Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 25-октябры № 570
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-февралындагы № 75 "2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышы жана 1-пункт "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын;
2) 2-пункттун 1-пунктчасында:
- биринчи абзацтагы "2021-жылдын 1-октябрынан" деген сөздөр "2023-жылдын 1-августунан" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- курман болгон адамдардын он сегиз жашка чыга элек балдарына, анын ичинде "2021-жылдын апрелинде Кыргыз Республикасынын Баткен облусунда жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан жарандарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө кирген учурда он сегиз жашка чыга элек жана кол коюлган учурда он сегиз жашка толгон балдарына;";
төртүнчү абзацтагы "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
3) жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2021-жылдын 28-30-апрелинде Баткен облусунда болуп өткөн окуялардын кесепетинен курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жабыр тарткан адамдарга кошумча ар айлык социалдык жөлөкпул дайындоонун жана төлөөнүн тартибинде:
- аталышы, 1, 2-пункттар "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын;
- 3, 10, 16, 20-пункттардагы "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген", "Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөздөр "майыптыгы бар", "Майыптыгы бар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 23-пунктта "отуз жети" деген сөздөр "элүү беш" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- Тартиптин тиркемесинде:
үстүнкү оң бурч "Баткен облусунда" деген сөздөрдөн кийин "жана 2022-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен жана Ош облустарында" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2023-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 87 (3536) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |