Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
2023-жылдын 24-февралы № 40
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жөнүндө
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Ушул Мыйзам менен адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин коргоо жана Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу максатында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери, укуктук жана уюштуруучулук негиздери аныкталат.
1-глава. Жалпы жоболор
1-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн укуктук негизи
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, ушул Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.
2-берене. Ушул Мыйзамдын милдеттери
Ушул Мыйзамдын милдеттери төмөнкүлөр үчүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерди аныктоо жана белгилөө болуп саналат:
1) экстремисттик иштин алдын алуу, аныктоо, бөгөт коюу жана ушул жосундарды жасоого өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды жоюу;
2) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүчү субъекттердин мамлекеттин ичинде өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү;
3) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
3-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн негизги принциптери
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү төмөнкү принциптерге негизделет:
1) укуктун үстөмдүгү;
2) мыйзамдуулук;
3) адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жана камсыз кылуу;
4) жынысы, расасы, тили, майыптыгы, этностук таандыгы, диний ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлабоо;
5) коомдук, анын ичинде улуттар аралык, этностор аралык жана конфессиялар аралык ынтымак;
6) экстремисттик иштин алдын алууга (профилактикалоого) багытталган чаралардын артыкчылыгы;
7) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө мамлекеттин юридикалык жана жеке жактар, ошондой эле эл аралык жана башка уюмдар менен кызматташтыгы.
4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр
Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
1) экстремисттик иш:
а) төмөнкүлөргө багытталган жосундарды пландоо, уюштуруу, даярдоо жана жасоо боюнча иш-аракеттер:
- бийликти күч менен басып алуу;
- бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар;
- сепаратисттик иш;
- куралдуу козголоң;
- расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык касташууну (араздашууну) козутуу;
- экстремисттик уюмду түзүү жана (же) анын ишине катышуу;
- экстремисттик уюмду же экстремисттик ишти каржылоо;
- экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу;
- экстремисттик материалдарды сактоо;
- экстремисттик уюмдун атрибуттарын жана символдорун пайдалануу;
б) зомбулук менен коштолгон же Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында ушундай деп таанылган зомбулук иш-аракеттерге алып келүүчү экстремисттик жүйөлөр боюнча башка жосундарды жасоо;
2) экстремисттик уюм:
а) экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максаты менен уюшулган топ;
б) экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жоюу жана (же) ишине тыюу салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын сотунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими кабыл алынган юридикалык жак же болбосо башка уюм;
3) экстремисттик материалдар - ар кандай алып жүрүүчүлөрдө жайылтууга арналган, экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу зарылдыгына чакырган, негиздеген же актаган, сот тарабынан ушундай деп таанылган маалыматтык материалдар;
4) экстремисттик уюмдун атрибуту жана символу - экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу сот аны жоюу же анын ишине тыюу салуу жөнүндө чечим чыгарган уюмдун атрибуту жана символу. Экстремисттик уюмдун атрибутун жана символун илимий-изилдөө максатында гана пайдаланууга жол берилет;
5) экстремисттик иштин алдын алуу (профилактикалоо) - экстремисттик иштин пайда болушуна жана жайылышына өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды аныктоо, изилдөө, жоюу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлүүчү укуктук, экономикалык, социалдык, уюштуруучулук, билим берүүчүлүк, тарбиялык, агартуучулук жана башка чаралардын комплекси;
6) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү - мамлекеттик органдардын улуттук коопсуздукту камсыз кылууга, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, конституциялык түзүлүштүн негиздерин экстремисттик иштен коргоого, экстремисттик иштин алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга жана анын кесепеттерин жоюуга багытталган иши;
7) эскертме - экстремисттик багыттагы кылмыштардын белгилери жок болгондо экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактарга жана башка уюмдарга карата чыгарылуучу, экстремисттик материалдарды жайылтуунун жана экстремисттик ишти жүргүзүүнүн жол берилбестигин көрсөтүүчү расмий документ. Эскертменин формасы жана аны чыгаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
5-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык
Кыргыз Республикасынын экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдары улуттук мыйзамдарга ылайык жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде чет мамлекеттердин укук коргоо органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенет.
2-глава. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү уюштуруунун негиздери
6-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жана алдын алуу субъекттери жана алардын компетенциялары
1. Кыргыз Республикасында мамлекет жана анын органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү субъекттери болуп саналат.
2. Кыргыз Республикасынын Президенти экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө аткаруу бийлигинин органдарынын ишин башкарат жана жетектейт.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө программаларды (пландарды) иштеп чыгууну уюштурат жана бекитет жана аларды ишке ашыруу үчүн зарыл чараларды көрөт;
2) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик органдардын компетенцияларын аныктайт;
3) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын экстремисттик иштин алдын алуу боюнча өз ара аракеттенүүсүн уюштурат;
4) мамлекеттик органдардын экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ишин зарыл күчтөр, каражаттар жана ресурстар менен камсыз кылууну уюштурат;
5) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө жобону бекитет.
4. Мамлекеттик органдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган компетенциялардын алкагында экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жана алдын алууну жүзөгө ашырышат.
5. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
1) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен биргеликте экстремисттик ишти жалпы алдын алуу, ошондой эле анын көрүнүштөрүнүн кесепеттерин азайтуу жана (же) жоюу боюнча иш-чараларды жүргүзүүгө катышат;
2) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар менен биргеликте жарандардын экстремисттик ишти кабыл албоосун калыптандыруу максатында, экстремисттик иштин маңызын жана анын коомдук коркунучтуулугун түшүндүрүү боюнча маалыматтык-агартуучулук иш-чараларды уюштурат жана жүргүзөт;
3) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар экстремисттик иш жөнүндө өздөрүнө белгилүү болгон маалыматтар жөнүндө, ошондой эле алар жөнүндө маалымат экстремисттик иштин алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, анын кесепеттерин жоюуга жана (же) азайтууга көмөк көрсөтүшү мүмкүн болгон кандай болбосун башка жагдайлар жөнүндө маалымдайт.
6. Кыргыз Республикасынын ички иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик органы экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуучу жана ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп саналат.
7. Кыргыз Республикасынын ички иштер жана улуттук коопсуздук мамлекеттик органдары экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар болуп саналат.
7-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия
1. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссия коллегиалдуу консультативдик-кеңешүүчү орган болуп саналат, ал экстремисттик ишке натыйжалуу каршы аракеттенүү үчүн мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн уюштуруу жана ишин өркүндөтүү боюнча чечимдерди кабыл алат.
2. Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын ишин камсыз кылат жана анын чечимдеринин аткарылышын контролдойт.
8-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүдө аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын компетенциялары
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өз компетенцияларынын чегинде төмөнкүлөр боюнча иш жүргүзөт:
1) экстремисттик багыттагы кылмыштарды алдын алуу (профилактикалоо), аныктоо, бөгөт коюу;
2) экстремисттик ишке өбөлгө болуучу себептерди жана шарттарды талдоо жана болжолдоо;
3) экстремисттик ишке каршы аракеттенүү, анын алдын алуу (профилактикалоо) боюнча чараларды иштеп чыгуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ишке ашырылышынын мониторинги;
4) жазаларды аткаруу (өтөө) мезгилинде экстремисттик ишке жана соттолгондорду экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн тартууга каршы аракеттенүү;
5) экстремисттик багыттагы кылмыштарды жасаганы үчүн жазасын өтөп жаткан адамдарды түзөтүү жана кайра социалдаштыруу үчүн шарттарды түзүү;
6) диний кырдаалды, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган, маалыматтык-үгүт иш-чараларын жүргүзүүчү диний уюмдардын, бирикмелердин, чет өлкөлүк уюмдардын миссияларынын (өкүлчүлүктөрүнүн) жана миссионерлердин (чет өлкөлүк диний уюмдардын үгүтчүлөрүнүн) ишин изилдөө жана талдоо;
7) экстремисттик иштин белгилерин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизаларды жүргүзүү;
8) мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысынын негизинде жайылтууга тыюу салынган маалыматтарга жетүүнү чектөө боюнча электр байланыш операторлоруна жана жалпы пайдалануудагы электр байланышы кызматтарына жүктөлгөн милдеттенмелердин аткарылышын камсыз кылуу;
9) интернет тармагынын мейкиндигинде экстремисттик материалдардын жайылышын болтурбоо максатында ушул тармактын мониторингин жүзөгө ашыруу;
10) террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү;
11) билим берүү уюмдарында, жаштар чөйрөсүндө экстремисттик иштин жайылышынын алдын алуу; жаштарды толеранттуу дүйнө таанымына, алардын улутуна, динине, социалдык, мүлктүк абалына жана башка жагдайларга карабастан бардык адамдарга сабырдуу мамилеге жасоого тарбиялоо; окуучулардын экстремисттик ишти кабыл албоосун калыптандырууга багытталган, жаштардын экстремисттик ишке аң-сезимдүү каршы туруусуна түрткү берүүчү программалардын ишке ашырылышын камсыз кылуу;
12) чет мамлекеттердин мамлекеттик органдары жана тиешелүү компетенттүү органдары, ошондой эле эл аралык уюмдар менен кызматташуу;
13) экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнүн башка багыттары.
9-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жана алдын алуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялоо
Кыргыз Республикасында экстремисттик ишке каршы аракеттенүү жана алдын алуу (профилактикалоо) боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялоону Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жүзөгө ашырат.
10-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдарга көмөк көрсөтүү
Жеке жана юридикалык жактар, башка уюмдар мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына экстремисттик ишке каршы аракеттенүүгө жана алдын алууга (профилактикалоого) ыктыярдуу көмөк көрсөтүшөт.
3-глава. Экстремисттик иштин алдын алуу жана бөгөт коюу
11-берене. Экстремисттик материалдарды жайылтууга жол бербөө
Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган экстремисттик уюмдардын аудио-, видео жазууларын, басма жана башка материалдарын, сот тарабынан экстремисттик деп таанылган кандай болбосун маалыматтык материалдарды, авторлору эл аралык-укуктук актыларга ылайык тынчтыкка жана адамзаттын коопсуздугуна каршы кылмыш жасаганы үчүн соттолгон адамдар болгон материалдарды басып чыгарууга, ташууга, жөнөтүүгө, жайылтууга жана сактоого тыюу салынат.
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
12-берене. Экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максатында электр байланыш тармактарын пайдаланууга жол бербөө
1. Кыргыз Республикасынын аймагында электр байланыш тармактарын экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу максатында пайдаланууга тыюу салынат. Электр байланыш тармактарында жана байланыш каражаттарында камтылган маалыматтарды таратууга тыюу салуу соттун чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат.
2. Эгерде электр байланыш тармактары экстремисттик ишти жүзөгө ашыруу үчүн пайдаланылган учурда, ушул Мыйзамда аныкталган чаралар Кыргыз Республикасынын байланыш жаатындагы мыйзамдарында белгиленген ченемдерге ылайык колдонулат.
13-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик иштин алдын алууга көмөк көрсөтүүсү
Жалпыга маалымдоо каражаттары экстремисттик иштин алдын алуу боюнча маалыматтык-агартуу иш-чараларын өз алдынча да, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүү менен да жүзөгө ашырат.
14-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын экстремисттик материалдарды таратканы үчүн жоопкерчилиги
1. Жалпыга маалымдоо каражаттары экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда, жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарында каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат адамдарына карата тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында кабыл алынган чечимдин жыйынтыктары боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ушул жалпыга маалымдоо каражатынын жетекчисине жана (же) уюштуруучусуна бузууларды көрсөтүү менен, жазуу жүзүндө эскертме жарыяланат.
Эскертме жалпыга маалымдоо каражатынын ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланган болуп эсептелет.
Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертме алган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүсү тийиш.
Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз четтетүү боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды четтетүү үчүн эскертме алынган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.
2. Эскертменин көчүрмөсү маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга маалымат, талдоо жана маалыматтарды жалпылоо үчүн жөнөтүлөт.
3. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.
4. Эгерде белгиленген мөөнөттө жол берилген бузууларды четтетүү боюнча чаралар көрүлбөгөн же болбосо жыл ичинде экстремисттик материалдарды таратуунун жаңы фактылары (же болбосо жалпыга маалымдоо каражатынын ишинде экстремисттик иштин белгилери болгонун күбөлөндүргөн фактылар) кайталап табылган учурда, тиешелүү жалпыга маалымдоо каражатынын ишин токтотуу жөнүндө маселе сот тарабынан каралууга жатат.
5. Сотко доо арызы материалдардын, тиешелүү экспертизалардын корутундуларынын, эскертме чыгарган экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу' мамлекеттик органдын өтүнмөсүнүн негизинде, прокуратура органдары тарабынан киргизилет.
6. Экстремисттик материалдарды андан ары таратууга жол бербөө максатында, сот прокуратура органдарынын доо арызынын негизинде аларды чыгарууну жана сатууну токтото туруу жөнүндө чечим чыгарат.
7. Соттун чечими жалпыга маалымдоо каражатынын экстремисттик багыттагы материалдарды камтыган продукциясын бардык алып жүрүүчүлөрдө жана маалыматтык ресурстарда андан ары жок кылуу үчүн алып коюу үчүн негиз болуп саналат.
15-берене. Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануунун тартиби
1. Маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу сот тартибинде жүзөгө ашырылат.
2. Сотко маалыматтык материалдарды экстремисттик деп таануу жөнүндө арыз прокуратура органдары тарабынан берилет.
3. Сот экстремисттик деп тааныган маалыматтык материалдардын реестринде жок маалыматтык материалдарда экстремисттик иштин белгилеринин сот тарабынан белгилениши үчүн эксперттик уюмда же болбосо эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат.
4. Экстремисттик материалдардын тизмесине киргизилген маалыматтык материалдар Кыргыз Республикасынын аймагында таратылууга жатпайт. Бул маалыматтык материалдар алып салынууга, жок кылынууга же интернет тармагында аларга жеткиликтүүлүк чектелүүгө тийиш.
5. Сот экстремисттик деп тааныган маалыматтык материалдардын реестри Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлөт жана анын расмий сайтында тутумдуу жаңыртылып турулушу тийиш.
16-берене. Юридикалык жактардын же башка уюмдардын экстремисттик материалдарды таратууларынын жол берилбестиги жөнүндө эскертүү
1. Юридикалык жактар же башка уюмдар экстремисттик материалдарды тараткан же сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын иш-аракеттерин ачык жактырган учурда, юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда каралган тартипте тергөөгө чейинки текшерүү жүргүзүлөт.
Юридикалык жактын же башка уюмдун кызмат адамдарына карата тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында кабыл алынган чечимдин жыйынтыктары боюнча экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган мындай иш-аракеттердин жол берилбестиги жөнүндө эскертме чыгарат.
Эскертме юридикалык жактын же башка уюмдун ыйгарым укуктуу адамы тарабынан алынган учурдан тартып жарыяланган болуп эсептелет.
Эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузуулар эскертме алынган күндөн тартып токтоосуз четтетилүүсү тийиш.
Эгерде жол берилген бузууларды токтоосуз жоюу боюнча чараларды көрүү мүмкүн болбогон учурда, эскертмеде бул бузууларды четтетүү үчүн эскертме алынган күндөн тартып он күндөн ашпаган кошумча мөөнөт белгиленет.
2. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын эскертмесине сотко даттанылышы мүмкүн.
3. Эгерде юридикалык жак же башка уюм тарабынан белгиленген мөөнөттө эскертмеде көрсөтүлгөн жол берилген бузууларды жоюу боюнча чаралар көрүлбөсө, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, алардын ишин токтотуу жөнүндө сотко доо арызын берүү жөнүндө маселени кароо үчүн материалдарды прокуратура органдарына жөнөтөт.
4. Юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмүнө юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине жоюу тууралуу маалыматтарды киргизүү үчүн катталган жери боюнча жөнөтүлөт.
5. Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун миссиясы (өкүлчүлүгү) дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурда, мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
17-берене. Жеке жакка карата алдын алуу иш-чаралары
1. Жеке жактар (жарандар, чет өлкөлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар) тарабынан экстремисттик материалдарды таратууга жол бербөө максатында, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө мыйзамдарда каралган алдын алуу иш-чараларын жүргүзөт.
2. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
3. (КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2025-жылдын 28-июлундагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
18-берене. Юридикалык жакты же башка уюмду экстремисттик деп таануунун тартиби
1. Юридикалык жак же башка уюм соттун чечиминин негизинде экстремисттик деп таанылат жана мажбурланып жоюлууга жатат.
2. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан юридикалык жакты же башка уюмду сот тарабынан экстремисттик деп таануу үчүн алардын экстремисттик ишке катышканын бышыктаган маалыматтар жана фактылар негиз болуп саналат.
Сот тарабынан юридикалык жактын же башка уюмдун ишинде экстремисттик иштин белгилеринин бар экенин аныктоо үчүн, эксперттик уюм же эксперттик уюмдан тышкары жүргүзүлгөн тиешелүү экспертизанын корутундусу талап кылынат.
3. Юридикалык жакты же башка уюмду экстремисттик деп таануу жана аны мажбурлап жоюу жөнүндө, ошондой эле анын атрибуттарын жана/же символдорун пайдаланууга тыюу салуу тууралуу сотко доо арыз прокуратура органдары тарабынан жөнөтүлөт.
4. Сот экстремисттик деп тааныган юридикалык жакты мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, катталган жери боюнча юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине жоюу жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн юридикалык жактарды каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү бөлүмүнө жөнөтүлөт.
5. Эгерде диний уюм же чет өлкөлүк диний уюмдун өкүлчүлүгү дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган учурда, мажбурлап жоюу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү диний уюмдардын бирдиктүү реестринен чыгаруу үчүн дин иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүлөт.
6. Эгерде Кыргыз Республикасынын соту чет өлкөлүк же эл аралык уюмду (анын бөлүмүн, филиалын, өкүлчүлүгүн) экстремисттик деп тааныган учурда, бул уюмдун Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишине тыюу салынат, ал эми анын бөлүмдөрү, филиалдары, өкүлчүлүктөрү жоюлат.
7. Сот тарабынан экстремисттик деп таанылган уюмдардын реестри Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлөт жана анын расмий сайтында тутумдуу жаңыртылып турулушу тийиш.
19-берене. Тынч чогулуштарды өткөрүүдө экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга жол бербөө
Тынч чогулуштарды өткөрүүдө экстремисттик ишти жүзөгө ашырууга, экстремисттик уюмдун символун же атрибутун пайдаланууга, ошондой эле экстремисттик материалдарды таратууга жол берилбейт.
Бул иш-чаралар тынч чогулуштарды өткөрүүнү жөнгө салуучу мыйзамдарга ылайык уюштурулат жана өткөрүлөт.
4-глава. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
20-берене. Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулукту көзөмөлдөө
Экстремисттик ишке каршы аракеттенүүнү жүзөгө ашырууда мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана прокурорлор жүзөгө ашырышат.
5-глава. Корутунду жоболор
21-берене. Корутунду жоболор
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 28-февралындагы № 15 жарыяланды
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 17-августундагы № 150 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2005-ж., № 11, 901-ст.);
2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 20-февралындагы № 60 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 2, 133-ст.);
3) "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 8-майындагы № 66 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2013-ж., № 5, 495-ст.);
4) "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-февралындагы № 32 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 2, 93-ст.);
5) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексине, "Экстремисттик аракеттерге каршылык көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 815-ст.);
6) "Терроризмге жана экстремизмге каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 2-августундагы № 162 Мыйзамынын 5-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 7, 880-ст.).
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н.Жапаров |
|
|
|
2023-жылдын 12-январында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |