин атайын каражаттарды колдонуусунун натыйжасында өлүмгө алып келген ар бир факт боюнча прокуратуранын аймактык органы ыйгарым укуктуу жетекчи тарабынан 24 сааттын ичинде кабарланат.
22. Ушул Эрежелерди бузуу менен атайын каражаттарды колдонуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик, жазык жоопкерчилигине алып келет.