Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 31-октябрындагы № 578 токтомуна) |
Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо саламаттык сактоо уюмдары же жеке медициналык практиканы жүргүзгөн адамдар тарабынан медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө телемедициналык технологияларды колдонуу эрежелерин регламенттейт.
2. Бул Жобонун максаттары үчүн терминдер жана алардын аныктамалары "Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө", "Электрондук башкаруу жөнүндө", "Электрондук колтамга жөнүндө", "Медицина кызматкеринин статусу жөнүндө", "Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө", "Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. Бул Жободо төмөнкүдөй терминдер жана аныктамалар колдонулат:
1) аралыктан өз ара аракеттенүү - маалыматтык технологиялар аркылуу аралыктан телемедициналык технологияларды колдонуу, ошондой эле медициналык-санитардык жардамга мүнөздүү болгон бардык компоненттерди сактоо менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү процессинин катышуучуларынын өз ара аракеттенүү процесси;
2) телемедициналык технологиялар - медициналык кызматкерлердин бири-бири, бейтаптар жана/же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү менен аралыктан өз ара аракеттенүүсүн, көрсөтүлгөн адамдарды идентификациялоону жана аутентификациялоону, консилиумдарды, консультацияларды өткөрүүдө алар жасаган иш-аракеттерди документтештирүүнү, пациенттин ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүүнү камсыз кылуучу маалыматтык технологиялар;
3) консультант - пациентте жана/же анын мыйзамдуу өкүлүндө медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жөнүндө келишим түзүлбөгөн башка саламаттык сактоо уюмунун медициналык кызматкери.
4. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү процессинин катышуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) дарылоочу врач;
2) диагностикалык изилдөө жүргүзгөн медициналык кызматкер;
3) консультант;
4) пациент;
5) пациенттин мыйзамдуу өкүлү.
5. Телемедициналык технологиялар медициналык-санитардык жардамдын төмөнкү түрлөрүн көрсөтүүдө пайдаланылышы мүмкүн:
1) алгачкы медициналык-санитардык жардам, анын ичинде медициналык тез жардам;
2) адистештирилген медициналык жардам;
3) паллиативдик жардам.
2-глава. Телемедициналык технологияларды колдонуунун максаттары
6. Телемедициналык технологиялар процесстин катышуучуларынын аралыктан өз ара аракеттенүүсү аркылуу медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө төмөнкү максаттарда колдонулат:
1) алдын алуу, жыйноо, диагностикалоо, пациенттин даттанууларын жана анамнездин маалыматтарын талдоо, дарылоо-диагностикалык иш-чаралардын натыйжалуулугун баалоо, пациенттин ден соолугунун абалына байкоо жүргүзүү, дарылоо;
2) дарылоочу врачтын өзүнүн кабыл алуусунун зарылдыгы жөнүндө (кароо, консультация) чечим кабыл алуу;
3) консультация өткөрүү үчүн тартылган консультанттын корутундусун алуу;
4) врачтардын консилиумунун протоколун алуу.
3-глава. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүгө карата негизги талаптар
7. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө телемедициналык технологияларды колдонуу жарандардын саламаттыгын сактоо жана жеке мүнөздөгү маалыматты коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды сактоо менен жүзөгө ашырылат.
8. Процесстин катышуучуларын идентификациялоо жана аутентификациялоо максатында Бирдиктүү идентификациялоо системасы же процесстин катышуучуларын идентификациялоого мүмкүндүк берүүчү маалыматтарды текшерүүнүн башка жол-жоболору (системалары) колдонулат.
9. Медициналык-санитардык жардам көрсөтүлүүчү маалыматтык технологиялар Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
10. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн шарттары (уюштуруу, тартиби, мөөнөттөрү, акы төлөө жана ушул Жободо белгиленбеген башка шарттар) саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
4-глава. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн формалары жана шарттары
11. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү реалдуу убакыт режиминде же кийинкиге калтырылган консультациялар формасында жүргүзүлүшү мүмкүн.
12. Реалдуу убакыт режиминде телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү процесстин катышуучуларынын түздөн-түз, аралыктан өз ара аракеттенүүсүн карайт.
13. Кийинкиге калтырылган консультациялар режиминде телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү процесстин катышуучуларынын түздөн-түз, аралыктан өз ара аракеттенүүсүн карабайт.
14. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам процесстин катышуучуларынын турган жерине карабастан бардык шарттарда көрсөтүлүшү мүмкүн.
5. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн акы төлөө
15. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен көрсөтүлгөн медициналык-санитардык жардам төмөнкүлөрдүн эсебинен төлөнүшү мүмкүн:
1) кошо төлөө каражаттарынын;
2) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетинин каражаттарынын;
3) пациенттердин өз каражаттарынын;
4) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын;
5) жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын;
6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын.
16. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн акы төлөө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы № 493 "Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
17. Ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу уюму менен ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу боюнча келишим түзгөн камсыздандырылуучу тарабынан телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү үчүн акы төлөө түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык жүргүзүлөт.
6-глава. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган маалыматтарды документтештирүү жана сактоо
18. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүү жөнүндө маалыматты документтештирүү, анын ичинде маалыматтарды электрондук документтерге киргизүү медициналык кызматкердин электрондук колтамгасын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.
19. Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнүн жыйынтыгы боюнча алынган документтер, анын ичинде консультацияга багытталган материалдар, корутундулар, консилиумдардын протоколдору, медициналык документтерге киргизилген маалыматтар, пациенттин тексттик билдирүүлөрү өзү кол койгон жана тиешелүү адамдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн кагаз жүзүндөгү документ сыяктуу электрондук документ деп таанылат.
Телемедициналык технологияларды колдонуу менен медициналык-санитардык жардам көрсөтүүдө алынган коштоочу материалдар (аудио жана видео жазуулар, үн маалыматтары, сүрөттөр, электрондук формадагы башка билдирүүлөр) түзүлгөн датадан тартып 1 жылдан кем эмес сакталууга тийиш.
20. Ушул Жобонун 19-пунктунда көрсөтүлгөн документтер тиешелүү медициналык документтерди сактоо үчүн каралган мөөнөттүн ичинде сакталууга тийиш.
7. Процесстин катышуучуларынын жоопкерчилиги
21. Процесстин катышуучулары Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
22. Консультант телемедициналык технологияларды колдонуу менен врачтардын консультациясынын/консилиумунун жыйынтыгы боюнча берилген сунуштамалар үчүн ал берген корутундунун чегинде жоопкерчилик тартат.