Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 5-октябры № 526
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын системалаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 28-декабрындагы № 640 "Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасынын кызматчыларына атайын класстык чиндерди ыйгаруунун (төмөндөтүүнүн жана андан ажыратуунун) тартиби жөнүндө жободо:
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Атайын класстык чин - бул Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасында мамлекеттик кызмат ордун ээлеген ар бир адамга иш стажына, билимине жана ээлеген кызмат ордуна ылайык жекече ыйгарылуучу атайын наам.";
- 3-пункттун 3-пунктчасынын төртүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 6-пункттун 4-пунктчасында "3, 2, 1-класстагы" деген сөздөр "3-класстагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-пункт менен толукталсын:
"6-1. Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасындагы саясий мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй атайын класстык чиндер ылайык келет:
1) юстиция министри үчүн - юстициянын 3төн 2-класска чейинки мамлекеттик кеңешчиси;
2) юстиция министринин орун басары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) үчүн -юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси;
3) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ведомстволук бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары (Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу кызмат орундары) үчүн - юстициянын 3төн 1-класска чейинки кеңешчиси.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 8-1-пункт менен толукталсын:
"8-1. Саясий мамлекеттик кызмат орундары үчүн биринчи атайын класстык чиндер (атайын класстык чиндердин тобуна жараша) болуп төмөнкүлөр саналат:
1) атайын класстык чиндердин улук тобунун алкагында - юстициянын 3-класстагы кеңешчиси;
2) атайын класстык чиндердин жогорку тобунун алкагында - юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.";
- 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Кызматчыга биринчи атайын класстык чин кызматчы мамлекеттик кызмат ордуна дайындалгандан кийин сыноо мөөнөтүн кошуп алганда, бир жылдан эрте эмес ыйгарылат. Ошол эле учурда эгерде кызматчы юстиция органдарынын системасынын чегинде башка кызмат ордуна дайындалса, анда ыйгаруу үчүн мөөнөт юстиция органдарынын системасындагы бардык кызмат орундарында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөн бүткүл убактысынын жыйындысы боюнча эсептелет.";
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Саясий мамлекеттик кызмат ордун ээлеген адамга кезектеги атайын класстык чин кызмат адамы мурдагы атайын класстык чининде 3 жылдан кем эмес болгон шартта ыйгарылышы мүмкүн.";
- 14-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Юстициянын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чини Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан ыйгарылат.";
экинчи абзацта "1, 2 жана 3-класстагы" деген сөздөр "2, 3-класстагы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
-18-пунктта:
биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"18. Аскердик же атайын наамдары, класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар кызматчыларга Кыргыз Республикасынын юстиция органдарынын системасына мамлекеттик жарандык кызматка кирүүдө алардын жогорку юридикалык билими болгон учурда ушул Жобонун 6, 6-1, 8, 8-1, 9-пункттарында белгиленген мөөнөттөрдү жана талаптарды сактабастан, ошол аскердик же атайын наамына, класстык чинине, дипломатиялык рангына ылайык келген атайын класстык чин ыйгарылат.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Аскердик же атайын наамдары, класстык чиндери, дипломатиялык рангдары бар юстиция органдарынын кызматчыларына ушул Жобонун 12, 13-пункттарында белгиленген атайын класстык чиндерде болуу мөөнөттөрүнө алардын аскердик же атайын наамдарда, класстык чиндерде, дипломатиялык рангдарда болуу мөөнөтү (иштеген жылдары) кошуп эсептелет.";
- 20-пунктта:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Юстициянын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчисинин атайын класстык чинин төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын юстиция министринин сунушу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.";
төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын юстиция министрине карата юстициянын 1, 2, 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын класстык чинин төмөндөтүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын сунуштамасы боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 10-октябрындагы № 81 (3530) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У. Жапаров |