Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 28-сентябры № 512
КНСти 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн тышкары), ошондой эле ата мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктарынан жасалган зер буюмдарын өндүрүүчү ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылуучу экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. КНСти 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба чийки затын кайра иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн тышкары), ошондой эле ага мекендик өндүрүштөгү баалуу металлдардан жана сыныктарынан жасалган зер буюмдарын өндүрүүчү ишканалар тарабынан жүзөгө ашырылуучу экономикалык иштин түрлөрүнүн тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июнундагы № 263 "Кошумча нарк салыгын 80 пайызга төмөндөтүү менен төлөгөн ата мекендик айыл чарба сырьёсун иштетүүчү тамак-аш жана кайра иштетүүчү өнөр жай ишканалары жүргүзүүчү экономикалык иштин (акциздик топтогу товарларды өндүрүүдөн башка) түрлөрүнүн тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 6-октябрындагы № 80 (3529) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |