Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 78 токтомуна ылайык күчүн жоготту
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 5-октябрындагы № 524 токтомуна) |
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн эрежелерин аныктайт.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.
3. "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболоруна ылайык экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар экстремисттик ишти алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана бул жосундарды жасоого өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды жоюу боюнча аларга жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн профилактикалык мүнөздөгү чараларды эскертме берүү формасында колдонот.
4. Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдардын кызмат адамына, ошондой эле жеке адамдарга экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик аракеттерди жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берилиши мүмкүн.
5. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдары, ошондой эле жеке адамдар тарабынан экстремисттик материалдарды таратууга, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактырууга жана экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга байланышкан аракеттердин жасалгандыгы жөнүндө күбөлөндүргөн маалыматтар болгондо эскертме колдонулат.
6. Эскертме берүү жөнүндө чечимди төмөнкүлөр кабыл алат:
- ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары;
- улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси жана анын орун басарлары, улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ыкчам жана аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери жана алардын орун басарлары.
2. Эскертмени даярдоо жана тариздөө тартиби
7. Жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактырган учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Эгерде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында жалпыга маалымдоо каражаттары, юридикалык жактар же башка уюмдар тарабынан көрсөтүлгөн аракеттерди жүзөгө ашыргандыгы жөнүндө маалыматтар ырасталса жана документтештирилсе, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары анын өндүрүшүндө жаткан тергөөчү алардын көчүрмөсүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата жазуу жүзүндө эскертме берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтөт.
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмеси ушул Тартиптин 1 жана 2-тиркемелерине ылайык форма боюнча эки нускада даярдалат:
- биринчи нуска - жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына тапшыруу үчүн;
- экинчи нуска - тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү делосуна көктөө үчүн.
Жалпыга маалымдоо каражатына берилген эскертменин көчүрмөсү маалыматтар жана эсепке алуу үчүн маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
Диний уюмга, диний окуу жайга, чет өлкелүк уюмдун миссиясына же миссионерге карата берилген эскертменин көчүрмөсү маалыматтар жана эсепке алуу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберилет.
8. Жеке адам экстремисттик материалдары сактаган же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактырган учурда кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча жеке адамга карата кылмыш ишин козгоодон баш тартылган учурда, тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары анын өндүрүшүндө жаткан тергөөчү алардын көчүрмөсүн жеке адамга карата жазуу жүзүндө эскертме берүү жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жиберет.
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмеси ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык форма боюнча эки нускада даярдалат:
- биринчи нускасы - жеке адамга тапшыруу үчүн;
- экинчи нуска - тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдары менен биргеликте экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү делосуна көктөө үчүн.
9. Эскертменин текстинде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында өзүнүн ырастоосун тапкан жана документтештирилген жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактын же башка уюмдун, ошондой эле жеке адамдын конкреттүү аракеттери көрсөтүлүүгө тийиш.
3. Эскертме берүүнүн тартиби
10. Эгерде жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын кызмат адамдарынын аракеттеринде тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжасында экстремисттик материалдарды таратуу же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактыруу ырасталса, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчиге он жумуш күнгө чейинки мөөнөттө, ушул жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына бузууларды көрсөтүү менен жазуу жүзүндө эскертме берүү жөнүндө сунуш киргизет.
11. Ушул Тартиптин 6-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчи тергөөгө чейинки текшерүүнүн натыйжалары боюнча жеке адам тарабынан экстремисттик материалдардын таратуу максатысыз сакталгандыгын же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын аракеттерин ачык жактыргандыгын ырастаган экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамынын сунушунун негизинде он жумуш күнгө чейинки мөөнөттө жазуу жүзүндө эскертме берүү жана мындай аракеттерге жол берилбестиги жөнүндө профилактикалык аңгемелешүү өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат.
12. Эскертме берүү жөнүндө сунуш баяндама кат түрүндө таризделет, анда жалпыга маалымдоо каражатынын, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамы, ошондой эле жеке адам тарабынан жасалган, профилактикалык чараларды талап кылган аракеттердин маңызы, алардын анкеталык маалыматтары жана эскертмени колдонуунун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн пикири баяндалат.
13. Эскертме жарыялоо үчүн жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына, ошондой эле жеке адамга аларды ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча чакыруу кагазы аркылуу экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга аларды чакыруу менен жүзөгө ашырылат.
Чакыруу кагазында төмөнкүлөр көрсөтүлөт: ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы жана анын дареги, чакырылган жеке адамдын Ф.А.А., келген күнү жана сааты. Чакыруу кагазы тил кат аркылуу аны тапшыруу убактысын көрсөтүү менен тапшырылат. Зарыл учурларда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактардын же башка уюмдардын жетекчилери жана (же) уюштуруучулары, ошондой эле жеке адамдар кабарлоонун же чакыруунун жазылышын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттары аркылуу кабарланышы же чакырылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө кызмат өтөп жаткан жарандарга эскертмени жарыялоо үчүн чакыруу аскердик бөлүктөрдүн жана бөлүмдөрдүн командирлери аркылуу жүзөгө ашырылат.
Зарыл болгон учурда эскертме адамдын жайгашкан жери боюнча да жарыяланышы мүмкүн.
14. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына, ошондой эле эскертме жарыяланган жеке адамга анын аракеттери экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуп жаткандыгы жана ал берилген эскертмени сотко даттанууга укуктуу экендиги түшүндүрүлүүгө тийиш.
Мындан тышкары жол берилген укук бузуулар өз убагында жоюлбаган жана (же) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарды кайталап бузган учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынын, юридикалык жактын же башка уюмдун ишин соттук тартипте токтотуу жөнүндө маселе карала тургандыгы түшүндүрүлөт.
15. Эскертме жекече тил кат аркылуу экинчи нускада тапшыруу датасын көрсөтүү менен тапшырылат.
16. Жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамына, ошондой эле жеке адамга эскертме жарыялангандан кийин экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамы бул жөнүндө ушул Тартиптин 5-тиркемесине ылайык форма боюнча прокуратура органдарына кабарлайт.
4. Эскертме жарыялоо жөнүндө материалдарды эсепке алуу жана сактоо
17. Эскертме берүүгө байланышкан материалдарды эсепке алуу жана сактоо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибине 1-тиркеме |
__________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү
__________________________________________________________________
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн аталышы)
__________________________________________________________________
(дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлөт)
ЭСКЕРТМЕ
20___-ж. "____" _____________________ |
| № ___________________ |
__________________________________________________________________________________
(жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн - аталышы, дареги,
__________________________________________________________________________________
кызмат адамынын Ф.А.А., ИНН)
__________________________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү
__________________________________________________________________________________
мыйзамдардын талаптарын бузган жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат
__________________________________________________________________________________
адамынын аракети (аракетсиздиги) сыпатталат
__________________________________________________________________________________
кылган аракети (аракетсиздиги) үчүн эскертме берилет.
Баяндалгандын негизинде жана "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып, жалпыга
маалымдоо каражатынын жетекчисине же уюштуруучусуна _________________________________
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., туулган жылы, паспортунун
__________________________________________________________________________________
сериясы жана номери, инсандыгын аныктоочу башка документтери)
бузууну көрсөтүү менен (керектүүсүнүн асты сызылат) эскертме жарыяланат:
а) жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды таратуусу;
б) сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракетин ачык жактыруу.
Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертмени алган күндөн тартып токтоосуз
четтетилүүгө тийиш. Ушул эскертменин аткарылышынын натыйжалары жөнүндө ырасталган
документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө же
электрондук формада _______________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт)
_______________________________________________________________ маалымдалуусу керек.
Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз четтетүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон
учурда бул бузууларды четтетүү үчүн 20___-ж. "____" _______________________ чейин (эскертме
жарыяланган датадан тартып он күндөн кеч эмес дата көрсөтүлөт) кошумча мөөнөт белгиленет.
Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген бузуулар четтетилбеген же болбосо жыл ичинде
экстремисттик материалдарды таратуунун жаңы фактылары (же жалпыга маалымдоо
каражаттатарынын ишинде экстремисттик иштин белгилери болгондугу жөнүндө күбөлөндүргөн
фактылар) кайталап аныкталган учурда, сиздин жалпыга маалымдоо каражатыңыздын ишин
токтотуу жөнүндө маселе "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык сот тарабынан
каралууга тийиш.
Эскертме сотко даттанылышы мүмкүн.
Ушул эскертме 20___-ж. "____" ______________ алынды
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., эскертме жарыяланган адамдын колу)
Мөөрдүн орду
________________________ ____________________ ___________________________________
(кызмат орду) (колу) (Ф.А.А.)
Кошумча белгилер:
__________________________________________________________________________________
(адам эскертмеге кол коюудан баш тарткан учурда анын катышуусунда тиешелүү жазуу жүргүзүлөт)
Эскертменин көчүрмөсү маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга жиберилет.
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибине 2-тиркеме |
__________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү
__________________________________________________________________
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн аталышы)
__________________________________________________________________
(дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлөт)
ЭСКЕРТМЕ
20___-ж. "____" _____________________ |
| № ___________________ |
__________________________________________________________________________________
(юридикалык жак жана башка уюмдар үчүн - аталышы, дареги, ИНН,
__________________________________________________________________________________
кызмат адамынын Ф.А.А.)
__________________________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү
__________________________________________________________________________________
мыйзамдардын талаптарын бузган юридикалык
__________________________________________________________________________________
жактын жана башка уюмдун кызмат адамынын аракети (аракетсиздиги) сыпатталат)
____________________________________ кылган аракети (аракетсиздиги) үчүн эскертме берилет.
Баяндалгандын негизинде жана "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 16-беренесинин 1-бөлүгүн жетекчиликке алып,
юридикалык жактын жана башка уюмдун кызмат адамына __________________________________
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., туулган жылы, паспортунун сериясы жана номери,
__________________________________________________________________________________
инсандыгын аныктоочу башка документтер)
бузууну көрсөтүү менен (керектүүсүнүн асты сызылат) эскертме жарыяланат:
а) юридикалык жактын жана башка уюмдун экстремисттик материалдарды таратуусу;
б) сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдун иш-аракетин ачык жактыруу.
Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертмени алган күндөн тартып токтоосуз
четтетилүүгө тийиш. Ушул эскертменин аткарылышынын натыйжалары жөнүндө ырасталган
документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен жазуу жүзүндө же
электрондук формада ________________________________________________________________
(ыйгарым укуктуу
__________________________________________________________________________________
мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт)
маалымдалуусу керек.
Жол берилген бузууларды токтоосуз четтетүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда
бул бузууларды четтетүү үчүн 20___-ж. "____" ______________ чейин (эскертме жарыяланган күндөн
тартып он күндөн кеч эмес дата көрсөтүлөт) кошумча мөөнөт белгиленет.
Эгерде белгиленген мөөнөттө юридикалык жак же башка уюм тарабынан жол берилген бузуулар
четтетилбеген учурда экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу
мамлекеттик орган "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамынын 16-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык алардын ишин токтотуу жөнүндө сотко доо
арызын киргизүү жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жиберет.
Эскертме сотко даттанылышы мүмкүн.
Ушул эскертме үчүн 20___-ж. "____" ______________ алынды
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., эскертме жарыяланган адамдын колу)
Мөөрдүн орду
________________________ ____________________ ___________________________________
(кызмат орду) (колу) (Ф.А.А.)
Кошумча белгилер:
__________________________________________________________________________________
(адам эскертмеге кол коюудан баш тарткан учурда анын катышуусунда тиешелүү жазуу жүргүзүлөт)
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибине 3-тиркеме |
__________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү
__________________________________________________________________
ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, аймактык бөлүмдүн аталышы)
__________________________________________________________________
(дареги, телефон номери, электрондук дареги көрсөтүлөт)
ЭСКЕРТМЕ
20___-ж. "____" _____________________ |
| № ___________________ |
__________________________________________________________________________________
(жеке адамдын Ф.А.А., туулган жылы, паспорттук маалыматтары, ИНН,
__________________________________________________________________________________
катталган жери жана иш жүзүндө жашаган дареги)
__________________________________________________________________________________
(экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдардын
__________________________________________________________________________________
талаптарын бузган жеке адамдын иш-аракети (аракетсиздиги) баяндалат)
____________________________________ кылган аракети (аракетсиздиги) үчүн эскертме берилет.
Баяндалгандын негизинде жана "Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 2-бөлүгүн жетекчиликке алып,
жеке адамга бузууну көрсөтүү менен (керектүүсүнүн асты сызылат) эскертме жарыяланат:
а) жеке адамдын экстремисттик материалдардын таратуусу;
б) сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдун аракетин ачык жактыруу.
Ушул эскертмеде мындай аракеттерге жол берилбестик көрсөтүлөт.
Бул эскертменин талаптарын аткарбоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө
кодексинин 434-беренесине ылайык жоопкерчиликке алып келет.
Эскертме сотко даттанылышы мүмкүн.
Ушул эскертме үчүн 20___-ж. "____" ______________ алынды
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., эскертме жарыяланган адамдын колу)
Мөөрдүн орду
________________________ ____________________ ___________________________________
(кызмат орду) (колу) (Ф.А.А.)
Кошумча белгилер:
__________________________________________________________________________________
(адам эскертмеге кол коюудан баш тарткан учурда анын катышуусунда тиешелүү жазуу жүргүзүлөт)
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибине 4-тиркеме |
ЧАКЫРУУ КАГАЗЫ
Жаран ____________________________________________________________________________
___________________________________________________________________________ жашаган
Сизге саат 20___-ж. "____" ______________ саат "____" __________________ дареги боюнча келүү
сунушталат, кызм. тел.: ______________________________________________________________.
Өзүңүз менен бирге паспортуңузду же инсандыгыңызды ырастаган башка документиңизди ала келиңиз.
ТИЛ КАТ
20___-ж. "____" ______________ саат "____" __________________ чакыруу жөнүндө чакыруу
кагазын алдым _____________________________________________________ ______________
(Ф.А.А.) (колу)
20___-ж. "____" ______________
|
| Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жеке жана юридикалык жактарга, башка уюмдарга карата экстремисттик материалдарды таратууга жана экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол берилбестигин көрсөткөн эскертме берүүсүнүн тартибине 5-тиркеме |
Прокурорго ______________________________________
_______________________________________________
_______________________________________________
_______________________________________________
Сизге ____________________________________________________________________________
__________________________________________________________________________________
(Ф.А.А., туулган жылы, жашаган жери)
___________________________________________________________________________ карата
_______________________________________________________________ беренесине ылайык
_________________________________________ (жасалган бузуулардын кыскача баяндамасы)
"Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын
бузгандыгы жөнүндө эскертме жарыялангандыгын кабарлайбыз.
________________________ ____________________ ___________________________________
(кызмат орду) (колу) (Ф.А.А.)End_nocompare