Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-ноябрындагы № 585 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо юридикалык жана жеке жактардан ыктыярдуу негизде түшүүчү акча каражаттарын, ошондой эле мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу түрүндө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен которулган каражаттарды бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине (мындан ары - депозиттик эсеп) чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу тартибин регламенттейт.
2-глава. Каражаттарды түзүүнүн булактары
2. Депозиттик эсепти түзүүнүн булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жана жеке жактарынан, резиденттеринен жана резидент эместеринен ыктыярдуу которулган каражаттар;
2) мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруу түрүндө укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептеринен которулган каражаттар;
3) ыктыярдуу негизде которулган жана Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарына жана депозиттик эсептин максаттарына каршы келбеген башка каражаттардын түшүүлөрү.
3-глава. Каражаттарды чегерүүнүн, эсепке алуунун жана пайдалануунун тартиби
3. Ушул Жобонун 2-пунктунун 1, 3-пунктчаларына ылайык депозиттик эсепке каражаттарды которуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте коммерциялык банктар жана төлөмдүк уюмдар, ошондой эле чет өлкөлүк банктар тарабынан жүзөгө ашырылат.
4. Мамлекетке келтирилген зыяндын ордун ыктыярдуу толтуруу түрүндөгү каражаттар "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын депозиттик эсептерине которулат жана эсепке алынат. Беш жумуш күндүн ичинде укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары бул каражаттарды "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча депозиттик эсепке которот.
5. Депозиттик эсепке түшкөн каражаттар "Башка салыктык эмес кирешелер" 14511900 элементинин коду боюнча эсепке алынат жана чагылдырылат.
6. Депозиттик эсептен Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондуна каражаттарды которуу депозиттик эсепке каражаттар келип түшкөндөн кийин 15 жумуш күндүн ичинде жүргүзүлөт.
7. Депозиттик эсептин каражаттарын чегерүү, эсепке алуу, пайдалануу жана отчет түзүү боюнча операциялар Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдары менен жөнгө салынуучу ченемдерге ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы тарабынан жүзөгө ашырылат.
8. Укук коргоо жана көзөмөлдөө органдары ар айлык негизде ушул Жобонун 4-пунктунда көрсөтүлгөн, которулган каражаттар боюнча салыштырып текшерүү актыларын түзөт жана аларды отчеттук айдан кийинки айдын 10уна чейин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине берет.