Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2023-жылдын 18-сентябры № 478
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 212 «Кыргыз Республикасынын ишкерлеринин статусун жана беделин жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 12-июлундагы № 384 «Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспортторунун жобосун, сүрөттөмөсүн жана үлгүсүн бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын дипломаттык жана кызматтык паспорттору жөнүндө жободо:
- 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 10, 11-пунктчалар менен толукталсын:
«10) Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган «Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери» ардак наамынын ээлерине;
11) юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте катталган ишкердик субъекттердин жетекчилерине, мында ишкердик субъекттин жетекчиси Кыргыз Республикасынын жараны болууга, ал эми ишкердик субъекттер төмөнкүдөй критерийлерге ылайык келүүгө тийиш:
- Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерине карызы жоктугу;
- жылына 5 (беш) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды экспорттоо;
- ишкердик субъекттин жетекчисине карата козголгон кылмыш иштери же белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу жоктугу.»;
- 12-пункттун биринчи абзацындагы «4-пунктчасында аталган» деген сөздөр «4, 10 жана 11-пунктчаларында аталган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 151-пункт менен толукталсын:
«151. Ушул Жобонун 10-пунктунун 10, 11-пунктчаларына ылайык кызматтык паспорт таризделүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук кызматка төмөнкүдөй документтерди берүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин паспорт алуучунун фамилиясын, атын жана ээлеген кызмат ордун көрсөтүү менен жетекчинин колу коюлган кызматтык паспортту тариздөө жөнүндө жазуу жүзүндөгү өтүнүчү;
- Кыргыз Республикасынын улуттук паспортунун түрлөрүнүн биринин көчүрмөсү;
- 4x6 см өлчөмүндөгү сүрөт менен ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган карточка, бир нускада;
- ички иштер чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан берилген соттуулугу бар/жок экендиги жөнүндө маалымкат;
- "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери" ардак наамын ыйгаруу жөнүндө документтин көчүрмөсү (ыйгарылган учурда);
- ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан берилген республикалык жана жергиликтүү бюджеттин алдында карызынын жоктугу жөнүндө маалымкат;
- бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ырасталган 5 (беш) миллион сомдон кем эмес өлчөмдө Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларды экспорттоо жөнүндө документ;
- ата мекендик компаниянын персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлгөн кызматка дайындалгандыгын ырастоочу документтин көчүрмөсү.
Консулдук кызмат Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык форма боюнча толтурулган анкетаны жөнөтүү аркылуу тиешелүү паспортту тариздөө үчүн каршы пикирдин же компроматтык маалыматтын жоктугу жөнүндө суроо-талапты жиберет.»;
- 30-пункттун экинчи абзацы «5-пунктчаларына» деген сөздөрдөн кийин «, 10-пункттун 10, 11-пунктчаларына» деген сөздөр менен толукталсын;
- жогоруда аталган Жобонун 2-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 18-глава менен толукталсын:
«18-глава. Кыргыз Республикасынын ишкердик субъекттери
«Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишкери» ардак наамынын ээси
Ишкердик субъекттин жетекчиси».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2023-жылдын 26-сентябрындагы № 77 (3526) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.У . Жапаров |