Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-ноябры № 585
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу акча каражаттарын чегерүүнү жана эсепке алууну тартипке келтирүү максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 4-мартындагы № 70 "Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун түзүү жана пайдалануу тартибин бекитүү тууралуу" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо жана көзөмөлдөө органдарынын ишинин натыйжасы боюнча мамлекетке орду толтурулуучу, бюджетти болжолдоо жана аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын депозиттик эсебине түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 15-январындагы № 5 "Республикалык бюджетти колдоо үчүн депозиттик эсепке түшүүчү акча каражаттарын чегерүү, эсепке алуу жана пайдалануу жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-ноябрындагы № 89 (3538) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |